ИНТРИГАДАН АЛЫС ХЁН БИН

Учурда атактуу болуп жаткан «Сүйүүнүн авариялык конуусу» дорамасы рейтингдин сап башынан түшпөй турган чагы. Сиз дагы ар аптанын ишемби, жекшембисин күтүп, Ри Жун Хёк менен Юн Се Ринин сүйүү баянын көрдүңүзбү? Келишимдүү Ри Жун Хёктун ролун аткарган актёр Хён Биндин тасма талаасынан сырткаркы жашоосун билгиңиз келеби? Анда бул макаланы дал ушул келбеттүү Хён Бин мырзага арнадык.

Толук аты-жөнү: Ким Тэпён

Псевдоними: Хён Бин

Туулган жылы: 1982-жыл, 25-сентябрь

Туулган жери: Түштүк Корея, Сеул шаары

Үй-бүлөдө: агасы бар

Бою: 184 сантиметр

Жылдыз белгиси: Тараза

Үй-бүлөлүк абалы: Бойдок

ТЕНТЕК ТЭПЁНДУН АТА-ЭНЕСИНЕН ЖАШЫРГАН КЫЗЫГУУСУ

Ким Тэпён 1982-жылы 25-сентябрда Сеул шаарында жарык дүйнөгө келген. Ата-энеси жана агасы киноиндустриясына эч байланышы жок адамдар. Хён Бин бала кезинде иликтөөчү-детектив болууну кыялданчу.

Актёрлукка болгон кызыгуусу 6-классында пайда болгон. Мектептин коридорун чаңытып ойногон, классташтары менен ызы-чуу салганы үчүн мугалимдерден көп тил уккан бала өзүнөн улуу балдар менен достошуп калат. Бактыга жараша, ал балдар келечектеги актёрдун оң жолго түшүүсүнө себепкер болушкан. Мектептеги театр ийриминде чакан спектакль, сценкаларды ойногон балдарды көргөндө эле Тэпёндо ишенимдүү ой пайда болгон – ­ «болду, мен келечекте сөзсүз актёр болом!»

Бирок баласынын актёрлук чеберчиликке үйрөткөн ийримге барып жатканын билген ата-энеси анын кызыгуусуна караманча каршы болушат. Ха! Ким Тэпёнду эч ким токтото алмак эмес. Кичинесинен айтканынан кайтпаган баланын өжөрлүгү жеңип, мектеп менен токтоп калбай, театр жана искусство багытындагы жогорку окуу жайга тапшырган.

"ЖАН САКЧЫДАН" БАШТАЛГАН КАРЬЕРА

Кызыгы, учурда «Сүйүүнүн авариялык конуусу» дорамасында сүйгөнүн душмандардан коргогон, ал үчүн баарына даяр болгон, «мен сенин жан сакчыңмын! Дайыма менин көз алдымда бол» деген капитан Ринин ролундагы Хён Бин актёрлук карьерасын 2003-жылы «Жан сакчы» дорамасы менен баштаган. Чынында эле ага жан сакчынын ролу абдан жарашат, ээ, окурман? Ал эми аны көпчүлүккө тааныткан «Узун буттуу ага» тасмасы болгон. Андан сырткары Хён Бинди «Миллионердин алгачкы сүйүүсү», «Мен абдан бактылуумун», «Сүйлөшүүлөр» тасмаларынан, «Алар жашаган дүйнө», «Кар ханышасы», «Алдамчылар», «Альгамбраны эскерүү», «Сырдуу бакча» дорамаларынан көрө аласыз. «Сырдуу бакча» дорамасы ал үчүн жемиштүү болуп «Жылдын актёру», «Эң мыкты актёр», «Жылдын эң мыкты түгөйлөрү» деген наамдарды алып келген.

Учурда «Сүйүүнүн авариялык конуусу» дорамасына тартылып, жылдызы жанып турган чагы.

КАЙРЫМДУУЛУК ИШТЕРДИ КӨП КЫЛАТ

Хён Бин Түштүк Кореядагы эң атактуу жана мыкты актёрлордун ТОП-20сына кирет. Анын жүзү эң идеалдуу жүз деп табылып, келишимдүү жана бою узун актёрлордун сап башында турат. «Жылдыздан келген адам» аттуу дорама менен белгилүү болгон актёр жана модель Ким Су Хён менен катар эле көп киреше тапкан актёрлордун катарында. Ал дорамадагы ар бир серия үчүн 95 миң доллардан жогору гонорар алат. Ошондой эле кайрымдуулук иштерин көпчүлүккө жарыя кылбастан, жашыруун кылып келет. Хён Биндин күйөрмандары анын сый мамилесин, токтоо жана адилеттүү мүнөзүн жогору баалашат.

КОРЕЯНЫН ЭҢ СУЛУУ АЙЫМЫ СОҢ ХЕ КЙОНУН ЖҮРӨГҮН БАГЫНТКАН
Эсиңиздеби, 2016-жылы «Күндүн мураскерлери» дорамасы абдан популярдуу болгон. Андагы баш каармандар Соң Жуң Ки менен Соң Хе Кйонун мамилеси сүйүүгө, андан кийин үй-бүлө курууга жетип, жыл айланбай кайра эки жолго түшүшкөн. "Кореянын эң сулуу айымы" атыккан актриса Соң Хе Кйонун жүрөгүн багынткан мырзалардын катарында Хён Бин да бар. Экөөнүн сүйүү мамилеси 2008-жылдан 2011-жылга чейин уланган. "Жумуштагы тыгыз графикке байланыштуу мамилеге чекит коюлду" делгени менен, Хён Бин бул чечимди оор кабыл алып, бир топ жыл эч ким менен мамиле курган эмес. 2016-жылы гана актриса Кан Со Ра менен сүйүү мамилесинде экендигин ачыктаган. Бирок бул мамиле да түбөлүктүү болгон эмес.

2018-жылы Хён Бин менен актриса Сон Йе Жин баш каармандардын ролун аткарган "Сүйлөшүүлөр" тасмасы жарыкка чыкты. Сон Йе Жин тасмадагы өнөктөшү тууралуу "Хён Бинди биринчи жолу көргөндө чач жасалгасы, келбети, айтор, баары жарашыктуу болчу. Актрисалар тасмага тартылып жатып сүйүп калчу эркек экен деп ойлоп койгом" десе, актёр "тасмага тартылууга Сон Йе Жин макулдугун бергенин укканда мен да дароо макул дедим. Ал режиссёрдун талабы менен узун чачын кыска кылып кырктырып салды. Билишимче, бул кино бүткөндөн кийин ал башка долбоорго тартылмак. Бирок ал "тасмадагы каарман ушундай болуш керек" деди да, ойлонбой туруп чачын кесип салды. Мындайды профессионалдар гана кылат" деп эскергени бар. Бири-бирине жылуу сөз айтышкан артисттер тасмадан кийин да социалдык тармактардагы баракчаларын бош калтырбай, чогуу түшкөн сүрөттөрүн байма-бай жарыялап турушту. Керекпи, АКШда дүкөн кыдырып азык-түлүк алып жаткан учуру да папараццинин камерасына илинди. Бири-бирин "жылуу" тиктеген экөө "Сүйүүнүн авариялык конуусу" сериалында сүйүшкөндөрдүн ролун аткарышты. Артисттердин агенттиктери "экөө жөн гана дос" деп канча айтпасын, интернет айдыңында "Сүйүүнүн авариялык конуусу" аяктагандан кийин Хён Бин менен Сон Йе Жин баш кошушат экен" деген кеп тарап, экөөнөн кубанычтуу кабар күтүп жаткандар четтен чыгат.

ХЁН БИН ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР:

  • Көбүнчө классикалык стилде кийинүүнү жактырат;
  • Тасмаларда каскадёр жана дублёрдун кызматын колдонбойт;
  • Дүйнөгө атактуу актёр болгондугуна карабастан уялчаак;
  • Хён Бин деген аты «жаркыраган жылдыз» деген маанини түшүндүрөт;
  • Сууда сүзүү, футбол, баскетбол жана шахматка кызыгат;
  • Жаныбарларды жана балдарды зомбулуктан коргоо иштерине активдүү катышып, кайрымдуулук менен алектенет;
  • Досторунун ичинен эң эле оор басырыктуу жана сабырдуусу. Ошондой эле түнкү клубга барып көңүл ачууга кызыкпайт;
  • Хён Биндин аты аталган бир дагы ызы-чуулуу окуя катталган эмес.


Сезим Жумагулова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
akmanai
2020-02-24 14:22:33
Жакшы экен
+1
Nurliz11
2020-02-24 23:20:55
Ушул актёрдун инстаграм баракчасын таба албай койдум эч эле. Сон Йе Чжин менен аябай сонун пара да экоонун катышуусунда дагы сериялдарды кутобуз.
+1
happiness1999
2020-02-25 03:44:41
Nurliz11, инстаграм баракчасы жок да ошо
0
Sakura715
2020-02-27 14:00:24
Nurliz11,withhyunbin
0
gulzat85
2020-02-25 00:29:56
Ото сонун
+1
Ajara_13
2020-03-01 15:16:46
:-))❤️
+1
№ 903, 20-26-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан