СҮЙҮҮГӨ ЖАҢЫ ДЕМ БЕР!

..."Чогуу эс алуу дегенди билбей калдык".

..."Күйөөмдүн жумшай бергени жакпайт".

..."Бизде сүйлөшүп отуруу деле болбой баратат".

Эки адамдын ортосундагы мамиле – бул процесс, аны бир жолу биротоло түзүп коюуга болбойт. Шарт, мүмкүнчүлүктөр өзгөрөт жана убакыттын өтүшү менен жан шерикке карата сезимдер да басаңдай берет. Башкача айтканда, сезимдер тиричиликке орун бошото баштайт. Андыктан ортодогу сүйүүнү жандандырып, ага жаңы дем берип, мамилени бекемдеп туруу керек. Бирок кантип?

ӨЗҮҢҮЗДҮ ӨЗГӨРТҮҢҮЗ

Мамилени жандандыруунун бир жолу – сырткы көрүнүштү жана жүрүм-турумду өзгөртүү. "Менден кайда кетмек эле?" деп ойлоп, өзүн карабай коюуну жыйыштыруу. Жаңы чач жасалга же кийимдеги жаңы образ түгөйүңүздү сизди башкача көз караш менен кароого аргасыз кылат. Бирок сырттан гана эмес, ичтен өзгөрүү да керек. Мисалы, майда кемчиликтерине көз жумуп коюуну адатка айлантыңыз, көбүрөөк жылмайыңыз. Комплименттерди айтыңыз. Булар эротикалык массаждан да мыкты таасир этип, сезимдерди жаңы бийиктикке көтөрөт.

Аялдар жумуштан келген күйөөсүн эски халат менен чачтары саксайып, эшикти ачары менен негативдүү нерселерди айтып тосуп алууну токтотуусу керек. Күйөөнү жакшы тосуп алып курсагын тойгузуп, анан жай отуруп маселелерди талкуулашы зарыл. Мындай мамиле да сезимдерди өчүрбөй кармап турат.

БИРИ-БИРИНЕ КОЛДОО КӨРСӨТҮҮ

Бири-бирин колдогон жубайлардын мамилеси абдан бекем болот. Эгер аялыңыз бошобой жатса, анда идиш жууп койгонго эмнеге болбосун?! Бир караганда болбогондой жардам сезилгени менен, жан шеригиңиз жогору баалайт. Эгер жан шеригиңиз арыктайм десе колдоңуз, канча күндө канча килограмм арыктоону чогуу чечиңиздер. Жыйынтыгында сүйүктүүңүз сизге ыраазы болот. Жубайларга төмөнкү иштерди да чогуу жасоо сунушталат: тамак-аш сатып алуу, үй жыйноо (эркектер чаң соргучту колго алса болот), тамак-аш жасоо (эркектер жок дегенде картошка аарчышып, сүйлөп берип турса да жакшы).

Алайлык блогер Жаркынбай Кошбаевдин жамгырда сыртта уй саап жаткан аялына кол чатыр кармап берип турган сүрөтү интернетке таркап, эң көп алкоо алган. Анткени кеп идиш жуушта, же картошка аарчууда, же кол чатыр кармап берүүдө эмес, кеп мамиледе. Мына ушундай билинбеген колдоолор да ортодогу мамилени чыңдайт.

ЖОЛУГУШУУ УЮШТУРУУ

Баш кошо электеги жолугушууларды унута элексизби? Сүйүктүүңүздү өзүңүзгө тартуу жана ага жагуу үчүн жасалган аракеттер жана толкундоолор... Нике мурун кубаныч тартуулаган нерселерди унутууга шылтоо эмес. Андыктан баш кошконуңуздарга 5, 10 жылбы же 20 жылбы, айырмасы жок, жолугушуу уюштуруңуз. Мисалы, жумуштан чыгып жан шеригиңизди кинотеатрга, кафеге же чогуу сейилдөөгө чакырып, аны күтүп алыңыз. Жолугушууга чакыруу баштапкы сезимдерди ойготуп, таттуу кезди эске салып, жылуу мамилени жандандырат.

ЧОГУУ ЭС АЛУУ

Күнүмдүк тажатма жашоого боёк кошуу өзүңүздүн колуңузда. Андыктан мезгил-мезгили менен бирде түгөйүңүз, бирде балдар менен чогуу эс алуу уюштуруңуз. Мисалы, тоого чыгуу, лыжа тебүү, Кыргызстандын кооз жерлерине, болбосо чет өлкөгө саякаттоо. Мындай эс алууда жаратылыштын сонун көрүнүшү, күндүн кызарып батышы, балбылдап күйгөн оттун жанында жылдыздарды карап отуруу, чогуу тамак даярдоо... Булардын баары көңүлдү көтөрүп, адамдарды жакындатат, мамилелерди чыңдайт.

МААНИЛҮҮ ДАТАНЫ БЕЛГИЛӨӨ

Мисалы, биринчи таанышкан же баш кошкон күн. Кечинде балдарды уктатып коюп, ошол жагымдуу күндү эстеп, фотоальбомду барактап баарлашууга эмнеге болбосун? Айтылгандар мурунку романтиканы жандандырып, таарынычтарды унуткарып, мыкты жыйынтыкка жеткирет.

БЕЛЕК, СЮРПРИЗ

Убак-убагы менен чакан болсо да бири-бириңизге белек тартуулап туруңуздар. Кеп баасында эмес, көңүлдө. Сиздин мамиледен улам түгөйүңүз өзүн сизге кымбат жана эң жакын адам экендигин сезип турушу керек. Мисалы, учурда ага эмне керек болуп жатса, ошону алып берсеңиз болот.

ТААСИРЛЕР МЕНЕН БӨЛҮШҮҮ

Кечки тамак же кечки сейилдөө учурунда же жатарда бир күн ичиндеги жаңылыктар, кызыктуу окуялар, жиниңизди келтирген нерселер менен бөлүшүүнү адатка айландырыңыз.

Негизи күнүмдүк тажатма иш, өнөкөт чарчоо чын дилден баарлашууга убакыт, күч, каалоо да калтырбайт. Ошентип түгөйлөрдүн бири-бирине болгон жылуулук, жакындыгы азаят. Андыктан баарлашуу, сезимдерди бөлүшүү эки адамды жакындаштырарын унутпаңыз. Сүйүү кайыгы тиричиликке урунуп кыйрабашы керек.

ЖАКШЫ КӨРҮҮНҮ БИЛДИРИП ТУРУУ

Түгөйлөр бири-бирине үйгө эмне азык-түлүк керек экендигин сурап, же маселе чыкканда гана акылдашуу үчүн чалбастан, бош убакта деле чалышып, жазышып бири-биринин көңүлүн алып турушу кажет. Бул ортодогу жылуулукту күчөтөт.

Жубайлар бири-бирине күндүз да жакшы көрөрүн, сагынганын айтып СМС жазып турушса болот. Анткени жагымдуу билдирүүлөр көңүлдү көтөрөт.

ТААРЫНЫЧТЫ ЭРТЕҢКИГЕ КАЛТЫРБОО

Жакшы баарлашуу үчүн уга билүү кажет. Көпчүлүк адамдар жооп берүү үчүн угат. А сиз түгөйүңүздү түшүнүү үчүн угуңуз. Үй-бүлөдө уруш-талаш болбой койбойт. Бирок уруш болуп жатканда ачууга алдырып, артында өкүнүп кала тургандай сөз айтпаңыз. Жүрөктү жаралаган сөздөрдү айтуунун ордуна "кел, жай отуруп көйгөйдү кантип чечсе болорун ойлонуп көрөлү?" деңиз. Негизи урушуп калганда урушту созбоону, таарыныч, ызаны эртеңкиге калтырбоону адат кылуу зарыл. Уруштун аягы түшүнүшүү, кечирим сурашуу, кучакташуу менен аякташы абзел. Бул ортодогу мамилени талкалабай, эки адамды бири-бирине жакын кармап, сезимдердин суубай турушуна шарт түзөт.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
mirlanpiter
2020-02-24 16:25:07
Аялыма жакшы мамиле кылсаң да тескери кабыл алат кээде, романтик эмес окшойм анча
0
Qwerty2018
2020-02-24 20:48:09
Омээй антсен биздин аялдар жинди болдунбу дейт жэ башына чыгып тушпой коет.
-10
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-02-26 10:05:57
Qwerty2018, оюңузду өзгөртүп көрүңүз
+3
Aituwas
2020-02-25 00:15:09
Ээх ушуну менин эрим окуса го ..пабжы ойноп эле отурат
+7
radostmoya
2020-02-25 11:00:07
Картошка аарчымак түгүл тамак жасагандан тажаган күндөрү өзззүм жасап берейин деп эле киришип калат. Жетишпей жаткан учурда чачылган жерди жыйнай коюп, менлен таза жасайт баарын. Эхх.. миң мертебе шүгүр, ушундай күйөө үчүн!!! Аллах Таалам өмүрүн узуууун кылып, тең арытып, тең карытса экен...
+5
mirkaa5182
2020-02-26 00:46:19
жаным кайдагы сүйүү, соолуду го сага арналган сүйүүнүн гүлү
+1
kana-ara-fi
2020-02-26 16:20:18
Шаарда только озунчо болуп жашасак менин куйоом да ушундай мамиле кылып , жардам берсе керек эле...бирок кайын журт менен жашайбыз азыр тамак жасоо,картошка аарчуу бул жакта турсун тандыр агартып бергенден уялат кошуналар корот, апамдар не дешет деп. Уйдо озубузчо калганда анан жардам берип калат анча мынча)))
0
loshad
2020-04-09 09:53:40
Сүйүүнүн баркы - жетпей калганда билинет. Баатырдын атын алыстан ук - жанына барсаң бир киши дегендей эле. Сулууга жетип алып аны баркташпайт. Жигитин сүйүп турмушка чыгып алып кажыгандар андан көп. Андан көрө ошо сүйгөнүнө жетпей калса, өмүр бою сүйүп жүрүп өтөт. Алыстан атын угуп коюп. Жетип калса баягы эле көр турмуш ырк кетирет
0
№ 903, 20-26-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан