Сакиш каймана аты менен таанылган актриса жана куудул Айнура Тургунбаева 32 жыл маданият тармагында эмгектенип, былтыр Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамына татыды. Ар бирибиздин күлкүбүзгө себепчи болгон куудул, Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын актрисасы Айнура айым менен арманы, кыялы, кубанычы, өкүнүчү тууралуу баарлаштык.
– Айнура эже, саламатсызбы? 2019-жылы сизге Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылды, куттуктайбыз! Бул наам кеч берилди деп ойлойсузбу?
– Саламатчылык! Наам кеч ыйгарылды десем да болот. Бирок наамга татыбай кеткендерди, 80 жашка чыкканда гана эмгеги баалангандарды укканда Кудайга шүгүр дейт экенсиң. Мага 50 жаштан ашканда ыйгарылды. Маданият тармагында эмгектенип келе жатканыма 30 жылдан ашты. Документ тапшырып чуркап жүргөнүмө 15-20 жылдай болгон. Жыл сайын күтүп, атыбыз аталбай калса жинденип, канча нерв кетирдик. Дегдеп турганда берилсе, даамы мындан да таттуу болмок болушу керек. Наам – бул эмгегиңдин бааланганы. Кубандым, бар экенмин, тирүү экенмин дедим. Бирок мени жакшы да, жаман да көргөндөр бар. Айрымдар “эмнеге Айнурага берилди?” дешти.
– Маданият тармагына сизден кийин кошулгандарга наам ыйгарылып жатканда капа болчу белеңиз?
– Баары эле капа болуп, жини келет. Бирок капа болбош керек экен. Бул нерсе тагдырдан. Баары маңдайга жазылгандай болот. Башында баарыбыз “ошол адамга ыйгарылыптырбы? Кайсы эмгеги үчүн берилиптир?” деп сүйлөнчүбүз. Бирок ошол адам алдыбыздан чыкса, куттуктап, жакшы сүйлөп калабыз.
– Өзүңүз тууралуу негативдүү комментарий окуп калганда маанайыңыз түшөбү?
– Ооба, түшөт. Айрымдар “көрөйүн деген көзүм жок” деп жазышат. Көргүсү келбесе, көрбөй эле коюшсун да. Мусулманбы, башкабы, кандай кийинет, чачын кырып салабы, ал ар бир адамдын жеке иши. Негизгиси, жүрөк таза болушу керек. Комментарийлер үчүн капаланып, жиним келет. “Бул адамга эмне кылдым, эмнеге мага асылып жатат?” деп ойлоном. Жооп жазсам, узун жомок болуп кетет. Ошондуктан жооп жазбайм.
– Биз менен жолукканда дароо эле “жаңы театр курулганы жатат” деп кубандыңыз...
– “Өкмөт жаңы театр салып берет экен” деген кабар угуп аябай кубанып жатабыз. Азыр биз иштеп жаткан имарат эски. Кебетесин көрүп жатасыңар, начар абалда. Бир тарабы урап жатат. Согушка ылайык кадр керек болсо, ушул жактан тартып кетишет. 2020-жылы айлык акыбыз да көбөйөт дешкен. Бирок андан азырынча дайын жок. Бизде 3 миң сом айлык алгандар бар. Мен 5-6 миң сом алам. Чынында искусствого көңүл бурулбай жатканына нааразыбыз. Бизге шайлоо алдында көп сөз беришет. Шайлоо бүткөндөн кийин эч нерсе жок. Кыргыздын атын чыгарыш керек болгондо биз керек болуп калабыз.
Искусство – элдин күзгүсү. Биз чаң баскан күзгү болуп калдык. Шартыбыз жок болсо, кантип чыгармачылык менен алек болобуз? Чет жакты тим коёлу, Ысык-Көлгө же Ошко барганга каражатыбыз жок. Бул жылы бизге өкмөт автобус берди. Энебиз эркек төрөгөндөй сүйүнүп жатабыз. Бирок айдайлы десек бензинге акча жок.
– Көпчүлүк театр актёрлору тасмага тартылгысы келбейт. “Айлык аз болгону үчүн гана тартылабыз” дешет...
– Ооба, туура. Көпчүлүгүбүз карыздан кутулуп алайын, кредит төлөп алайын деп маймыл болуп жатпайлыбы. “Кайсы жакта той бар экен? Мени деле чакырып койчу. Съёмка болсо, мени да ээрчитип алчы” деп бири-бирибизге жалдырайбыз.
– Акчаңыз жетиштүү болсо, коммерциялык тасмаларга тартылбай коймок белеңиз?
– Мен тасма тандабайм. Бул менин кесибим. Кандай тасма болбосун, өз ролумду жеткире аткарганга аракет кылам.
– Кандай ролдон баш тартмаксыз?
– Жылаңач чыккандан, төшөктө жатып тартылгандан баш тартам. Анткени биздин калк андайга көнгөн эмес. Ушул жашка чыгып ошондой роль ойноп жатканымды деле элестет. Андан көрө апаларды, жеңелерди ойноп жүргөнүм жакшы.
– Кайсы образды чагылдырууну кыялданасыз?
– Грузин драматургу Авксентий Цагарелинин “Ханума” пьесасындагы башкы каарман Хануманын образын жараткым келет. Мындан тышкары драма жанрында да көп ролдорду ойногум келет. Мени комедиядан башканы ойной албайт деп ойлошот. Драманы деле катыра аткарам. Ушул жерден катуу кетип калдым, ээ? Өпкөмдүн жок экени билинип калды (күлүп).
– Драмаларга көп сунуш түшпөйбү?
– Түшөт, ойноп жатам. Бирок комедиялык ролдорду аткарганыма эл көнүп калган. Жөн эле сахнага чыксам эл күлө берет. Бир ирет спектакль учурунда сахнага чыксам, эч нерсе ойной элегимде эле эл кол чаап жиберди. Мен толкунданып, өзүмдү бактылуу сезип, спектаклде ойноп жатканымды унутуп калып элге “рахмат, рахмат” деп жибергем. Көрүүчүлөр мени көрүп кайра каткырышты.
– Жаш балдардын алдында ойногон жеңилби же чоңдордунбу?
– Жаш балдар өзүбүздөй, артисттердей да. Жаш балдардын алдында ойноп жатканда бала менен бала болуп кетебиз. Алар оңой күлүшөт, биз аткарып жаткан каармандарга ишенишет, берилип көрүшөт.
– Таттыбүбү Турсунбаеваны тууганым деп келесиз. Ал адам менен учурашып, сүйлөшкөнсүзбү?
– Кичинекей кезимде бир ирет айылдагы үйүбүзгө келген. Ошондо гана көргөм. Анда мен Таттыбүбү ким экенин деле билбейт элем да. Ал киши таятамдын агасынын кызы. Ата-энем алар менен кийин гана катташып калышкан. Мен чоңоюп, театрда иштегенче ал киши дүйнө салды. Таттыбүбү Турсунбаева менен көзмө-көз учурашып, бир отуруп сүйлөшпөй калганым менин арманым.
– Жаныңыздагылар “күйөөгө тий” деп азыр да айтышабы?
– Азыр айтпай калышты, 50дөн ашпадымбы. Мурда"күйөөгө тийбейсиңби” дей бергендерден тажап кетчүмүн. Кыздын 40 чырагы бар дейт го. Үмүт үзүлө элек. Окугандар “дагы эле эрге тийгиси келет экен” деп таң калышсын (күлүп).
– Күйөөгө тийбей деле, жалгыздыктан бакыт алып жашоо мүмкүн эмеспи?
– Жалгыздык жанга батат, жалгыздык жанды жейт. Жалгыздык жаман нерсе. Ошондуктан жаш кыздарга “тие бер, өзүң жакшы кылып аласың, жакшы эркекти сага ким берет?” дейм. Эркекти жакшы кылыш да, жаман кылыш да аялдан көз каранды. Акылдуу аял шалбыраган эркекти кычыратып алат. Акылсыз аял койкойгон эркекти селсаяк кылат. Күйөөгө тийиш керек. Балалуу, неберелүү болгон жакшы. Азыркы акылым болгондо, 10-классты бүткөндө эле тийип кетмекмин.
– Күйөөнү жаман кылыш да, жакшы кылыш да аялдан көз каранды деп аялдарга жоопкерчиликти үйүп коюу туурабы?
– Аялдар тың келебиз. Башынан эле эркекке караганда эртерээк басып, эрте сүйлөп баштайбыз го. Аялды Кудай ошондой жараткан. Бул нормалдуу көрүнүш. Бизде “вазир жакшы, хан жакшы” дейт. Эркек кыйын болсо, ашып кетсе 50 жашка чейин эле кыйын болот. Андан кийин аялдын улуу баласы болуп калат.
– Жалгыздыкты сезесизби?
– Жалгыздык сезилет. Азыр эжемдин үй-бүлөсү менен жашайм. Үйгө барганда эжемдин балдары, неберелери бар, көп билинбейт. 70ке чыкканда билинсе керек.
– Бактылуу болуңуз! Маегиңизге рахмат.
Перизат Музуратбекова
star@super.kg