ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ 70 ЖАШТА

Кыргыз Эл акыны, белгилүү журналист Шайлообек Дүйшеев 23-февралда 70 жашка толду. Акынды кутман курагы менен куттуктап байланышып, төмөндөгүдөй кебин уктук:

– 10 жыл мурун бир жерден жазуучулар менен жолугушуп калдык. Жаңы 60ка чыккан курагым болчу, “ии, 60ка чыккан кандай болот экен?” деп сурашты. “Аны тиги 70ке чыккандардан сурагыла” деп таяк таянып, бири-бирин жөлөп-таяп кетип бараткан аксакалдарды көрсөттүм эле. Эми ошол куракка өзүм келип калдым. Анын сыңары, кичүүлөр мени кууп, мен улууларды кууп кетип эле баратабыз, бири-бирибизге жеткирбей. Буга чейин 50 жылдык, 60 жылдык юбилейлеримди өткөргөн элем. Бул ирет андай чоң маараке пландаган жокпуз. Эми 70 жашка элдин баары эле чыгып жатпайбы. 1 жылга карый түшкөнүм болбосо, кадимки абал.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
MIRBOLOT
2020-03-02 15:32:22
Заманыбыздын мыкты акыны
Калдайгандын баары эле канат эмес,

Кабыландын баары эле Манас эмес.

Калкын чанган, калкынын тилин чанган,

Хан болсо да кыргыздын баласы эмес.
ушул ыр саптары жагат.
+1
№ 904, 27-февраль - 4-март, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан