КӨПТӨГӨН ҮЙ-БҮЛӨЛӨРГӨ БАЛА ЖЫТЫН ТАРТУУЛАГАН "АНКАЛАЙФ" 5 ЖАШТА

Ар бир үй-бүлө балалуу болууну самайт. Тилекке каршы, ар кандай себептерден улам акыркы жылдары бала жытын искей албаган да үй-бүлөлөрдүн саны өсүүдө. Бирок өнүккөн заманбап медицина анын жолун тапкан. Ал – экстракорпоралдык уруктандыруу (ЭКО). Бул тармакта 20 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жаткан профессор, Бишкектеги «Анкалайф» аялдардын ден соолугуна кам көрүү жана экстракорпоралдык уруктандыруу клиникасынын негиздөөчүсү Жихангир Чакыжы менен ЭКО ыкмасы тууралуу маек курдук.

ПРОФЕССОР ТУУРАЛУУ

Жихангир Чакыжы 1959-жылы 12-июнда төрөлгөн. Ал 1983-жылы Түркиядагы Хажеттепе университетинин медицина факультетин аяктаган. 1985-жылдары Гази университетинин гинекология кафедрасында, 1996-жылдары Анкара ооруканасында эмгектенген. 1999-жылдан бери Жихангир Чакыжы жеке клиникасын негиздеп, миңдеген үй-бүлөгө бала жытын искетип, кубаныч тартуулап келет. Ал үзүрлүү эмгегинин арты менен көптөгөн сыйлыктарга, илимий наамдарга ээ болгон.

– Cаламатсызбы, Жихангир мырза? Бишкек шаарына экстракорпоралдык уруктандыруу клиникасын ачууңузга эмне себеп болду?

– Саламатчылык. Түркиядагы Жихангир Чакыжы атындагы жеке клиникамды негиздегениме 20 жылдай болуп калды. Бул аралыкта мага Кыргызстандан көптөгөн үй-бүлөлөр барышты. Ар биринин ден соолугун текшересиң, баарлашасың. Ошондо аларда чоң көйгөйлөр бар экенин байкадым: биринчиден, аба алмашуу, бөтөн жер, бөтөн эл, бөтөн тил, жашаган отелдеринин кымбаттыгы жана башкалар. Мындан улам «эмнеге Кыргыз жерине клиника ачууга болбосун?» деп ойлондум да, 2015-жылы Бишкекке «Анкалайф» клиникасын ачтык. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, көптөгөн үй-бүлөлөргө кубаныч тартуулап келе жатабыз. Кыргызстан тогуз жолдун тоому болгондуктан Өзбекстан, Казакстан, тажикстандык бейтаптарга да жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү.

– Башында кыйынчылыктар болбой койбосо керек?

– Албетте, кыйынчылыктар болду. Анткени ЭКО Кыргызстанга өтө кеч келди. Башында консультацияга көп убакыт бөлөт элек. Азыр болсо ЭКО тууралуу интернет булактарынан окуп, көрүп, клиникага келип консультация алып кетишет. Мындан сырткары ар бир ай сайын облустарга чыгып, консультация берип турабыз.

– Сиздин оюңузча, тукумсуздукка эмнелер себеп болууда? ЭКО ыкмасы менен балалуу болууга көбүнчө канча жаштагылар кайрылышат?

– Клиникабызга 18 жаштан 60 жашка чейинкилер кайрылышат. Кайрылгандардын көпчүлүгү гинекологиялык, урологиялык оорулар менен жабыркагандар. Таң калганым, жапжаш туруп балалуу боло албай жүргөндөрдүн санынын көптүгү. Дарыгерге көрүнүүдөн тартынышабы, оорусу өтүшүп кеткенде гана кайрылышат экен. Кыргызда жакшы сөз бар экен «ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат» деген, оорунун эч кандай уяты жок, өз убагында дарылануу шарт. Эң негизгиси, ар бир адам ар кандай оорулардын алдын алып өзүнө туура кам көрсө, суукка урунуудан абайласа, туура тамактанып, кийимдерди туура тандап кийишсе. Алсак, тар ич кийимдер, чыпташкан шымдар да тукумсуздукка өбөлгө болуп жатканын эске алышса.

Балага ыйлап жүрүп жетишет да, кызыгы, «ЭКО ыкмасы менен балалуу болгонубузду бизден башка эч ким билбей эле койсунчу?» деп ачыкка чыгаргылары келишпейт. Алар жаман нерсе жасаган жок да, 9 ай көтөрүп, 12 мүчөсү зыркырап толгоо тартып ымыркайды жарыкка алып келди. Башка планетадан бала алып келген жок да.

– Эл арасында ЭКО ыкмасы менен төрөлгөн бала алсыз, кийин ден соолугунда көйгөйлөр болот деген кептер да айтылып келет. Буга кандай дейсиз?

– Тескерисинче, дени сак балдар төрөлөт деп айта алам. Анткени жубайлар башынан аягына чейин текшерүүдөн өтүп, дарыгердин көзөмөлүндө болот. Лабораториядан уруктардын күчтүүлөрү, тазалары иргелип алынат. Кардарларыбыздын көпчүлүгү «уруктарыбыз алмашып кетпейби?» деп кооптоно беришет. Уруктар өзүбүздүн лабораторияда дыкат изилденет. Ал жакка мен жана эмбриолог гана кире алат. Бөтөн адамга кирүүгө болбойт. «Эркек балдар кийин балалуу боло алышпайт экен» деп да айтып жүрүшөт. Бул миф. Мен ЭКО жолу менен эң алгач жарыкка алып келген наристе эркек бала. Учурда 21 жашта, үй-бүлөлүү. Табигый жол менен эле балалуу болгон.

– Бүгүнкү күндө клиника кандай кызматтарды көрсөтүүдө?

– Клиника аялдардын жана эркектердин тукумсуздугун дарылоо, ЭКО ыкмасы менен балалуу болуу, карын эне (суррогатная мать), уруктарды тоңдуруу жана башка кызматтарды көрсөтүүдө. Ошондой эле «жашым өтүп бара жатат, өзүм үчүн төрөп алсам» деген кыз-келиндерге да мүмкүнчүлүктөр бар. Уруктарын атайын донорлукка тапшырган мырзалардын каталогу сунушталат. Донорго 18-35 жаштагы, дени сак мырзалардын гана уруктары кабыл алынат.

– Клиникага бул жылы 5 жыл болот экен. Ушул жылдар аралыгында канча наристе жарык дүйнөгө келди?

– Ооба, клиника 2015-жылдын 5-мартынан баштап расмий түрдө иш алып барат. 5 жылдыгыбыздын урматына Бишкек шаарындагы гинеколог, урологдорго илимий практикалык конференция уюштуруп жатабыз. Өзүмдүн топтогон тажрыйбаларым менен кыргыз докторлоруна салымымды кошсом дейм.

Ал эми жарык дүйнөгө келген наристелердин саны 300дөн ашат. Бул жыл аралыгында ажырашуулардын саны азайды десем да болот.

– ЭКО жасатуу менен дароо күткөн жыйынтыкка жетүүгө болобу?

– Жыйынтыктын жакшы болушу адамдын организмине жараша болот. Кээ бир организм урукту кеч кабыл алат, айрымдары дароо кабыл алат. Климатка да карайт. Анан да урук салынгандан кийин ден соолугуна кам көрүүсүнө жараша болот. Биздин Кордайдан келген кардарыбыз бизге чейин Казакстанда, Түркияда бир нече жолу ЭКО жасатыптыр. Бирок акыркы жолу, алтынчысын биздин клиникада жасатты. Ийгиликтүү болуп, 3 баланын энеси болду.

– ЭКО ыкмасы менен балалуу болуп, кийинкисинде табигый жол менен балалуу болгондор барбы?

– Ооба, көп эле кездешет. Бул нерсе аялда энелик сезимдин ойгонушунан улам.

– Клиникада ЭКО жасатам дегендер үчүн кандай шарттар каралган?

– Клиникада өз ишин мыкты билген эмбриолог, акушер-гинекологдор иштешет. Германия, АКШдан, Түркиядан алынып келген заманбап технологиялар менен жабдылган. Ар бир бейтапка жекече көңүл бурулат. «Дарыңызды ичтиңизби, бала кандай өсүп жатат?» деп ар биринен төрөгөнчө, төрөгөндөн кийин да абалын сурап турабыз. Негизи ЭКО жасалган айымга тынчтык керек, стресс болбошу керек жана да оор жумуш жасабашы шарт. Ал жагын эске алып чет жерден жана Кыргызстандын алыскы аймактарынан келген кардарларга 10 күнгө отелге бекер жатып эс алууга шарттар түзүлгөн.

– Албетте, бардык нерсе каражат жагына барып такалат...

– Каражат жагы бейтап толугу менен текшерилгенден кийин гана аныкталат. Кардарларыбыздын арасында акча каражатынан кыйналгандар да жок эмес. Ал жагын эске алып «Демир Банк» менен келишим түзгөнбүз. Кардарларыбыз тиешелүү документтерди тапшырып, аталган банктан 1 жылга үстөксүз насыя ала алышат.

– Ишиңиздерге ийгилик! Ар бир үй-бүлөдө наристе үнү жаңырсын!

Клиниканын дареги: Бишкек ш., Горький көч., 21

Телефондор: 0770 220 157, 0701 220 175

www.ankalifebishkek.com

instagram: ankalife_bishkek

facebook: Ankalifebishkek

Дамира Арстанова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 904, 27-февраль - 4-март, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан