«СҮЙҮНЧҮ, СИЗ МАШИНА УТУП АЛДЫҢЫЗ!»

Мезгил үнү

Буга чейин уюлдук телефону жок эле күн кечирип келгенбиз. Бирок ал жашообузга болуп көрбөгөндөй ылдамдыкта жайылып кетти. Эми мектеп окуучуларынан баштап эңкейген карыга чейин чөнтөк телефон көтөрүшөт. Миңдеген адамдар күнүгө бирдик салмай менен алек. Бир жагы кабардын, байланыштын тездиги жакшы деңизчи, бирок акыркы мезгилде уюлдук телефонду пайдаланган шылуундар көбөйдү.

“ОРОЗОДО СООП ИЗДЕГЕН АДАММЫН”
"Сиз муздаткыч уттуңуз, түстүү телевизор утуп алдыңыз, бирдик салыңыз" десе, алданып бирдик салыпмын" деген сөздөрдү тааныштарымдан угуп, "ушундай болбогон калптарга эмнеге ишенесиң?" деп акыл үйрөтчү элем. Эми өзүм кантип алдамчылар жайган торго түшүп калганымды билбейм".
Бир күнү кесиптештерибиздин бири жумушка ушинтип кейип-кепчип сүйлөнүп келди. Баяндап берсе, шылуундар биздин кызды жарым сааттын ичинде 3000 сомго алдап кетишиптир. Капаланган кесиптешибиз төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Дем алыш күнү базар аралап жүрсөм, телефонум чырылдап калды.
– Алло, чоң кыз, саламатсыңар, силер өзгөндүк Кайраттын (аты-жөндөрү өзгөртүлдү) эжеси болосуңарбы?
– Жок, эжеси эмесмин, эмне болду (эмнегедир трубканы коюп салгым келди)?
– Сен угуп тур. Азыр мен Кайраттын карындашы Нуржанга чалсам, Өзгөндө экен. Ал сенин номериңди берди.
Эмне маселе экенин сурагыча болбой, тиги көп нерсени бежиреп жиберди.
– Ошол, карындаш болосуңбу же менден улуусуңбу билбейм, бирок Кайратты машина коюп кетти.
– Эмне дейсиз?! Каякта, кандайча?!
– Токтой туруңуз, карындаш, мени угуп туруңуз.
Аны укканга болобу? "Машина уруп кетти" десе өң-алеттен кеткен мен сөз укпай эле суроолорду жаадырып жатам. Бир маалда өзүмдү токтотуп:
– Байке, айтыңыз, ал тирүүбү?!
– Эх, карындаш, тирүү болгондо кандай жакшы болмок?! Биз, Орусиядагы кыргыздар акча топтоп мусулмандык милдетибизди аткарып, сөөктү алып келатабыз. Бирок кыргыз-казак чек арасынан өткөрбөй жатышат. Азыр Кордайда турам.
– Байке, мен улуураак туугандарга чалайын. Башыма эч нерсе кирбей калды.
– Карындаш, бирдигим түгөнүп баратат. Мага 100 бирдик сал да, улуураак бирөөнүн номерин бер.
Ишенесиздерби, кайсы жерден бирдик салганым эсимде жок. Улам чалып күйпөлөктөп "ысыктын күнүндө кыйнадыңар..." деп сүйлөнөт. Айтмакчы, орозодо сооп иш кылып келе жаткан киши өзүн Эркинбаев Улан Халилович деп тааныштырган. Анан Уланга жездемдин номерин бердим. Бир аздан соң мага кайра чалды.
– Жездең дүнүйө десе өлгөн адам экен. Мага ишенбей жатат. Күн ысыкта сөөк менен айлам кетти. Казактар да жинге тийишти. Мына бул казактын номерине 4000 сом салчы, бай болгур. Анан Бишкекке барганда ошол акчаны кайтарып эле берейин. Бул жерде бирдик салуучулар жок экен.
– Байке, менде анча акча жок, сиз жездеме кайсы жерде турганыңызды айтыңыз, табытты ошол алып кетет.
– Ой, жездең мага ишенбей жатат. Орозонун күнүндө калп айтып башыма таш тийдиби?!
Ал буркан-шаркан түшө кыйкырып кирди. Коркуп кетип жездем келгиче айткан номерине 1000 сомго бирдик салдым. Эмне дээр экен деп турдум.
– Бирөөдөн үстөккө болсо да акча алчы, айланайын, тууган керекпи?!- деп демитип кирди. Эже-жездемдин келишин күтпөй, дагы 2000 сомго бирдик жүктөдүм. Заматта 3100 сомго бирдик жүктөптүрмүн. "Мүмкүн, алдап жүрбөсүн?.." деген ой мээге кылт эткенинен шашып Кайраттын номерин терип кирдим. Кашайып башка бирөө алып "ал жок" деп кыйкырып, трубканы коюп салбаспы! Эми чындап жүрөгүм түшүп айылдагы атамдын карындашына чалдым. Трубканы баласы алып "эже, жаман иш болуптур. Азыр мага бирөө чалып, "бөлөң Кайрат каза болуп калды" деп айтышты" деди. Ий, мына сага, кыямат ошондо башталды. Кайрат атамдын карындашынын уулу. Ата-энесине кантип айтам деп отуруп, атамдын кичүү карындашына чалдым. Ал байкуш ыйлаган боюнча күйпөлөктөп калды. Сыягы, жездем экөө Кайраттын үйүн көздөй жөнөштү окшойт. Ичим түтпөй жанагы "сооп иш кылып жүргөн" Уланга кайра чалдым.
– Байке, силер качан келип кала­сыңар?
– Өзүңдү карма, Кайратты 12-август күнү машина коюп кеткен, бүгүн 3 күн болду. Ысыкта сөөгү бузулуп кетти окшойт. 387 номерлүү кызыл Газель менен келатам. 2 саатта батыш автобекетине барып калам. Ошко кеткенге 4 миң сом даярдап тур...
Сөзү аягына чыкпай байланыш үзүлүп калды.
Бул убакта тууган-урук дүрбөлөңгө түшүп, "жаман кабарды баланын ата-энесине кантип билдиребиз?.." деген ой менен убара эле. Телмирип телефонду тиктеп отурсам, СМС келди. "Дагы 1000 сом сал, Кордайдан өтөйүн деп калдым" деген. Эми чындап жиним келип, Уланга чалып кыйкырып кирдим. Кандайча минтип эр жүрөк болуп кеткенимди да түшүнбөй калдым.
– Эй, акмак экенсиң! Мен Кайрат менен сүйлөштүм! Аман-эсен эле экен! Орозонун күнүндө эмне алдадың?!
Сөзүмдү аягына чейин укпай телефонду өчүрүп таштады".

“ЭЖЕ, МЕН ТИРҮҮМҮН”
Ошол убакта байкем чалды. “Мен Кайрат менен сүйлөштүм. Эмне дүрбөлөң болуп, кимге эле акча берип жатасың?!” дейт. Кимисине ишенеримди билбей алсырап отура калдым. Дал ушул маалда телефонум кайрадан чырылдап кирди. Ала койсом Кайрат! Жүрөгүм жарылып кете жаздады. “Эже, мен тирүүмүн! Ким чалды сизге? Кудайга шүгүр, жумушум жакшы, иштеп жатам. Бүгүн дем алыш болгондуктан, азыр эс алуудамын”,- дейт. Андан ары чыдай албадым. Солкулдап ыйлап жибердим.
Ошентип, орозонун күнүндө тирүү адамды өлүккө айлантып ыйманын жеген алдамчы Улан Эркинбаев (оюна келген ысымды атап койду да) менин эле эмес, бир канча адамдын кан басымын көтөрдү.

Мына ушундай, окурман, мындай алдамчылардын торуна биздин кесиптеш эле эмес, эртең сиз да түшүп калып жүрбөңүз. “Акча уттуң” биякта калсын, адамды өлдү деп акча тапкан айлакер алдамчылар арабызда бар экен. Аларды ыйык Орозо айы да токтото албайт өңдүү.

Интернет-форумдардагы талкуулардан улам телефон аркылуу алдап акча табууга кынык алгандар төмөнкү номерлерден чалышканы белгилүү болду. Эске бекем түйүп алууну сунуш кылабыз:
0772 47 34 71, 0772 83 61 54, 0773 88 45 27,
0773 13 81 68,
0777 64 11 17, 0777 12 62 66, 0772 86 59 14,
0550 64 17 18,
0777 76 41 37, 0773 94 11 31, 0777 89 39 28, 0550 30 35 66

"КӨБҮНЧӨ АБАКТА ОТУРГАНДАР АЛДАШАТ"
Талкуулар эле ушунча, алданып милицияга кайрылгандар да көп болсо керек деген ойдо Бишкек шаардык
БИИБинин Кылмыш иликтөө бөлү­мүнө кайрылдык. Аталган бөлүм­дүн Мүлктөргө байланыштуу кылмыштарды иликтөө бөлүм­чөсүнүн башчысы Айбек Жайлообаев бизге төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Сиз айтып жатпайсызбы, сураштырсак телефон аркылуу алдангандар өтө көп экен деп. Бирок бизге кайрылгандар көп эмес. Сыягы, алданып калганын түшүнгөн соң сөгүнүп алып кол шилтеп коюшат окшойт.
Иш тажрыйбабыздан айтсак, телефон аркылуу адамдарды алдап акча иштегендердин көпчүлүгү абакта жаза өтөп отургандар болуп чыгууда. Ар кандай “жомокторду” айтышканы менен, баары эле телефонго бирдик жүктөөнү талап кылып жатышпайбы. Анткени абактарда бирдик жүктөөчү күркөлөр жок. Анан да камакта отурган адамдын уюлдук телефон алып жүрүүгө акысы жок. Тилекке каршы, иш жүзүндө бул эреже аткарылбай жатат.
Учурдан пайдаланып, калкка кайрылгым келет. Канчалык ишенимдүү же жүрөк түшүргөн окуяны айтышпасын, ишенбегиле. Бейтааныш адам телефон чалып, кайсы бир окуяны айтып “бирдик жүктөп койчу” деп сурандыбы, сөзсүз текшерип, териштирип көрүп, анан жардам бергиле. Экинчиден, ырас, алданып акчаңарды алдырып жиберсеңер, сөзсүз түрдө милиция бөлүмүнө кайрылып, арыз жазгыла. Анткени кылмыш болгон менен, жабырлануучунун арызы жок туруп биз иликтөө жүргүзө албайбыз.
Айбек Жайлообаев биз менен маектешип отуруп бир жагдайды белгилеп өттү. “Азыр Казакстан, Орусияга көптөгөн мекендештерибиз барып, иштеп келишүүдө. Айрымдар акча иштеп келип эле тим болбостон, ушундай шылуундуктарды да үйрөнүп келишет. Бизде 3-4 жылдан бери күчөй баштаган телефон аркылуу алдоо кылмыштарынын идеясы ошол Орусия тараптан алынып жатат”,- дейт.
Бул маселе тууралуу иликтөө жүргүзүп көрүп, бир ойго келип такалдык. Балким, телефон аркылуу алдап акча алуунун өнүгүп кетишине уюлдук компаниялардын да күнөөсү бардыр. Дегеним, ошол эле Орусия, Казакстанда симкалар паспортсуз сатылбайт да. Албетте, шылуундар анда деле жолун, эбин табышат дечи, бирок бизге да симкаларды сөзсүз түрдө документ менен сатуу киргизилсе, мындай кылмыштардын саны бир кыйла азаймак.

Шаиста Шатманова
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

ТЕЛЕФОНДОН АЛДАГАНДАРГА КАБЫЛДЫҢЫЗ БЕЛЕ?

Назгүл,
30 жашта, сатуучу:
– Былтыр бирөө чалып, көп суммада акча утуп алгандыгымды, аны алуу үчүн бир номерге 1000 сомго бирдик салышым керектигин айткан. Дароо эле уюлдук компаниянын операторуна чалсам, эч кандай акция жүргүзүлүп жатпагандыгын билдирди. Ошентип алданбай калгам.

Азамат,
27 жашта, жеке ишкер:
– Бир ай мурун бирөө “25 миң сом утуп алдыңыз” деп чалды. Бирдик сал деген жок, бирок паспортум менен бир дарекке келишимди сурады. Андай жомокторду көп угуп калгандыктан, ишенген жокмун. Анткени аяшым ушундай эле жомокко алданып, миң сомго күйгөн.

Капар,
65 жашта, пенсионер:
– Өмүрүмдө андай нерсеге кабылган эмесмин. Жакындарымдан деле мындайды укпаптырмын. Алдап же тамашалап койгон учурлардан кабарым бар. Өзүм болсо чөнтөк телефон менен балдарыма эле байланышка чыгып турам.

Света,
48 жашта, бухгалтер:

– Ушул убакытка чейин мага бир топ жолу алдап чалышкан. Кээде номери көрүнүп турса, кээде жашыруун болуп чыгат. Мындан кийин “сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” демекчи, башында ишенип жүрсөм, азыр аларды укпай да калгам. Аларга “жеңип алган буюмумду сага бердим” деп жооп берем.

Самара,
23 жашта, тигүүчү:
– Мага өткөндө “телевизор утуп алдыңыз” деп чалышты. Айтылган дарекке барайын деп чыксам, агам мени токтотуп калды. Ал мага чоо-жайын түшүндүргөндөн кийин ишенбей калдым. Эгерде агам токтотпой калганда, балким, мен да алданып калмакмын.

Равшан Жээнбеков,
40 жашта, саясатчы:
– Алданып көрө элекмин. Бирок жакында эле журналисттер тамашага салышты. Мага ал кызыктуу сезилди. Уят болгон жокмун деп ойлойм. Ал эми чет жерде жүргөндө миллиондогон долларга бааланган долбоорго катышууну өтүнгөн чындыкка коошпогон каттар байма-бай келип турчу.

Бегайым Абдыкадырова,
26 жашта, ди-джей:
– Жок, өзүм кабылган эмесмин. Бирок жакын бир таанышым телефон аркылуу миң сомго алданып калды. Кийин кайра чалса, чакырыктарга эч ким жооп бербей коюптур.

Эльвира Караева
Нурзат Акматалы кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
meerime
2010-09-04 18:05:55
adamdar kida baratyshat,akcha tabuu uchun adamdy da olturup jatyshsa degi ele aman bololu jana ushundai akmaktardan alys bololu..Kudai elibizge yiman bersin...
0
Danijarov
2010-09-05 22:04:45
бул макаланы окугандан кийин ишенчээктерди сак болууга чакырам!!
0
Yoma
2010-09-06 10:01:56
Meebizdi ushunday aldamchilik joluna emes, zavod fabrika kuruuga ishtetkenibizde go......
0
ABC
2010-09-08 12:18:18
Кыргызстанды башка бироо эмес, ушундай суткорлор сазга батырып баратат. Это еще ерунда, в сравнении с чиновниками, которые обманывают людей на миллионы долларов, не правда ли?
0
akunisa
2012-02-15 15:13:38
magada 2 ai murun chalip sis televizor utup aldiniz deshti.anan menin nomerime 700som salip pasportunuz menen keliniz deshti.apama aitsam al jalgan ishenbe dedi,birok men bashka uygo kirip kaira chaldim.al baala aytkan akchasin salmayincha maga chalba dedi.anan men mende ancha akcha jok desem,anda kechkecheyin salbasan utushun beker bolot dedi,ertesi kayra chalsam kechkecheyin ochuk boldu.oshondon beri aga baylanishalbay koydum.anin nomeri.0555515110
0
№ 409, 3-9-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан