Кытай бийлиги коронавирустан көп жабыркаган аймактардан чогулган акчаны дезинфекциялоону чечти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, банкноттор базарлардан, клиникалардан, коомдук транспорттордон жана коронавирус кеңири тараган жерлерден чогултулган. Ошондой эле Кытайдын борбордук банкы коммерциялык кредиттик уюмдарга оору жуккан райондон келген акчаларды өзүнчө сактоо көрсөтмөсүн берген. Акчаларды жууп, атайын нурдун жардамы менен тазалап, эки жума карантинге алышарын айтышты. Мындан сырткары акча тартыштыгынын алдын алуу үчүн 600 миллиард юанга жакын жаңы банкноттор чыгарылган.
Дамира Арстанова
koom@super.kg