(Башы өткөн сандарда)
– Асел, мага ишенсең менин айтканымдай иш кылалы. Ишенбесең, акчаны кайда бекитишти өзүң ойлон. Мага көрсөтпөй бекит, а мен силерди куткарууну ойлоноюн.
– Жок, Самат, сен кандай десең ошондой болсун.
– Карагандадан бизди кармаганы келчүлөр жеткиче убактыбыз бар. Аскат ага ушул аймакта эски сарайлар бар дейт, акчаны ошол жерге алпарып көмөлү.
– Мен да ошону ойлодум эле. Жол тегиз, бир саатта барып-келип калабыз.
– Кеттик анда, тездетели. Мен керектүү шаймандарды машинага жүктөй берейин, сен таштанды салган чоң кара баштыктардан он чактыны алып келе кал. Баса, бизге да акча керек болот. Адыл аганы чыгарып алуу жолун ойлондум, бул акчадан алып калалы.
– Канча керек болсо, ошончо ал.
Бир баштыкка он таңгак акча салып, машинанын ичине каттым. Калган акчаны, зер буюмдар менен документтерди кошо баштыктарга салып, сыртын скотч менен ороп салдык. Курал-жарактарды да таңып, машинага жүктөдүм. Жөнөп кетерде Аскат ага менен Расул агага огу менен бир тапанча, автомат калтырып:
– Асел экөөбүз жол карап келели, силер керектүү буюмдарды берки машинага жүктөп тургула,- деген шылтоо айттым. Жарым сааттан кийин эски сарайларга жеттик. Үч тарабын бөксө адырлар курчаган, шамалдан далдоо жер экен. Сарайлар чоң экен, биринин ичине машина менен кирип бардык. Бир бурчун 2 метрдей казып, атайын жай даярдадым. Илгери сүт куюшкан го, бир бөлмөдө капкагы ачыла турган эки жүз литрлик 3-4 темир идиш жатыптыр. Кагаздар ным тартпашы үчүн идиштин ичин атайын ала барган материал менен кургактап, акчаны, документтер менен зер буюмдарды, курал-жарактарды да ага салып оозун бекиттик. Чуңкурду толтуруп, үстүнө акыр-чикир таштап, айтор, бир караган көзгө шек билинбей турган кылдык.
Үйдөн чыкканыбызга 2 сааттан ашып калыптыр, күн ысып чыкты. Үйгө келсек баары даяр турушкан экен, эки машинада ээрчишип жолго чыктык. Жолду жакшы билет деп Расул аганы алдыга салдык. Айлана жымжырт, кыбыр эткен жан көрүнбөйт. Түнкү саат үчтөрдө тээ алыстан үйлөрдүн жарыктары көрүндү, көп өтпөй Кызыл-Ордага жетип бардык. Көзгө урунбашыбыз керек эле, ал түнү шаар четиндеги бир чакан мейманканага түнөп калдык.
Эртең менен телевизордон жаңылыктарды көрдүм. Атайын операцияда жүздөн ашык адам кармалыптыр, көбү 2 айга камакка алынганы айтылды. Калгандарын үй камагына чыгарышыптыр. Караганданын четиндеги эски аэродромдо Ан-2 самолёту конордо жарылып кеткени да көрсөтүлдү. Бул окуяга «кырсык» деген версия айтылып, учурда териштирүү жүрүп жатыптыр. Бул баягы Серик учуп кеткен самолёт болчу.
Шаарда түнкү клубда мушташ чыккан экен, милиция аны да Адыл аганын атына жармаштырды. Айтор, кыбыр эткендин баарын Адыл аганын «кылмышы» деп көрсөтүү күчүндө экен. Буга нааразы тарап, кармалган балдардын ата-эне, туугандары акимчиликтин алдына митингге чыгып жатышканын билдим. «Күнөөсүз адамдар кармалып, камакта адилетсиз отурушат» деп жатышты чогулгандар. Биз жөнүндө сөз жок, демек, бизди кармап кетүү жашыруун операция болушу мүмкүн. Аңгыча Асел кирип келип, жаныма отурду.
– Самат, эми эмне кылабыз? Каякка барабыз?
– Расул ага менен Аскат ага үйлөрүнө кетишет. Биз болсо бүгүн бир жерге барабыз, Асел, ал жерде силер бир ай жашап турасыңар. Буюрса, баары жакшы болот.
– Самат, мен ал жериңе баргым келбейт. Элдин арасында эле жашап, эл катары эле оокат кылайынчы.
Жиним келип кетти. Эл эмне менен убара да, бул кыз эмне менен убара? Азыр ушуну сүйлөшө турган маалбы?
– Аны Адыл ага камактан чыкканда чечишип аласың!
Адыл ага дегенде Асел унчукпай калды. Кантсе да баягы мен жаңы келгендеги бой көтөргөн Асел жок, менден тамаша-чын аралаш сын угуп жүрүппү, айтор, назик боло түштү. Башында сөз жебеген көк беттигинен улам "муну кайсы шордуу жубайлыкка алат болду экен?.." дечүмүн. Азыр болсо алдымда таптакыр башка Асел отурду. Ыйламсыраган, жардамга, коргоого муктаж алсыз кыз...
– Энем экөөбүздү таштап кетесиңби?- деди бир маалда.
– Башым катты, Асел, азыр кайда барууну ойлонуп жатам. Туура түшүн, Адыл агага баары каршы болуп турган маал. Этият болушубуз керек.
Асел бөлмөдөн чыгып кетти, ойлонуп жатып көзүм илинип кетиптир. Ойгонсом баары ашканада экен. «Эмне кылабыз?» дегендей мени тиктеп калышты.
– Расул ага, Аскат ага, силер үйүңөргө барып тургула. Биз Астана тарапка кетебиз, Адыл аганын мен тааныган бир досу бар. Калганын шартка карап көрө жатарбыз,- дедим олуттуу. Негизи Алматыны көздөп тургам, Астанага дегеним алдын ала сактануу болчу. Эртең, атүгүл бир сааттан кийин эмне болуп кетерин ким билет?
– Мен силерди жалгыз калтыра албайм.
– Жок, Аскат ага, азыр ушундайы жакшы. Чогуу жүргөнүбүз болбойт, абал жакшырганда сизди таап алабыз. Бизден кам санабаңыз.
Ушуну менен сөз бүттү, баарыбыз бир саамга ойлуу отуруп калдык. 1 саатка жетпей баарыбыз коштошуп, экиге бөлүндүк. Биз улам такси алмаштырып Алматыны көздөй жөнөдүк. Алматыга жетип, эл аз аймактан 3 айга батир ижарага алдык. Каныш апа менен Аселге бир айга жетерлик азык-түлүк алып, Аселге калган акчаны тапшырдым. Мен алдыдагы пландарды ишке ашырууга аракет кылышым керек. Сакал өстүрүп, такай кара көз айнек тагынып жүргөнгө көчөдө өзүмдү эркин эле сезип жаттым. Эртеси базардан трико шым, футболка, кара кроссовки, кепка, саргыч өңдүү жасалма чач сатып алдым. Үйгө барып жасалма чачты кийгенден кийин башкача адам болуп чыга келдим. Үч күндөн кийин жолго чыгарда Аселди бөлмөмө чакырдым:
– Асел, бир ай үйдө болбойм, Каныш апага мени Астанага кетти деп кой. Этият бол, зарыл ишиң болбосо сыртка чыга бербе, коңшулар менен сүйлөшпө.
Коштошуп чыгып кеттим. Караганданын бекетине жеткенде ажатканага кирип кийимимди алмаштырып, жасалма чачты кийдим. Убагында бул бекеттен канча адамды узатып, канча адамды тосуп алгам. Баары көзгө жылуу учурайт. №4 мамлекеттик резиденция болсо Карагандадан чыга берген жерде жайгашып, бийиктиги төрт метр дубал менен курчалган. Дарбазанын жанында такай МАИнин машинасы турат. Бир жолу бир даректи таппай ушул жерден өтүп баратып МАИ кызматкеринен сурай коём деп балээге калгам. Көрсө, "машина токтотконго болбойт" деген белги бар экен. «Эрежени буздуң» дешип, алар менен жарым саат талашып-тартышкам. Акыры эки миң теңге берип кутулган элем. Бул жолу резиденциянын жанынан жөө өттүм, МАИнин машинасы турат. Ичиндеги эки адам мага маани берген жок. Сейилдеген киши болуп эки сааттай байкаштырып жүрдүм. Бир жерде бийик дарак резиденциянын короосуна жабышып өсүп, бутактары короонун ичине ашып түшүп турганын көрдүм. Ушул даракка чыгып короого кирип кетсем болчудай. Резиденцияга жакын курулган көп кабаттуу үйлөрдөн эки күн издеп жүрүп, бир айга батир алып жашап калдым. Дүрбү бар, күндө резиденциядагы кыймылды карайм. Күндүз киши көп болгону менен, түндө тынчып эле калат экен. Болгону күчтүү прожекторлор күйүп, короонун ичи жапжарык. МАИ кызматкерлеринде бирден тапанча, бирден автомат, рация. Ар үч саатта алмашышат экен. Короонун ичин ит ээрчиткен бир нече адам кайтарарын билдим. Алар деле саат түнкү 10-11ден кийин ичкери кирип кетип, сыртка деле чыгышпайт. Айтор, эптеп ичкери кирсе болчудай. Бир гана жагдай мага түшүнүксүз эле, Адыл ага жаткан резиденциянын жер төлөсүнө кайсы жактан кирет?
Антип-минткиче 15 күн өттү. Бир күнү түндө адатымча резиденцияга дүрбү салып отургам, капкара жип келип токтоп, эки жигит жашы бир топко барып калган бирөөнү унаадан алып түшүштү. Касен аба! Жазбай тааныдым, басканы дал өзү! Өзү арык неме эле, биротоло шылынып калгандай кичинекей көрүндү. Колун кишендеп коюшуптур, экөө эки жагынан жетелеп 3 кабаттуу имараттын күн чыгышты караган эшигинен ичкери алып кирип кетишти. Бир маалдан кийин тиги экөө кайра чыгып, Касен аба чыккан жок. Демек, Адыл агага кирчү эшик ушул болушу мүмкүн. Ошол күндөн баштап ушул эшиктен көз албай карай баштадым...
(Уландысы кийинки санда)