ЭМНЕ ҮЧҮН АКТРИСАЛАРГА КАРАГАНДА АКТЁРЛОР КӨП ГОНОРАР АЛЫШАТ?

Сизде эмне үчүн актёрлор актрисаларга караганда көп гонорар алат деген суроо жаралган эмес беле? Бул тенденция кинематография өнүккөн көпчүлүк өлкөлөрдө байкалат. Албетте, бардык учурда эле баш каармандардын ролундагы актёрлор актрисалардан көп табат дегенден алыспыз. Экөө бирдей гонорар алган учурлар да бар, бирок андайлар саналуу гана. Төмөндө атактуу корей актёр-актрисаларынын гонорарларына токтолууну чечтик. Кимиси алган акчасына татыктуу, кимиси татыксыз, аны өзүңүз чечесиз.

ЭЛДИК БААТЫРЛАР

Кино эксперттеринин оюна көз чаптырсак, негизи эле кинонун жаралуу тарыхы согуштан кийинки мезгилге туш келген. Тагыраагы, дүйнө жүзү боюнча жарык көргөн алгачкы кинолордун бардыгы согуш темасына байланып, анда эрктүү, күчтүү, отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн баатырлардын образын ачуу керек эле. Андыктан актёр мырзаларга суроо-талап күч болгон. Ал эми айымдар медайымдын ролуна, же айылда калган апасы, аялы деген эпизоддук ролдорго гана тартылышкан. Андай ролдорго актриса издеп убара болуунун кереги жок эле.

Дагы бир себеп – тарыхта да, адабиятта да кайсы улутта болбосун айымдарга караганда күчтүү мырзалар, баатырлар тууралуу чыгарма, уламыш дегендер көп. Бардыгына эли-жерин, үй-бүлөсүн душмандардан коргоп калган эркек керек. Ал чыгарманы тасмага айлантууда кайрадан актёрго басым жасалып, актрисалар экинчи планда калган.

АЗЫРКЫ РЕАЛДУУЛУК КАНДАЙ?

Убакыт өтүп, заман өзгөрдү. Тасмада түрдүү жанрлар пайда болду. «Эркек менен аял тең укуктуу болуш керек» делген менен, тасма талаасында гонорар бөлүшүүдө баягы илгерки стереотип ордунан былк эткен жок. Бул боюнча Голливуд актрисалары канча ызылдашты. Түрктөрдүн айтылуу «Даңазалуу доор» сериалында Хүрремдин ролун аткарган актриса Мерьем Узерли дал ушул гонорардын айынан сериалды орто жолдон таштап басып кете берди. "Гонорардагы айырмачылык канча?" десеңиз, Султан Сулеймандын ролундагы актёр Халит Эргенч ар бир серия үчүн 30 миң доллар алса, Мерьем Узерлиге 16 миң доллар төлөнчү.

КОРЕЯНЫН ЭҢ КЫМБАТ АКТЁР-АКТРИСАЛАРЫ

Пэ Ёнжун – 217 000 $

Пэ Ёнжунду тааныбаган дорама сүйүүчүсү жок болсо керек. Анткени бүтүндөй Азияга корей толкунун алып келген «Кышкы соната» сериалынын баш каармандарынын бири дал ушул актёр. Аталган сериалдан кийин популярдуулуктун туу чокусуна жеткен актёр өзүнө өтө жогору баа койгон. Ал 2007-жылы чыккан «Кудайдын 4 жан сакчысы тууралуу уламыш» дорамасында ар бир серия үчүн 217 миң доллардан гонорар алып, корей кинематографиясынын тарыхында эң көп гонорар алган актёр катары биринчи саптан түшө элек. Ал эми «Кышкы сонатада» анын сүйгөнүнүн ролун аткарган актриса Чве Жиуну көп гонорар алган актрисалардын тизмесинен көрө элекпиз.

Ли Бён Хон – 130 000 $

Киного аз жана саз тартылган, «Айрис», «Ва-банк» сериалдарынын жылдызы Ли Бён Хон 24 сериялуу «Мистер Саншайн» дорамасында бир серия үчүн 130 миң доллар алган. Бул сумма менен кымбат актёрлордун тизмесинде 2-орунда.

Хён Бин – 95 000 $

Тизменин 3-сабында бир нече жылдан бери актёр Ким Су Хён болуп келип, бул ирет Хён Бинге ордун тарттырып жиберди. «Альграмбаны эскерүү», «Хайд, Жекил жана мен», «Сүйүүнүн авариялык конуусу» сериалдарын көркүнө чыгарган актёр бир серия үчүн 95 миң доллардан жогору гонорар алат. Тактай кетчү жагдай, кайсы дорама болбосун анын прокатта, башка өлкөлөргө сатылышына жараша актёр-актрисалардын гонорары да өзгөрүп, көбөйүп турушу мүмкүн.

Ким Су Хён – 84 000 $

«Күндү кучактаган ай», «Жылдыздан келген адам» дорамаларынын жылдызы Ким Су Хён сериалдагы ар бир тартылган серия үчүн 84 миң доллардын тегерегинде гонорар алганы айтылат. 21 ай аскер кызматын өтөп келген актёр учурда «Мен жиндимин, бирок бул ойдогудай нерсе» аттуу жаңы сериалга тартылып жаткан чагы. Кымбат актёрлордун тизмесинен жогору жылабы, 4-орунда калабы же артка кетеби, аны убакыт көрсөтөт.

Чо Ин Сон жана Со Жи Соп – 67 000 $

Кымбат актёрлордун 5-сабында 2 мырза орун алды. Бири «Бул кышта жел согот», «Баары жакшы, бул сүйүү» сериалдары менен атактуу болгон Чо Ин Сон жана «Арбак», «Каин жана Авель»,
«О, менин Венерам» дорамаларын көркүнө чыгарган Со Жи Соп. Экөөнүн гонорары бир серия үчүн 67 миң доллардан жогору.

Чон Жи Хён – 84 000 $

Мырзалардын 4-сабындагы гонорар актрисалардын 1-орунуна туура келет. «Жылдыздан келген адам», «Көк деңиз тууралуу уламыш» сериалдары аркылуу таанымал актриса Чон Жи Хён бир серия үчүн 84 миң доллар гонорар алат.

Ха Жи Вон – 50 000 $

Айымдар арасында кымбат тизменин 2-сабынан Ха Жи Вон орун алат. «Сырдуу бакча», «Императрица Ки» сериалдары менен таанымал актриса сериалдагы ар бир бөлүк үчүн 50 миң доллардан жогору гонорар алат. «Сырдуу бакчада» чогуу тартылган Хён Бинге болсо 95 миңден жогору гонорар төлөнөт.

Сон Йе Жин – 46 000 $

«Акыркы ханбийке», «Жеке тандоом», «Мага тамак алып берчү эже», «Сүйүүнүн авариялык конуусу» сериалдарынын жылдызы Сон Йе Жин дорамадагы ар бир серия үчүн 46 миң доллардан жогору гонорар алат. Бул актрисанын акчасын тасма талаасындагы акыркы өнөктөшү Хён Бин менен салыштырып көрүңүз.

Соң Хе Кйо – 42 000 $

Түштүк Кореянын сулуу, таланттуу айымдарынын бири Соң Хе Кйонун бир серия үчүн эмгек акысы 42 миң доллардан жогору. «Жүрөгүмдө күз», «Ва-банк», «Күндүн мураскерлери», «Бул күздө жел согот» дорамаларында баш каармандын ролун аткарган актрисага өнөктөштөрүнө караганда канча аз төлөнөрүн байкасаңыз керек?

Ким Тэ Хи жана Гон Хё Жин – 34 000 $

Атактуу актёр, ырчы Рейндин жубайы Ким Тэ Хи кымбат актрисалардын 5-сабында. «Айрис», «Асманга тепкич», «Ён Паль» дорамалары менен атактуу болгон актрисанын бир серия үчүн алган гонорары 34 миң доллардын тегерегинде. Ушундай эле суммадагы гонорары менен 5-орунду бөлүшкөн актриса Гон Хё Жин. Аны биз «Паста», «Баары жакшы, бул сүйүү», «Продюсерлер» дорамалары менен жакшы тааныйбыз.

Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
airada
2020-03-02 13:34:17
Кореяга барып актриса болуш керек окшойт.
-1
Store
2020-03-02 19:29:21
airada, Эми актриса болом деп барып сенда кул болуп өл, буга чейин канчалаган акылсыз кыздарыбыз "Корейлерге тийсең тимеле жыргайсың" деп тийип алышып иттин күнүн көрүп жүрүшөт!))
+1
Mister-X
2020-03-02 22:46:56
Ушу супер инфодо корейский сериал дегенде ишкен ашын жерге таштаган бир журналист бар деп ойлойм.Корея фильминен башка фильмдер жонундо жазбайт.Азыр баардык сериалдарды аягына чейин корсон кызыктуу.
+10
Arseana
2020-03-02 23:29:12
Эмне кореецтерден башкаларды жазса болбойбу? Уже кызыгы жок болуп калды
+6
jaz
2020-03-03 12:56:34
bul makal abdan jakti koreada jawaganima 10jildan otso da aktor aktrisalardin gonarari jonyndo bilchy emesmin super info superligi menen aldida.
1mestodogy aktiordyn gonarary kimbat bolgon ychynby 10jildan awik ani jani kinodon koryy oto kyiyn,AL EMI 2-3 mestodogy aktiorlor gonorarga chynynda tatiktyy.Koreadajawasan ar bir kechty serial koryygo wawilgandar kop.
+2
mela
2020-03-05 01:54:24
Гу жун пе жок го
+1
nurhan2702
2020-03-06 17:41:38
Кыш сонатасы жаны чыккан кезде аябай суйдум эле Жунг Санкты. Мырзалардын эн идеалдуу мунозун чагылдырган кинодо. Жашоодо да ошондой идеалдуу эркекпи аны билбейм...
+1
№ 904, 27-февраль - 4-март, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан