ЖАШЫЛЧА-ЖЕМИШТИ ЧИЙКИ ЖЕГЕНДИН ПАЙДАСЫ

Организмге керектүү жана оорулардын алдын алуучу витамин, углевод, белок, клетчаткалар жашылча-жемиштерде көп. Жашылчаларды тамакка кошуп кайнатууда, кууруганда керектүү заттардын көбү өлөт. Андыктан жашылча-жемиштерди бышырбай жегенди адатка айлантуу организмди керектүү витаминдер менен камсыздоого өбөлгө болот. Бул өзгөчө авитоминоз күтүлчү жазында керек.



ООРУЛАРДЫН АЛДЫН АЛАТ

Врач, диетологдордун көз карашы боюнча, жашылча-жемиштер туура тамактануунун негизи. Жашылча-жемиштер түрдүү оорулардын, анын ичинде рактын алдын алууда башкы ролду ойнойт, иммунитетти көтөрөт. Өзгөчө чийкисин жеген пайдалуу. Анткени курамындагы витаминдер, энзимдер, углевод, минералдык заттар толук сакталат. Организм тарабынан жакшы сиңирилет. Мисалы, цитрустардын курамындагы рутин (P витамини), кара карагаттагы C витамини кан тамырларды серпилгич кылып, атеросклероздун алдын алат, жүрөк-кан тамыр системинин иштешин жакшыртат. Баклажан жана кабак кан басымды түшүрөт. Боордун клеткаларынын картаюусунун, бузулуусунун алдын алуучу бетаин затына кызылча бай. Алмадагы пектин жаман холестеринди чыгарат. Курамында фитонциддер бар сарымсак, пиязды чийки жесе, ал организмдеги микробдорду, кургак учуктун таякчаларын өлтүрө турган касиетке ээ. Сарымсак кан басымды, холестеринди түшүрөт, тестостерондун иштелип чыгышын шарттайт. Кызылча ичти жумшартып ич катуудан кутултат, боорду тазалайт, анемиядан арылууга көмөктөшөт. Бел кубатты көтөрөт, итийдин алдын алат. Түрп өттүн жакшы иштешин шарттап, жөтөлдөн кутулууга жардамдашат. Болгар калемпири тырмактын, чачтын абалын жакшыртып, терчилдик, остеопороздон кутулууга салым кошот. Эрте таз болуунун жана кан тамырда тромбдун жаралышынын алдын алат. Өрүк менен алмурутта калий көп болгондуктан, жүрөк ооруларында сунушталат. Лимон микроб жана вирустар менен жакшы күрөшөт. Ашкабактын данегиндеги цинк бел кубатты көтөрөт, урук чыктагыч безди оорулардан коргойт. Пияз жегенде сперма көбүрөөк иштелип чыгат, бел кубат көтөрүлөт. Көк чөптөр жогорку кан басым жана атеросклероздун алдын алат.

АКЫЛ-ЭСТИ ЖАКШЫРТАТ

Жашылча-жемиштердеги антиоксиданттар мээнин клеткаларын бузулуудан, атеросклероз, Альцгеймер жана Паркинсон ооруларынан сактайт. Ошондой эле мээге мыкты жардамчылар болуп курамында темир көп алма, алмурут, өрүк саналат. Темир мээнин кычкылтек менен жакшы жабдылуусу үчүн керек. Курамында йод, темир, глюкоза бар капуста, шпинат, кызылча, лютеинге бай сабиз эрте алжып калууга жол бербейт. Капуста менен шпинат мээни B6, B12 витаминдери, фолий кычкылы, темир менен камсыздап, ойлоону жакшыртып, эс-тутумду бекемдейт.

АРЫКТООГО ЖАРДАМЧЫ

Арыктатуу багытында иштелип чыккан диеталардын баарында жашылча-жемиш сөзсүз камтылат. Себеби, биринчиден, калориясы аз, экинчиден, алардагы клетчаткалардан улам бат тоюнат. Андыктан семирүүдөн коркпой жашылчаларды колдон келишинче чийки боюнча жана курамында канты аз жемиштерди көп жей берүүгө болот. Клетчатка ичегинин иштөөсүн жакшыртат, метаболизмди тездетип, шлактарды чыгарат, ич катуунун алдын алат.

КӨҢҮЛДҮ КӨТӨРӨТ

Жашылча-жемиштердеги антиоксиданттар, фолий кычкылы жана селен маанайдын көтөрүлүшүн шарттоочу серотонин гормонунун көп иштелип чыгуусун шарттайт. Табигый антидепрессанттар – буурчак, цитрустар, шпинат, банан, алма.

КӨРҮҮНҮ ОҢДОЙТ

Сабиздеги бета-каротин заты, авокадодогу E витамини көрүүнү жакшыртып, катарактанын жаралуусуна жол бербейт. C витамини көп болгар калемпири, цитрустар, дарбыз, помидор көздүн торчосун оорулардан сактайт. Курамы лютеинге бай ашкабак, капуста, шпинат көздү курч кылат.

ЖАШТЫКТЫ УЗАРТАТ

Алма, малина, анар, шпинат, брокколи, грейпфрут антиоксиданттарга бай. Антиоксиданттар организмдин клеткаларынын жаңылануусун шарттап, организмдеги кычкылдануу процессин токтотуу менен жаштыкты сактоого мүмкүндүк берет. Эгер бет териңиз чымыр жана жылмакай болуусун кааласаңыз шпинат, салат жалбырактарын, ат кулак жеңиз.

КАНЧА ЖЕШ КЕРЕК?

Жашылча-жемиштерди көп жегендердин арасында жогорку кан басым, 2-типтеги кант диабети, жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооругандар аз кездешет. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму күн сайын 400 граммдан кем эмес жашылча-жемиш жеш керектигин билдирет. 400 граммды 3 маал жана 2 маалкы шам-шумга деп 5 порцияга бөлүү керек. 1 порция – 80 грамм. 5 порциянын 3 порциясы чийки жашылча-жемиштен болуусу шарт. 5 порцияга түрдүү өңдөгүлөрүн кошуу туура. Мисалы, помидор, бадыраң, ашкабак, банан, баклажан. 1 порция бул адамдын 1 кочушуна туура келген өлчөм. Айталы, 1 порцияда бүтүн 1 алма же жарым помидор менен жарым бадыраң, 1 банан, же жашылча-жемиштерден жасалган салат болушу мүмкүн.

КИМДЕРГЕ ЭМНЕНИ ЖЕГЕНГЕ БОЛБОЙТ?

Өнөкөт оорусу барлар дарыгери менен акылдашып, жашылча-жемиштердин кайсынысын жегенге болорун же болбостугун билип алуулары зарыл. Мисалы, ашказан-ичеги оорусу барлар чийки жашылчаларды, цитрустарды өтө аздан жеши керек. Капуста импотенциядан жабыркагандарга болбойт. Сарымсак ичеги-карын, талма оорусу барларга (приступту жаратышы мүмкүн) сунушталбайт. Кызылча кант диабети, остеопороз (кальцийдин сиңишин кыйындатат), ич өткөк оорусунда колдонулбайт. Жүзүм кант диабетине болбойт. 12 эли ичеги оорусуна жүзүм, анар, лимон, алча, сарымсак желбейт. Түрп подагра, энтероколит (ичегинин оорусу) ооруларына болбойт. Болгар калемпири геморрой, ашкабак бөйрөгүндө же өтүндө ташы барларда, пияз панкреатитте колдонулбайт.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 904, 27-февраль - 4-март, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан