ПЕРИШТЕНИН КӨЗ ЖАШЫ (Мигранттын балдары, кичинесинен бири-бирин жоготуп алган наристелер тууралуу баян)

(Башы өткөн сандарда)

Айдар кирип келди, атасынын көздөрү кыпкызыл болуп калган экен. Асман жүзү томсоруп башкача, бир нерсе болгонун дароо сезди. Эмне болду деп сурай албады. Эшик тарапка отура калды эле, атасы сыртка чыгып кетти.

– Аруш?

Кыз көзүн көтөрүп агасын карады. Кичине кезинде эле ушундай муңайган көз карашы менен карачу. Жардам сурагандай жалооруган көз карашы жүрөгүн тилип кетти.

– Айдар байке, мени шаарга жеткир.

– Макул.

Машинеде үн катпай бара жатышты. Кыздын көздөрүнө жаш толуп калганын байкап, жолдун жээгине токтоду.

– Ыйлагың келип жатабы? Ыйлап ал, ичиңде эмне болсо төгүп сал, ыза сактаганың эч кимге жардам алып келбейт.

– Жарым жылдан бери жаман түш көрүп жаткандай жашап жатам. Ушунун баары жашоомдо болуп жатканына кээде ишенбей кетем. Бул чындык менен жашоомду кантип улантам? Мени төрөгөн аялды өз атам өлтүрүптүр. Эмне күнөөсү үчүн? Баса, “Асия тууралуу бир нерсе деп айтты” деди. Асия деген ким?

– Ал менин апам.

– Экөөбүздүн апабыз бир эмеспи?

– Жок, башка. Асия менен атам кыз-жигит болуп сүйлөшүп, сүйүшүп жүрүп үйлөнүшүптүр. Мен төрөлгөндөн кийин атам сенин апаң менен мамиле түзүп алыптыр. Апама кол көтөрчү, аны элес-булас билем. Ох, Аруш, оор күндөр өттү. Мен кичине болчумун, төрт жашта болсом керек, элес-булас гана билем. Анан меники кетип калат, анткени сенин апаң кош бойлуу болуп калган экен. Айыл жерин билесиң. Жашырганга мүмкүн болбой калган окшойт, атам сенин апаңа үйлөнүшү керек болуп калат. Мени ал кезде чоң апам алып кеткен, кийин сен төрөлдүң. Сени алгач эч жактырбадым, билесиңби? Бирок кийин...

– Демек, баары мен үчүн болгон тура. Эгерде мен боюнда болуп калбасам...

– Жок, сен бул дүйнөгө келген эң сонун белексиң. Сен периштесиң, Аруш. Периштелер эч ыйлабайт дешет. Андыктан сен да ыйлаба.

– Менин апам кандай аял эле, мага окшош беле?- деди кыз улутуна.

– Жок, жүзүң, келбетиң атама окшош. Бирок бир күлүшүң бар. Ошол апаңа окшош. Бир жарк эткен күлкүң менен адамдын ичин жаркыратып жибересиң. Апаң ырдаганды, шаан-шөкөттү, жакшы кийингенди жактырган шайыр адам болчу. Эсимде калганы ушу.

Кыз улутуна агасынын ийинине башын койду. “Сен мени таштаба, Айдар байке, суранам. Таштасаң жоголуп кетем” деди ичинен.

ххх

Кайда барарын билбей турду. Көзүнө жылуу учураган жанагы жаш жигитке кадам таштады.

– Мага бир батир табышканга жардам бере аласыңбы?- деди. Көнгөндөй англис тилинде сүйлөп алды. Тиги таң кала тиктеп калды эле, катасын түшүнө койду. Кыргызча сүйлөдү.

– Ооба, эже. Отуруңуз.

Жолдо сулуу аялды таң кала тиктеп бара жатты. Өңү кыргыз, бирок турпаты башка улуттун өкүлүндөй. Ар тарапты чочуркап карайт. Хиджап кийген аялдын көздөрүндө коркуу бар эле. Сүйлөйүн деп баратып токтоп калды. Тааныштарынан сураштырып жатып Асияга бир бөлмөлүү батир таап берди.

– Мейлиңиз, эже, жакшы калыңыз.

– Рахмат.

Ал чемодандарын четке коюп бир топко отурду да, курсагы ачканын сезди. Шкафтарды караса кофе бар экен, кайнатып ичти. Эчен жылдан бери үй кызматкерине көнүп калыптыр. Өзү эч нерсе кыла албачудай. Бир саамга эч нерсеге карабай кайра көнгөн жашоосуна кетип калгысы келди. Бирок андагы жашоосу жыргалбы? Азыр анын эч кимге кереги жок. Эми эмне кылуу керек? Уулун издөөнү кайдан баштайт? Ички туюму бардыгын кайсы жерге таштаса, ошол жерден баштоо керек экенин сезип жатты. Эрнистин айылына барышы керек. Кимдир бирөө калгандыр, тааныгандар бардыр?

Асия ошол эле күнү айылга сапар алды.

ххх

– Биз эки күндөн кийин баш кошобуз, ээ?- деди Айгерим Айдардын колдорунан кармай.

– Үйлөнөбүз.

– Буюрса, баары жакшы болот.

– Албетте.

– Эмне эле айткандарымды кайталап жатасың? Өзүң айта турган эч нерсе жокпу? - деп тултуюп калды кыз.

– Билбейм, бардык сөздү эле айтып салып жатасың го?- деди Айдар күлүп.

– Баса, биз үйлөнгөндөн кийин атабыз менен чогуу жашайбызбы же?..

– Ооба, карыган кишини бөлүп коймок белек? Же сен атам менен жашагың келбей жатабы?- деди Айдар.

– Жок, тескерисинче, атабыз менен жакшы тил табышам. Сен жокто телефон чалып калганда жакшы сүйлөшөбүз. Балким, атам каза болуп калган үчүн аталардын баарын жакшы көрөм.

– Мышык десе,- деди Айдар мээрим менен чачын уйпалай.

– Бирок карындашыңды анча жакшы көрбөйм. Ачык эле айта берейин, ээ?

– Эмнеге? Адамды билбей туруп кантип жаман көрсө болот?

– Билбейм, Арууке сени менден алыстаткандай сезилет. Кээде ал болбогондо экөөбүз эрте эле тил табышып алмак белек деп ойлойм. Мен жете албаган көңүлүңдүн борборунда ал кыз тургандай сезилет.

– Жинди кызсың сен...

– Инстаграмдан сүрөттөрүн да көрдүм, эч жакпады. Сулуу экени талашсыз, бирок өтө эле боюн көтөргөндөй, өзүм билем сыяктуу, муздак сезилет.

– Сен аны такыр билбейт экенсиң. Кел, бүгүн экөөңдү тааныштырайын?- деди Айдар. Өзүнө жини келди. Жашоосундагы эң маанилүү эки адамды ушуга чейин тааныштырбай жүргөнүнө таң калды. Айгерим каршы болгонуна карабай түн ичинде Асмандыкына жөнөдү.

ххх

Асия күн батып калганда айылга келип түштү. Эрнис экөө айылдын четинен түшүп калып, талааны аралап басканды жакшы көрүшчү. Оо, анда бир башкача дүйнө эле. Жапжашыл ааламда кол кармашкан экөө. Алдыда бир гана бактылуу жол тургандай, эч кандай тоскоолдуктар болбочудай сезимдер эле. Өзү 18 жашты эми ашкан, Эрнис 19 жашта болчу. Бул талааны аралап баратып жанында Эрнис менен Асия да кол кармашып баратышкандай сезилди. Көздөрүнө жаш толду. Дал ушул жерден баласынын “апалап” чырылдаганына карабай качып баратканын эстеди. Укпаганга аракет кылып, кулагын колдору менен жаап, буту-бутуна тийбей чуркап бараткан келин Асияны эстеди. Бала ошондо кантти экен? Өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлагандыр, жол карагандыр? Үмүт менен эчен жолу күткөндүр? Бирок ал келген жок. Башында "иштеп бутума турсам келип алып кетем" деп ойлочу. Бирок жашоо аны такыр башка ой-кырга жетеледи. Абдулга жолукканда мурунку жашоосу тууралуу айткан жок. Алтын-күмүшкө, сүйүүгө, эч бир кыргыз аялы көрүп-билбеген турмушка сүңгүп киргенде баланы унутушка аргасыз болду. Анын жаңы, жомоктогудай керемет жашоосунда балага орун жок болчу. Өтмүшүнө да орун жок эле. Бул сыр 26 жыл бою өзү менен чогуу жашады. Жөн эле жашаган жок, сызгырып, жанын сыздатып жашады.

Эрнис кой-эчкилер кулатып кеткен кашааларын оңдоп жаткан. Кечээ Айдар менен Асман кеткенден кийин шаарга кайтайын деп ойлогон. Бирок дагы бир-эки күн калып, короо-жайын карап коймокчу болгон. Күн батканча бүтүрө салам деп ойлогону менен, иш көп экен. Чекесинен терин аарчый ордунан тура берип, хиджап кийген арык аялдын караанын көзү чалып калды. Бир тиктеп тааныган жок. Кайра башын көтөрүп алдында Асия турганын көрдү.

– Асия?- деди ал өз көзүнө ишенбей.

Алдында Асия, бирок башка аял турган. Көздөрүнүн нуру жок, чарчаган, муздак, ак куба тарткан аял болчу...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-03-02 10:10:14
Анан
0
MIRBOLOT
2020-03-02 15:16:49
Ух, сонун жерине келгенде...
0
rtuiop
2020-03-02 21:47:44
Күтүп,күтүп окуган жакпайт. Кечээ баарын бир окудум эле. Бүгүн акыркысы чыгып, жыйынтыкталса керек дегем. Тилекке каршы 1 жума күтмөй)
0
nazi25
2020-03-02 23:03:40
Бүтөйүн деп калыптыр
0
Shokoladka94
2020-03-03 10:49:30
Ухх журогум ий, баласын таштап кеткен убагын башында окуп ыйладым эле
0
№ 904, 27-февраль - 4-март, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан