КӨЗДҮН ИЧКИ КАН БАСЫМЫ: КАНТИП ДАРЫЛОО КЕРЕК?

"Адам баласы 40 жашка чыккандан кийин сөзсүз офтальмологго кайрылып турушу керек. Анткени 40 жаштан кийин көздүн ички кан басымы көтөрүлүп, көрүү начарлай баштайт",- дейт офтальмолог Ибрагимова Кайрынса. Көздүн ички кан басымы деген эмне? Ал эмнеден улам пайда болот жана анын алдын алууга болобу? Суроолорго жоопту төмөнкү макаладан табасыз.

КӨЗДҮН ИЧКИ КАН БАСЫМЫ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Көздүн ички кан басымы медицинада көздүн гипертензиясы деп аталат. Оору көздүн тунаруусу, баш оору, көздүн айланасынын жана чыкый тараптын оорушу, көздүн кызарышы менен коштолот. Бирок аталган ооруну сырттан бир көрүп аныктоо кыйын. Анткени жогоруда саналган белгилер башка оорунун себептери да болушу мүмкүн. Көздүн гипертензиясын аныктоодо дарыгер тонометр менен көздүн ички кан басымын өлчөйт. Анын нормалдуу диапазону 16-21 миллиметр мамыча. Мындан сырткары офтальмоскопия менен көздүн көрүү талаасына изилдөө жүргүзүлүп, каректин жарыкка болгон реакциялары текшерилет, оорулуу невропатологдун текшерүүсүнөн өткөрүлөт. Окумуштуулардын изилдөөсүнө таянсак, көздүн гипертензиясына афроамерикалыктар, 40 жаштан жогоркулар, көздүн борбордук тунук катмары жука болгондор көп кабылышат.

ООРУНУН СЕБЕПТЕРИ

1. Көз суюктугунун ашыкча же аз иштелип чыгышы. Аталган суюктукту көз өзү иштеп чыгат жана ал тунук болушу шарт. Суюктуктун көп же аз иштелип чыгышы көздүн ички кан басымына таасирин тийгизет.

2. Айрым дары-дармектердин таасиринен улам.

3. Көздөн алган жаракаттар тиешелүү деңгээлде көз суюктугунун бөлүнүп чыгышына жана анын айлануусуна терс таасирин тийгизет.

4. Көздүн сезгенүү оорулары.

5. Гипертониялык оорулар.

6. Шакый.

7. Көздүн гигиенасын сактабоо, компьютерде, телефондо узак убакытка отуруу.

8. Стресс жана башкалар.

КӨЗДҮН КАН БАСЫМЫН КАНТИП ТҮШҮРҮҮ КЕРЕК?

1-ыкма. Туура тамактануу

• Организмдеги инсулиндин деңгээлин төмөндөтүү. Семиздик, диабет жана жогорку кан басым менен жабыркагандардын организми инсулинди башкаларга салыштырмалуу көп иштеп чыгат. Инсулиндин жогорку деңгээли көздүн кан басымынын жаралышына өбөлгө. Андыктан кумшекер, акшактын түрлөрү, нан, макарон азыктарын, күрүч, ботконун түрлөрүн жана картошка дегенден абайлоосу керек. Булар инсулиндин деңгээлин бат көтөрүүчү азыктар.

• Физикалык көнүгүүлөрдү жасоо. Жумасына 3-5 күн 30 мүнөттөн дене көнүгүүлөрүн жасап туруу, аэробика, бат-бат басуу, велосипед тебүү да инсулиндин деңгээлин төмөндөтөт.

• Омега-3 жарым каныккан май кычкылын кабыл алуу менен көздүн тор кабыгын чыңдап, көздүн кан басымынын пайда болушунун алдын алууга болот. Аталган кычкылды күнүгө 3-4 миллиграмм кабыл алуу жетиштүү.

• Курамында лютеин жана зеаксантин заттары бар азыктарды пайдалануу. Бул заттар организмди сырткы терс таасирлерден коргойт. Шпинат, капуста, брюссель капустасы, брокколи жана жумуртканын сарысы бул заттарга бай.

• Керексиз майлардан качуу. Тамак-аштын курамындагы керексиз майлар омега-3 май кычкылынын функциясын бузат. Ошондуктан какталып бышырылган, куурулган тамак-аштардын, балмуздак, попкорн сыяктуулардын өлчөмүн чектөө керек.

• Антиоксиданттардын өлчөмүн көбөйтүү. Бүлдүркөн, ежевика, черника сыяктуу кара түстөгү жер-жемиштер көздүн жалпы абалын чыңдайт. Алсак, көздүн капиллярларын, нервин, булчуңдарын. Андыктан бул жер-жемиштерди күнүмдүк рационуңузга кошууну унутпаңыз.

2-ыкма. Дары-дармектер жана операция жолу менен дарылоо

• Тамчылатма дарылар. Көздүн ички кан басымынын түшпөшү көздүн нервин бузат жана глаукомага жеткирет. Ал эми глаукома убакыттын өтүшү менен көздүн көрбөй калуусуна жеткирет. Негизи глаукоманы дарылоодо тамчылатма дарылар жана пероралдык каражаттар колдонулат. Эгер дарылоо жардам бербесе операция жолу колдонулат.

• Дренаждык импланттар. Мындай импланттар көзүнүн ички кан басымы жогору болгон жаш балдарга жана глаукоманын акыркы баскычы менен жабыркагандарга колдонулат. Мында операция жолу менен көздүн ичине суюктуктун айлануусун жеңилдетүүчү түтүкчө орнотулат. Суюктуктун туура айлануусу көздүн ички кан басымын жөнгө салат.

• Лазердик хирургия. Мында көздөгү ашыкча суулардын чыгышы үчүн атайын лазердик нурдун жардамы менен көздүн дренаждык каналдары ачылат. Андан соң убак-убагы менен көздүн ички кан басымы текшерилип турат.

• Фильтрлөөчү хирургия. Операциянын бул түрүндө хирург көздүн ак катмарын кесип, ткандан бир аз алып салат. Бул ыкма башка дарылоолор жардам бербей калган учурда гана колонулат.

3-ыкма: Көздү эс алдыруучу көнүгүүлөрдү жасоо

• Сыналгы көрүүдө жана видеооюндарды ойноодо адам көзүн көп ирмебей калат. Андыктан көздү эс алдыруу жана чыңдоо үчүн ар 3-4 секунд сайын көздү ирмеп туруу керек. Мындай жол менен көздүн ички кан басымын түшүрүп, анын өз функциясын жакшы аткаруусуна көмөктөшөсүз.

• Алаканыңыз менен бир көзүңүздү 30-60 секундга жаап, ирмеңиз. Андан соң бул көнүгүүнү экинчи көзүңүзгө жасаңыз. Көз кадимкидей эс ала түшөт.

• Көзүңүз менен дубалга 8 санын 1-2 мүнөт кайталап жазыңыз. Бул көнүгүүнү аткаруу учурунда башты түз кармап, кыймылдатпоо керек. Аталган көнүгүү көз булчуңдарын чыңдап, анын ийкемдүүлүгүн арттырат, ички кан басымынын жогорулашынын алдын алат.

• Бармакты 25 сантиметр алдыга сунуп 5-10 секунд карап, андан соң сизден 3-6 метр алыстыкта турган нерсени караңыз. Бул көнүгүүнү 1-2 мүнөт жасасаңыз, көздүн булчуңдарын чыңдап, көрүүнү жакшыртат.

Дамира Арстанова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 904, 27-февраль - 4-март, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан