Дастан Разак уулу, актёр: «БУРАК ӨЗЧИВИТ МЕНЕН БИР ТАСМАГА ТАРТЫЛДЫМ»

Түрктөрдүн «Кайра жаралуу: Эртугрул» тарыхый сериалынын уландысы катары «Курулган Осмон» сериалы тартылууда. Сериалда кыргыз элинин боз үйү, кыргыз жоокерлеринин кийимдери көрсөтүлүп жатканы тууралуу гезиттин өткөн сандарында айтып бергенбиз. Дүйнөгө популярдуу болуп жаткан, башкы каармандын ролун атактуу актёр Бурак Өзчивит ойногон «Курулган Осмон» сериалына кыргыз жигити да тартылды. Ал тартуу учурундагы кызыктар тууралуу бизге айтып берди.

– Салам, Дастан! Түрк сериалына кантип тартылып калдың?

– Саламатсызбы? 2016-жылы ЖОЖдо тарых факультетинин магистратурасын бүтүргөм. Ошол эле жылы Түркиянын чет өлкөлүк студенттерге багытталган программасына катышып, өтүп кеткем. Ошондон бери Измир шаарында тарых боюнча докторантурада окудум. Докторантура окуу жана илимий изилдөөлөрдү жазуу боюнча эки багыттан турат. Ошол илимий изилдөөлөрүмө байланыштуу 3 жыл Измирде окугандан кийин Стамбул шаарына келдим. Стамбулда илимий изилдөөмө жардам бере турган көп материалдар бар, китепканалары мыкты, илгерки архивдер да бар.

Түркияда соңку учурларда тарыхый сериалдардын тартылуусуна Ван аймагындагы Улуу Памир айылында жашаган кыргыздардын ролу чоң болуп калды. Түркияда этно оюндарды, мааракелерди уюштурганда алардын кызматы чоң. Тарыхты, байыркы салттарды вандык кыргыздар ушуга чейин бекем сактап келишет. Мисалы, боз үй кыргыздарда гана сакталып калган. Ошондуктан түрк элинин этно мааракелеринде алар боз үйүн тигип, улуттук кийимдерин кийип, комузун чертип, тамактарын тартуулашат. Албетте, бул сыймык. Бүткүл дүйнөлүк Этно-спорт конфедерациясынын президенти, азыркы түрк президентинин баласы Билал Эрдоган да вандык кыргыздарды баалайт. Тыгыз байланышта болуп мааракелерди өткөрүүнү аларга тапшырат. Алардын арасында Кенан Айтач жана Ахмед Айтач деген вандык кыргыз агалар бар.

Мен 2018-жылы Улуу Памир айылына барып, бул эки инсан менен таанышып калдым. Айылда «Кайра жаралуу: Эртугрул» сериалында пайдаланылган курал-жарак, кийимдер, асем буюмдар бар экен. Кийин байланышта болуп жүрдүк. Ошентип 2019-жылы жаңы тасмада монгол улутундагы кол башчынын ролуна чакырылып калдым. Тактап айтканда, Ахмед Айтач сунуштап, сериалда роль жаратып калдым.

– Актёрлук да талантың бар беле?

– Актёрлук боюнча билим алган эмесмин. Буга чейин түрк ырчыларынын биринин клибине тартылып калгам. Дагы бир жолу түрк фильминин трейлерине тартылгам. Тасмада биринчи жолу образ жараттым.

– Сериалды тартуу учурунда кандай кызыктар болду? Образга кантип кирип жатасың?

– Кызыктар деле көп болгон жок. Тасма тартуу оор иш экенин сездим. Бир эле кадрды бир нече жолу тартууга туура келет экен. Монголдор түрк жерлерин басып алып, аларга зулумдук көрсөтөт. Келбетибиз окшош болгондуктан, биз монгол аскерлеринин ролун ойнойбуз. Сабап, уруп жатканыбызды көрүшкөн түрктөр кээде чындап эле жаман көрүп калышат (күлүп). Кичинекей балдар бизди көргөндө коркуп жол бошото калышат. Сериалга 15 чакты кыргыз жигити тартылууда. Алар жоокерлер. Мен жана дагы бир кыргыз жигит кол башчынын ролундабыз. Ат минип, кылыч менен салгылашкан каармандарды ойнойбуз.

– «Курулган Осмон» сериалында атактуу Бурак Өзчивит башкы ролдо эмеспи. Аны менен сүйлөшүп көрдүңбү?

– Жок, жекеме-жеке сүйлөшүп көргөн жокмун. Сүрөтүбүз да жок. Анткени тартылуу башталганда баарыбыздын чөнтөк телефонубузду алып коюшат. Башкы роль болобу, эпизоддук роль болобу, баарыбыздын телефон көтөргөнгө акыбыз жок. Бирок тартуучу топ менен чогуу тамактанып, чай ичип, чогуу отуруп жүрдүк. Алардын арасында Бурак Өзчивит да бар. Ал жөнөкөй эле адам. Көп учурда өзүнө тийиштүү эпизоддорго тартылып, дароо кетип калат. Көп көрүнбөйт.

– Тартылуу учурунда эң оору эмне болду?

– Тартуу учурунда бирөөгө көңүл бурганга деле жетишпейсиң. Сценарийдеги сөзүңдү так айтып, берилген ролду так аткаруу керек дегендин үстүнөн көп иштейбиз. Буюрса, тартуу иштери кыйынчылыксыз уланып жатат.

– Кыргыз жасалгалары, боз үйлөр вандык кыргыздардыкыбы же Кыргыз жеринен да алып барыштыбы?

– Башында бардык жасалгалар вандык кыргыздардын колунан чыккан экен. Азыр популярдуу болуп кеткендиктен түрктөр өздөрү да үйрөнүп алышыптыр. Алар да боз үй жасаганды билишет. Бир топ боз үй тигилди. Аларды түрк эли өздөрү жасашыптыр. Менимче, Кыргыз жеринен бул сериалга эч нерсе келген жок. Бирок мурунку тарыхый сериалга боз үйлөр алынып келинген деп айтышты.

Түрктөр өз маданиятын, тарыхын чагылдырган сериал тартып туристтерди тартып жатышат. Мисалы, тартуу учурунда кадимкидей декорация менен жасалгаланган тарыхый шаарларды куруп коюшту. Бирок тартылып бүткөндөн кийин ал шаарлар ошол боюнча калат деп айтып жатышат. Келечегин ойлоп туристтерден акча табуунун дагы бир оңой жолун түзүп коюшту. Биздин кыргыз элинде да ушундай болсо деген кыялдар жаралат.

– Өзүң, үй-бүлөң тууралуу айта кетсең...

– Мен Ош облусуна караштуу Алай районундагы Кабылан-Көл айылынан болом. Учурда 28 жаштамын. Алты бир туугандын төртүнчүсүмүн. Жакында үйлөнгөм. Учурда Стамбул шаарында жашайм. Кыргыз элиме ысык салам айтам.

– Маегиңе рахмат!

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
PrinsessaNuri
2020-03-02 17:28:00
Molodes!
+1
№ 904, 27-февраль - 4-март, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан