Адамдар жапайы тоокторду багып, колго көндүрө баштаган учурда эле аларга аз орун жана аз жем кетерин билип, жумурткасын, этин пайдаланып келишкен. Убакыттын өтүшү менен тооктун породалары жаралып, тоок бизнеси пайда болгон. Тооктун жумуртка, эт, эт-жумуртка багытындагы породаларынын кайсынысын Кыргызстандан таап, өзүбүз жана бизнес үчүн багып, көп кирешеге ээ боло алабыз?
Эт багытындагы породалар
Корниш
(корнуэльская, бройлер тоок түркүмүнө кирет)
Мекени – Англия
1 жылда берчү жумуртка саны – 130-150 даана
Жумурткасынын орточо салмагы – 55 грамм
Тирүү салмагы – мекияндыкы – 3,5-3,8, короздуку – 3,5-4,5 килограмм
2 айлык жөжөсүнүн салмагы – 1,5-2 килограмм
63 күндө этке төгүүгө жарайт
Жумуртка берип баштайт – 4,5-5 айда
Жумуртка басып чыгаруу инстинкти – өтө жакшы
Брама
(бройлер тоок
түркүмүнө кирет)
Мекени – Индия, АКШда породасы жакшыртылган
Типтери – Америка эт багытындагы, европа декоративдүү, азия декоративдүү-эт жана карлик
1 жылда берчү жумуртка саны – 110-120 даана
Жумурткасынын орточо салмагы – 60-65 грамм
Тирүү салмагы – мекияндыкы –
3,5-3,8, короздуку – 4-4,5 килограмм
8-9 айда этке төгүлөт жана жумуртка берип баштайт
Жумуртка басып чыгаруу инстинкти – жакшы
Кохинхин
Мекени – Кытай
Типтери – көгүш, ак, кара, сары өңдөгү кохинхин
Карлик породасы да бар
Боюнун бийиктиги – 70-75 сантиметр
1 жылда берчү жумуртка саны – 100-110 даана
Жумурткасынын орточо салмагы – 50-55 грамм
Кышкысын көп жумурткалайт
Тирүү салмагы – мекияндыкы – 3,5-3,8,
короздуку – 4,3-5 килограмм
4 айында салмагы 2,5 килограммга
жетип, этке жарап калат
Жумуртка басып чыгаруу инстинкти – жакшы
Жумуртка багытындагы породалар
Леггорн
Мекени – Италия
1 жылда берчү жумуртка саны – 220-250 даана
Жумурткасынын орточо салмагы – 57-60 грамм
Тирүү салмагы – мекияндыкы – 1,8-2, короздуку – 2,5-2,7 килограмм
Жумуртка берип баштайт – 4,5-5 айда
Жумуртка басып чыгаруу инстинкти – жок (жумуртка эле тууйт)
Хай-Лайн
Мекени – АКШ
1 жылда берчү жумуртка саны – 280-350 даана
Жумурткасынын орточо салмагы – 57-60 грамм
Тирүү салмагы – мекияндыкы – 1-1,5, короздуку – 2-2,7 килограмм
Жумуртка берип баштайт – 5 айда
Жумуртка басып чыгаруу инстинкти – жакшы
Эт-жумуртка багытындагы породалар
Мастер грей
Мекени – Венгрия
Боюнун бийиктиги – 70-75 сантиметр
1 жылда берчү жумуртка саны –
250-300 даана
Жумурткасынын орточо салмагы –
60-70 грамм
Кышкысын көп жумурткалайт
Тирүү салмагы – мекияндыкы –
3,5-4, короздуку – 5-7 килограмм
2 айында салмагы 2,5 килограммга жетип калат
Жумуртка басып чыгаруу инстинкти – жакшы
Күндөлүк рациону
1 тоок 1 күндө 100-120 грамм жем жейт. Жемдин курамы болжол менен төмөнкүдөй болуусу кажет:
• Жүгөрү жем – 45 грамм
• Таруу – 17 грамм
• Арпа жем – 5 грамм
• Буудай жем – 7 грамм
• Күн караманын күнжарасы – 15 грамм
• Эт-сөөк уну – 6 грамм
• Соя шроту (соянын данынан алынуучу май) – 1 грамм
• Үлүл кабыгы (ракушка) – 3 грамм
• Трикальцийфосфат (кальций тузу) – 1 грамм
Эгер айтылгандардын баары колдо болбосо, анда дандардын акшагына кошо көк чөптү боо кылып байлап коюу, картошка, сабиз калдыктарын кайнатып, жемге аралаштырып жибитип берүүгө болот. Сафлорду аптасына 2-3 ирет кошсо болот.
Чыгаша, киреше
Чыгаша: 1 жылда 1 тоокко 43 килограмм жем талап кылынат. Базарда орто эсеп менен жемдин (жүгөрү, буудай, арпа) баасын жалпылап килограммын 15 сом десек, анда 1 тоокко 1 жылда 645 сом кетет.
Киреше: 1 мекиян 1 жылда жумуртка багытындагы 220 жумуртка берсе, анда 220сы 7 сомдон 1540 сом.
Тоокту союп сатканда эт багытындагы
1 чоң тоок болжол менен 600 сомдон өйдө.
Nature PRO – тооктор үчүн табигый жем
“Оазис Агро” ЖЧКсы өндүргөн Nature PRO жеми тооктор үчүн чыгарылган табигый жем. Курамы: акиташ, арпа, монокальций, витаминдер, буудай, жүгөрү, акшактар, метионин, треонин, лизин, соя майы, соя күнжарасы. Курамында ГМО, гормон жана бойду өстүрүүчү заттар жок. Nature PRO жеми тооктордун оорубай жана өлбөй чоңоюп-жетилишин, этинин даамдуу болушун камсыздайт. Колдонуу оңой: жемди кайнатуунун, сууга жибитүүнүн, башка нерселерди кошуунун кереги жок. Жемдин B1-K түрү 0-10 күндүк, B2-K 11-24 күндүк, B3-K 25-39 күндүк, B4-K 40 күндүк болгон балапандарга арналган. Жемдин салмагы – 0,3-2,9 килограмм. Баалары – 30-33 сом.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg