СУУ ЧЕЧЕК – БАЛДАРГА АБА АРКЫЛУУ ЖУГУУЧУ ДАРТ

Кышында жана эрте жазда жайылуучу вирустуу оорулардын катарында балдарга мүнөздүү суу чечек дарты да бар. Дарт бир караганда коркунучтуу сезилбегени менен, өтүшүп кетсе баланы майыптыкка жеткирет. Дарттын жугуу жолу, дарылоо ыкмалары боюнча Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын балдардын жугуштуу оорулары кафедрасынын доценти Дамирахан Чыныева баяндайт.

ООРУ КЫШТА ЖАНА ЭРТЕ ЖАЗДА ПАЙДА БОЛОТ

Суу чечек (ветряная оспа) менен көбүнчө балдар, өзгөчө 1-7 жаш курактагылар жана кичинесинде аталган оору менен оорубаган чоң адамдар ооруйт. Дарт аба аркылуу жугат. Андыктан балдар бакчасында, мектепте, көп кабаттуу үйлөрдө жугуу коркунучу чоң. Дарт суук мезгилде, айрыкча кышта жана эрте жазда жайылат. Себеби бөлмөлөр талаптагыдай желдетилбей, жылуу болот да, вирустардын жашап, көбөйүшүнө шарт түзүлөт. Оорунун козгогучу: варицелла-зостер вирусу. Оорунун булагы болуп суу чечек, ошондой эле белдөөчү учук (опоясывающий герпес) менен ооруган адам эсептелет. Вирус организмге ооз, мурун, көздүн былжыры аркылуу кирет. Инкубациялык мезгили – 9-21 күн. Оору 5 күндөн 1-2 аптага чейин созулат. Оору белгилери билинер замат баланы төшөккө жаткырып, “Тез жардам” чакыруу зарыл. Дене табы 1-2 күндөп азыраак көтөрүлсө, анда баланы үйдө караса болот. Эгер дене табы 2 күндөн ашык абдан көтөрүлүп, түшпөсө же исиркектер ириңдеп кетсе, анда жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырып, дарылатуу кажет. Дарт менен бир жолу ооруган адам экинчи жолу оорубайт.

ИНКУБАЦИЯЛЫК МЕЗГИЛИ

Вирус организмге киргенден тартып белгилери билингенге чейинки убакыт 9-21 күндү түзөт.

БЕЛГИЛЕРИ

Дене таптын 37-40 градуска чейин көтөрүлүшү (балдардын кээ бирлеринде температурасы түшпөй 3-4 күнгө чейин кармалса, айрымдарда 5-6 күн бою түшпөйт)

Шалдыроо, баштын оорушу

Тамакка табиттин жоголушу

Чыйрыгуу, калтыроо

Бир эле мезгилде алакан жана тамандан башка дененин бардык бөлүгүндө кызыл тактардын пайда болушу (тактар чачтын арасына, ооздун ичине, жыныстык органдарга да чыгат)

Тактардын көлөмүнүн чоңоюшу жана ичинде суюктук бар исиркектерге айланышы

Исиркектердин кычышуусу

Дене табы көтөрүлгөн сайын жаңы тактардын пайда болушу

Исиркектердин жарылып, ордуларынын карттана башташы жана жок болушу

ДАРЫЛОО

Диета

Ичип-жегенге болбойт:

Ачуу, туздуу, кычкыл, ышталган тамак-аш

Таттуу. Анткени жегенде кычышуу күчөйт

Ичип-жегенге сунушталат:

Компот, шире, кайнатылган суу. Вирустун уулары денеден чыгышы үчүн суусундуктарды көп берүү зарыл.

Пюре, сүт жана сүттөн жасалган тамак-аштар

Дары-дармектер

Эгер балада калтырап-титирөө болбосо температураны түшүрүүнүн кереги жок. Организм өзү суу чечекке каршы иммунитетти иштеп чыгарат. Калтырап-титиреген учурда дене табын түшүрүүчү свеча же башка дары-дармек колдонсо болот.

Кычышууну басуучу антигистаминдик дары. Мисалы, диазолин

Исиркектер тырмагандан ириңдеп кетсе, антибиотик кошулуп берилет

Зелёнка (бриллиантовый зелёный) так пайда болгондо эле сыйпалбайт. Ал исиркектер жарылган соң орду кургашы үчүн сыйпалат. Зелёнканын ордуна вируска каршы чыгарылган дары майларды, мисалы, оксолин, ацикловир, же виферон сыйпаса да болот.

ООРУГАН БАЛАГА КАМ КӨРҮҮ

Башка балдарга оору жукпашы үчүн ооруган баланы өзүнчө бөлмөгө бөлүү керек. Бөлүп кармоо оорудан толук айыккандан кийин да 5 күнгө созулат.

Ысыкта бүдүрчөлөр абдан кычыштырат. Андыктан бала тердебей тургандай кылып, бөлмөнү салкын кармоо керек. Ич кийимдерин күндө алмаштырып, аларды жууп, үтүктөп кийгизүү керек. Бала айыкканда ал кийимдерди өрттөп салуу сунушталат. Баланын тырмагына көз салуу кажет. Кокус кир тырмагы менен тырманса, исиркектердин бети сыйрылып, бактериялар кирип кетет да, ириңдейт. Бул айыгууну кечеңдетет.

Суу чечекке каршы Кыргызстанда вакцинация жүргүзүлбөйт. Айрым чет өлкөлөрдө жүргүзүлөт.

Айтып кетчү нерсе, кызамык жана кызылча оорусунда да денеге кызыл тактар чыгат. Бирок суу чечектен айырмасы – ал оорулар жукканда балдардын көзү чылпактайт, жөтөлөт, мурдуларынан суу агат.

Суу чечек менен ооруган баладан вирус бул дарт менен кичинесинде оорубаган чоң адамга жугуп калган учурлар бар. Оору белгилери жана дарылануу жолдору жаш балдардыкы сыяктуу эле жүрөт. Кош бойлуу аялдар ооруп калса, анда дарт ичтеги балага терс таасирин тийгизбеши үчүн оору белгилери билинер замат врачка көрүнүү сунушталат. Дарылануу жолун врач айтып берет.


ООРУ ӨТҮШҮП КЕТСЕ

Дарт өтүшүп кетсе төмөнкү ооруларга алып келет:

• Энцефалит (баш мээнин сезгениши)

• Тамактын буулушу жана үндүн бузулушу (ветряный круп)

• Теринин ириңдеши

• Сепсис (кандын бузулушу)

• Гангрена (ткандардын өлүшү)

• Пневмония (өпкөнүн сезгениши)

 

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
BTFB93
2020-02-24 11:33:19
Жакшы маалымат. Жакшы кеңештер экен.
0
kana-ara-fi
2020-02-25 09:21:56
ооба жакшы маалымат экен. Мурдараак чыгарбапсыздар да... ((ушул кышта менин эки балам тен суу чечек болушту эле. Кудайга шугур кычыштырганын эске албаганда женил отту.
0
ayva
2020-02-25 09:51:55
Ох балдарыма кошулуп мен ооругам опоясывающий герпес болуп белим кыймылдата албай калгам жалдырап тошокто бир ай жаткам ошондо билдимго тошокто жаткан адамдын жаман корунгонун чиркиин...
0
Nestana95
2020-02-26 23:36:37
Биз уй булообуз м.н ветрянка болгон элек,,,женил болуптур,,,1 айлап уйдо жатканбыз сабакка барбай,жугузбайлы деп,,,,,
0
gul3ina
2020-02-28 21:17:55
Менин балдарым айыкканына 2 жума болду.Кудайга шүгүр жакшы болушту
0
aidinaernur
2020-02-29 00:01:11
Италиядабыз
Варичелла деп прививка алдык
0
№ 903, 20-26-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан