ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ КАРЫ АДАМ КАЗА БОЛДУ

Дүйнө жүзүндө эң кары адам эсептелген Япониянын 112 жаштагы тургуну Титэцу Ватанабэ 23-февраль күнү көз жумду.

Эң кары адам катары "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген Ватанабэ өмүрүнүн акыркы күндөрүн карылар үйүндө өткөрүп жаткан. Ага жакында гана дүйнөдөгү эң кары адам экендигин тастыктаган күбөлүк тапшырылган. Буга чейин дүйнөдөгү эң кары адам катары ушул эле Япониянын тургуну Масадзо Нонака эсептелип келген. Ал 2019-жылдын 20-январында 113 жашында каза болгон.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 904, 27-февраль - 4-март, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан