БУТУ СЫНГАН ЖӨӨ КҮЛҮК 10 ЧАКЫРЫМ СОЙЛОГОН

Вашингтондо чуркап баратып бутун сындырып алган жөө күлүк калктуу аймакка чейин 10 саат бою сойлоп барган. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

26 жаштагы Жозеф Олендорф аттуу спортчу чуркап баратып жыгылып, бутун сындырып алган. Олендорф кырсыктаган аймакта байланыш жок болгондуктан эч кимге чала алган эмес.

Уюлдук байланыш кармаган жерге чейин же калк жайгашкан аймакка чейин жыла берейин деп жөө күлүк 10 чакырымдай сойлогон. Спортчунун айтымында, ал чуркоого ыңгайлуу болсун деп жеңил кийинип алган. Ошол учурда катуу суук болуп, жаракаты ого бетер оорутуп, тоңголок, таштак жер менен жөрмөлөөгө аргасыз болгон. Куткаруучулар спортчуну 10 сааттан кийин табышкан.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 904, 27-февраль - 4-март, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан