АЙЫЛ ЭТЕГИНДЕ ЖАЛГЫЗ ТАМ ТУРАТ...

Ала-Тоо уламыштары

Ала-Тоо койну ар кандай уламыштарга, түркүн аңгеме-окуяларга бай. Ар аймактын аталышынын келип чыгышы да учугу узун уламышка келип такалат.
Бул жолку Ошко болгон сапарыбызда Өзгөн жергесиндеги бир там көңүлүбүздү бурду. Бизге жеткен маалымат боюнча, айыл этегиндеги мындан көп жыл мурун курулган үйдө жин-шайтандар ойноп, айтор, ал үйдүн "ээси" ак чач кемпир делинет. Кыскасы, эл арасында бир укмуш эле сөздөр жүргөнүнөн улам атайын ал айылды араладык.

ЖЫЙЫРМА ЖЫЛДАН БЕРИ КИШИ ЖАШАБАГАН СЫРДУУ ҮЙ
Өрүштүү Өзгөн жергеси. 11-кылымдан бери кыналып курулган кышы урабаган мунара көпчүлүктүн көңүлүн бурат. Анын жанындагы 3 күмбөз да кыргыздын тарыхый мурастарынын бири. Барпы акын ырга салган Өзгөндүн күрүчүн ким билбейт? Мына ушул өрөөндөн далай кыргыздын кыраандары, кыйындары чыккан. Алар жөнүндө тарыхта да, бүгүнкү күндө да айтылып келе жатпайбы.
Жогоруда айтып өткөндөй, Жазы дарыясынын боюндагы Кызыл-Дыйкан айылын көздөй сапар тарттык. Бул айылдын этегинде жайгашкан баягы биз издеген үйгө туш болдук. Кызыл кыштан курулган там бейиттин алдына салынган экен. Айланасында чөптөр өсүп, айрым кыштары урап, айтор, курулгандан бери эч ким жашабаганы көрүнүп турат. Анын үстүнө эшик-терезелери коюлбай, толук бүтпөй калыптыр. Эл арасында “үйдүн “ээси” ак чач кемпир, жин-шайтандар ойноп, айылдыктар даап баралбайт” деген сөздөр чындап эле ушул үйгө айтылганбы же башкагабы? Ошентип ойлонуп турганыбызда жашы 45тер чамасындагы бир киши өтүп бараткан экен. Жолун тосо кепке тарттык.
– Саламатсызбы, ушул айылда бир үйдүн “ээси” бар деп айтышат экен. Кайсы үй, билесизби?
– Ыя, ошондой бекен? Балким, силер издеген үй ушул болуп жүрбөсүн деп,- дал биз токтогон тамды көрсөтүп, жолун улады.

АЙЫЛДЫКТАРДЫН АЙТЫМЫНДА...
Тамдын бе­рирээк жа­гында жаңы үй салынып жатыптыр. Кожойкеси үй иштери менен алек болуп жүрөт. Кантсе да ушул эжеден сурайлы деп үйгө баш бактык.
– Эже, кандайсыздар?
– Жакшы, келгиле,- деп үй ээси тосуп алды.
50 жаштагы Арыкова Зульфия буларга токтолду:
– Менин бул үйдө жашаганыма 12 жыл болду. Үйүбүзгө жа­ңы көчүп келгенде айылдык кем­пир: “Балам, сен ыйык жерге келдиң. Өзүң таза келинсиң. Бала-чакаңды бейитти каратып тоспогун, этият бол”,- деп айткан эле. Ал кемпирдин көзү өтүп кетти. Сыягы, ошол адам бир нерсени билсе керек. Болбосо, антип айтпайт эле да. Кудай сактасын, бейиттин алдында жашайбыз, эч бир коркунуч болгон эмес. Ал эми силер айтып жаткан үйдүн “ээси” кемпир экен” дегенди мен да угуп калам, бирок көргөн эмесмин. Жолдошум деле, бала-чакамдын деле көзүнө көрүнгөн жок. Күүгүм киргенде балдарыма “ал үй тарапка баспагыла” деп айтып калчумун. Өзүм ошол тамга отун киргизип коёр элем. Караңгыда коркпой-этпей эле барып, келме келтирип, отун алып келчүмүн.
Зульфия эженин үйүндө отурган айылдык эки эже: "Эмне, үйүн сатат бекен? Үйдүн "ээси" бар-жогун билип бергиле деп силерди бирөөлөр жөнөттүбү?" деп таң калып отурушту. Кызыл тамды сүрөткө тартып жатсак, кичинекей бала чуркап келип, жардана карап:
– Эже, үйдүн ичине кире албаса­ңыздар мен кирип сүрөткө тартып берейинби?
– Эмне, сен коркпойсуңбу? Бул үйдүн “ээси” бар экен го?
– Күндүз келип, ушул жерге көп эле жолу ойноп кетебиз. Анан кеч кире баштаганда эле бири-бирибизди коркутуп баштайбыз. Балдар “бул үйдөн кичинекей баланын ыйлаганын уктук. Мурда бул жерге кичинекей бала көмүлгөн экен” деп айтышат. Анан да Артур деген баланын көзүнө ушул тамдан ак чач кемпир көрүнүптүр. Артур азыр аскерде, эгер болгондо баарын айтып бермек. Сиздерди ушул үйдүн кожоюнунун эжеси чакырып жатат, алпарып келейинби?- деди.
Ошентип, 13 жаштагы тыпылдаган баланы ээрчип жөнөдүк.

КӨЗҮ АЧЫК ДЕП ОЙЛОШУПТУР...
Жалгыз тамдан бир топ алыста жай­гашкан үйгө бардык. Үй ээлери небе­ре­лерин ойнотуп отурушуптур. Тамара эже: “Азыр мага кошунам “иниң Доорондун үйүнүн “ээси” бар экен го, ошону тазалаганы Бишкектен көзү ачыктар келишиптир” деди. Анан “кандай көзү ачыктар экен?” деп неберемди жөнөттүм”,- дейт. Көрсө, бизге биринчи жолуккан адам бизди көзү ачыктар деп түшүнүп алыптыр. Ошентип, кабарчылар көзү ачыкка айланып калдык.
Тамара эженин үй-бүлөсү менен бир сыйра күлүп алган соң кайрадан үй тууралуу кеп башталды.
Саматов Үсөн, айыл тургуну:
– Мындан көп жыл мурда апамдын үйүнөн келатсам, ошол тамдын алдынан алоолонуп от чыгып, караандар тегеректеп жүрүшкөнүн көрүп жүрөгүм оозума кептелген эле. Анан келме келтирип, араң өзүмө келгем. Менин көзүмө ошол тамдан от жаккан караандар бир эмес, үч-төрт жолу көрүндү. Ушундан улам жөн үй эмес го деп ойлойм. Курулгандан бери адам жашабаган үй ошентип сырдуу көрүнөт.
Ушул жерден Тамара эже сөзгө кошулду.
– Ал үйдү менин бир тууган агам Амал салган. Өздөрү Бишкекке көчүп кетишкен. Борборго кетерде иним Дооронбекке саткан. Доорон алгандан бери ал үйдө жашаган эмес. Орусияда жүрүп, эми башка жакка үй салып жатат. Бирок мен үйдүн “ээси” бар экенин билбейт экем. Жанагы “жыл сайын кан чыгарып, куран окутушат экен” деген сөз туура эмес. Атам ал үйдү эмес, өзүбүз жашаган үйдү айтып калчу эле, “үйдүн "ээси" коён, ал көзүңөргө көрүнсө коркпогула” деп. Ушул жашка келгенче көрүнгөн жок. Бирок бир иним “мага көрүнгөн” деп айтып калат.
Анан да атам: “Адыр­да албарсты бар. Чачы узун, эмчеги салаңдаган. Караңгыда атыңарды атаса, 3 жолу “ким?” дегиле”,- деп көп айтчу. Балким, үй мүрзөнүн алдында жайгашкандыктан, коркушаттыр. Сөзүм кур болбос үчүн иним Дооронго жолуктурайын,- деп эже биз иликтеп жүргөн үйдүн кожоюнуна ээрчитип жөнөдү.
Үсөнов Дооронбек:
– Жанындагы кошуналар эч нерсе көрбөй эле жашап жатышпайбы. Чынында, 20 жылдан бери ал үй салынган боюнча турат. Жашай элекмин. Мүмкүн, жашасам "ээсин" көрөт белем. Бул сөз, балким, мындан 30 жыл мурунку окуядан улам чыккандыр. Мен бала кезде коңшу айылдын балдары 11-классты бүтүп жатканда жек көрүп калган мугалимин ак шейшеп жамынып алып коркутушкан эле, так ошол менин үйүм тараптан. Анан эл арасына ар кандай сөздөр тарап кеткен болчу. Бирок үй жакшынакай эле турат, буюрса, бир күнү ремонт кылам. Балдардын бирине берем да.

КОРККОНГО КОШ КӨРҮНӨТ, КОШУ МЕНЕН БЕШ КӨРҮНӨТ
Дооронбек аганын сөзүнөн улам “чын эле кө­рүнсө, коңшу­ларына көрүнбөйт беле” деп ойлоп, ошол үйдүн оң тарабында жайгашкан үйдүн дарбазасын кактык. Үйдөн пайгамбар жашындагы аксакал чыкты. 62 жаштагы Авазбек аксакалга келген жөнүбүздү айттык.
– Мен 1978­-жылдан бери ушул үйдө түтүн булатып келатам. Башкача айтканда, тиги курулуп бүтпөй калган тамга жанаша турабыз. Бир да жолу көзүбүзгө эч нерсе көрүнгөн эмес. Тескерисинче, бейиттин жанындагы үйлөр ыйык болот.
Бир жолу коңшу айылдык бир киши келиптир. Өзү мас абалда экен,“жолдон өтүп баратсам, бутума бир нерсе илээшип алды” деп. Анан ошол жерге куран окуп, үйүнө жеткизип келгем. Көрүнсө мастарга, таза эмес жүргөн адамдарга көрүнөт окшойт. "Албарсты бар" деген сөз болсо, бир мугалим ичип алып адырды көздөй кетип, адашып калган экен. Ошондон улам “аны азыткы азгырып кеткен” деген сөз чыгып кеткен. Аксакалдын кемпири Бүажар эже да сөзгө кошулду.
– Эже, чочуп калган убактар болбойбу?
– Жок, караң­гыда деле, күндүз деле коркпой эле жашайбыз, айланайын.
Менин билишимче, абышкамдын мурунку жубайын чочуп калган деп айтып калышат. Бирок эмнеден чочуганын билбейт экем. Эми коркконго кош көрүнөт, кошу менен беш көрүнөт дегендей эле сөз.

КЕП СОҢУНДА...
Ким менен сүй­лөш­пөйлү, би­ри “бар, көрдүм” десе, экинчиси “жок, болбогон кеп” дейт. Айтор, сырдуу дүйнө, айта берсе өзүнчө эле жомок. Эң акыркы болуп айылдын имамы Төлөгөн аксакал менен баарлашканыбызда имам: “Бул жер ата-бабалар жердеген жер. Ар кандай уламыштар, кептер айтылып жүрөт эл арасында. Эгер адам мээсине коркуу сезимин киргизип алса, түшүнө кирип кыйналып калышы мүмкүн. Көрүмчү таза жүргөн адамдарга гана көрүнөт. Эгер үй сөөк жаткан жерге курулуп калса, анда жыт чыгарып, куран окуп туруш керек”,- деген сөзүн айтты.

Ошентип, Кызыл-Дыйкан айылынан кайттык. Ар кай жерде заңгыраган үйлөр курулуп, күрүчү талаасында турган бул айылдыктардын жашоо-турмушу жакшы экенине күбө болдук. Жогоруда сөз болгон жалгыз тамдын сыры дале табышмак бойдон кала берди.

Бурул Исмаилова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Ceed
2010-09-04 13:03:52
Андай уй менин айылымда да бар, бирок биздики реально эле ошондой демондорго бай))). Ал уйдо да коптон бери эч ким жашабайт. Кааласанар дарегин берейин, жолунар тушуп калса сураштыра келесинер!
0
bekmyrza
2010-09-05 17:44:35
мен андай нерселерге эч ишенбейм ошондон болсо керек козумо эч нерсе корунбойт,карангыда да коркпойм. андай нерселер нервтен болуш керек деп ойлойм. жин-албарстылар бар деп ишенип алып анан жанагы эже айткандай коркконго кош корунот кошу менен беш корунот дегендей
0
Yoma
2010-09-06 09:23:04
ABC sex, kizdardin duulukturuuchu organdary tuuraluu (erobeket) okugandan koro ushundaylar kizik emesbi, tem bolee ramazan ayinda oyunu jaman nerseden alis kilat. Maga jakti superchiler, rahmat.Bir demde okup chiktim. Detektive kinolorun korgondoy sezdim.Rahmaaatttt.
0
info
2010-09-06 09:39:08
Бул үй тууралуу маалымат көптөн бери эл оозунда айтылып жүргөндүктөн, мунун чын-төгүнүн билүүнү максат кылганбыз. Аны ар ким өз түшүнүгүнө жараша кабыл алат.
0
Ceed
2010-09-06 10:50:36
Бул реалдуу эле корунуш! Мындай нерсе азыркы учурда бар! Айтам го, айылымда ошондой уйду, ал уйдун жаныдан кээ бир учурда отуп калчуумун. Озундо кандайдыр бир сыр катылгандай сезилет! Бул макаладагы уйду жакшы кошуналар эле билиште экен, менин тушунгонум боюнча, а биздеги у
0
guldeva
2010-09-07 14:56:29
бирок туура чын жактары бар ишенсен озун коркосун корунгонго корунот мага деле коруно берет бирок силер андай нерселерден коркпогуло бир эки корунгондон кийин конуп каласынар кичине кыйналасынар
0
ABC
2010-09-07 16:23:44
Yoma, too dese bee dep jazganyn emnen? kaydagi sex, erotikany salystyryp jazgansyn? Krugozorun ospogon jash jan ekenin bilinip turat kommentariyinen.
0
ABC
2010-09-07 16:26:02
Yoma, detektiv degen emne janr ekenin jaksylap karap internetten, okup koy. Jasoodo myndai elementarniy nerselerdi bilboo uyat.
0
info
2010-09-08 09:54:44
Yoma, ABC, бул жакка жеке адамга эмес, макалага тиешелүү пикирлериңиздерди калтырсаңыздар!
0
kyrgyzstan
2010-09-09 15:07:51
Супердин жамаатына кайрылат элем, балким силер жарыялаган сериалдар (сандан-санга), жонокой бир аракты ээлеген суроттор, жанагы Америкалыктардын тушунуксуз сурот жомокторун окуган кишилер табылар бирок рейтинг кыла келгенде копчулугуно кызыксыз болсо керек, андан коро
0
erkinbek_82
2012-10-26 17:59:09
Менин айылым.
,,,КДК...
0
№ 409, 3-9-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан