Американын Crocs компаниясы KFC тез тамактануучу ресторандар тармагы менен биргеликте фаст-фуд сүйүүчүлөрү үчүн өзгөчө бут кийимдер коллекциясын чыгарды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аталган бут кийимдер коллекциясы жазында сатыкка чыгат. Бут кийимдин дизайны KFC стилинде жасалып, үстүнө куурулган тоок этинин, таманына фаст-фуддун контейнеринин сүрөтү түшүрүлгөн. Бут кийимди сатып алган кардарга кадимкидей куурулган тоок жыттанган канат формасындагы асем буюм кошо берилет.
Дамира Арстанова
koom@super.kg