СИЗДИН ТҮШҮМ ЭМНЕДЕН БАШТАЛАТ?

Көптөгөн фермерлер айдоо үчүн өсүмдүк тандоодо көп учурда өстүрүлгөн азыктан көп пайда алуу үчүн өткөн жылда болгон базар баасына багыт алышат. Бир жагынан ал туура, анткени фермер өзүнүн каржы жана эмгек ресурстарын ишке салуу менен пайда табышы керек. Экинчи жагынан көп учурда эске алынбаган көптөгөн нерселер бар. Алар түшүмдүн көлөмүнө, анын сапатына жана жыйынтыгында фермердин кирешесине тикелей же кыйыр таасирин тийгизет.

Үрөндөр – бардык нерсенин башында!

Сапаттуу үрөндөр – ал келечектеги түшүмдүн негизи. Сиздин түшүм керектүү көлөмдө жана жакшы сапатта болушу үчүн туура үрөндөрдү тандап алуу керек. Үрөндөр жергиликтүү климаттын шарттарына ылайыкталышы зарыл, андай болбосо түшүмдүүлүктүн аларга жүктөлгөн потенциалын толук көлөмдө ишке ашыра албай калышы мүмкүн. Себилүүчү материал сертификацияланып, сатуучунун лабораториясында гана эмес, үрөндүк инспекцияда дагы текшерилүүгө тийиш. Келечектеги үрөндөрдүн үстүндөгү үрөндүк инспекциялоонун контролу аларды атайын үрөндүк участкаларга сепкен учурдан башталат, өсүмдүктөрдүн вегетациясынын бардык этаптарында улантылат. Үрөндөрдүн ар бир партиясын сертификациялоо контролдун финалдык этабы болуп саналат. Ошондуктан үнөмдөө максатында өзүнүн жеке түшүмүн үрөн катары пайдалануу – бул түшүмдү албай калуу тобокелдиги, бул болсо финансылык салымды кайра ала албай калуу дегендик. Дал ошондуктан “ЭлДан Аталык” үрөн өстүрүү чарбасы биздин үрөндөрдү сатып алып жаткан кыргызстандык фермерлер үчүн үрөндүк материалдардын сапатына ишенимдүү болуусу үчүн күн сайын иштешет. “ЭлДан Аталык” Кыргыз жер иштетүү илим-изилдөө институту, Кыргыз жайыттар жана тоюттар илим-изилдөө институту, Россия Федерациясынын Федералдык дан илимий борбору, Бүткүл дүйнөлүк май алынуучу өсүмдүктөрдүн илим-изилдөө институту, Россия Федерациясынын Кавказ Федералдык Бакча жана жүзүм борбору менен кызматташат. Республикалык жогорку окуу жайлары менен тыгыз байланыш түзүлгөн: Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик агрардык академиясы жана Кыргыз-Түрк "Манас" университети. “Рапуль” немистик селекциялык компаниясынын расмий дистрибьютору болуп саналат. Биздин компаниянын тажрыйба- өндүрүштүк база айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүндө өтө баалуу касиеттерди тандап алууга жана аларды сактоого мүмкүндүк берет. Заманбап жабдуулар, айдоо аянттары жана квалификациялуу адистер биздин сыймыгыбыз жана себүү материалдарынын сапатынын кепилдиги.

Аталык үрөнү – бул үрөндөрдүн өндүрүшүнүн бардык этаптарындагы толук контроль. Аталык үрөнү – сапаттын кепилдиги!

Бай түшүмгө 5 кадам:

1.

Себүү үчүн өсүмдүк тандоо. Себүү үчүн өсүмдүк тандоодо төмөнкүлөрдү эске алуу керек:

Которуштуруп айдоо эрежеси, мисалы, жүгөрүнү кант кызылчасынан кийин айдоого болбойт: Участкада пивот тибиндеги топурак кыртышындагы отоого пайдаланылгандан кийин 2 жыл ичинде беде жана сулу айдаганга болбойт;

Күн карама өскөн жерде кийин сафлор начар өсөт, ал эми соя көп жылдык чөптөр (эспарцет, беде) жана башка буурчак өсүмдүктөрүнөн (төө буурчак, жасмык, буурчак) кийин тийиштүү түшүм бере албайт. Жер иштетүү өрөөнүнүн шарттары: абанын температурасы, жаан-чачындуулук, сугат суусуна жеткиликтүүлүк, топурак тиби, зыянкечтердин болушу жана башка. Мисалы, Кыргызстандын шарттарында данга жүгөрүнү Ысык-Көл жана Нарын облустарында өстүрүүгө мүмкүн эмес, анткени жүгөрү бышып жетилбей калат. Ал эми Суусамыр өрөөнүнүн орто кылка тоолорунда арпанын түшүмдүүлүгү кошумча сугатсыз 30 ц/га чейин жетет, бирок ошол эле учурда август айларында үшүк жүрүү коркунучу бар.

2.

Бул жылы өстүрүүнү пландап жаткан өсүмдүктү аныктагандан кийин райондоштурулган, сертификацияланган үрөндөрдүн жетиштүү өлчөмүн сатып алууңуз керек. Биз фермерлерге айдоого толук даяр болгон, жүгөрүнүн, сафлордун, соянын, рапстын, арпанын, сулунун, беденин сунушталган себүү ченеми менен сертификатталган үрөндөрүн сунуш кылабыз. Үрөндөрдүн бардык түрлөрү жеке лабораторияда айдоонун сапатына болгон көзөмөлдөн, ошондой эле Ысык-Ата районунун үрөн инспекциясынын лабораториясында финалдык көзөмөлдөн өтөт.

3.

Айдоо алдында топуракты даярдоо жана себүү технологиясынын өзү маанилүү этап болуп саналат. Ар бир фермер айдоолор бир учурда жана текши чыгышы үчүн зарыл болгон агротехникалык иш-чараларды жүргүзүүсү керек. Топурак нымдуу жана жумшак, үрөн сепкичсиз себе турган дал ошол үрөнгө карата жөндөлүшү зарыл. Зарылчылыкка жараша үрөндөр менен бирге жер семирткичтерди себүүгө да болот. Айдоонун сунушталган мөөнөттөрүн сактоо абдан маанилүү. Эрте себүү жазгы үшүктөн эрте чыккан үрөндүн үшүк алып кетишине алып келиши мүмкүн. Ал эми силер себүүдөн кечигип калсаңар, анда үрөндөр нымдуулуктун жетиштүү саны болбогондуктан чыкпай калышы мүмкүн.

4.

Кандай гана өсүмдүк болбосун аны багуу керек! Өз убагында отобогондук, иштетпегендик түшүмдүн сапатын жана санын кыйла төмөндөтөт. Зыянкечтер менен күрөштү ал көйгөй башталган учурда эле баштоо зарыл. Эгерде силер анын бардыгын туура жана жетиштүү көлөмдө жасасаңар, анда жыйноо учурунда сиздин түшүм сизди жөн гана кубандырбастан, аны өстүрүү үчүн жумшаган каражаттарды кайтарып алууга жардам берет.

5.

Жыйноо жана сактоо – бул процесстин өтө маанилүү бөлүгү. Түшүмдү өз учурунда жана туура чогултуп алуу керек. Түшүм жыйноо ар бир өсүмдүк үчүн сунуш кылынган мөөнөттөрдө жөндөлгөн комбайндарды, чапкычтарды жана башка шаймандарды колдонуу менен жүргүзүлүүсү керек. Бул болсо түшүм жыйноодогу жоготууларды болтурбоого мүмкүндүк берет. Жыйноодон кийин сиздин түшүм ным болбогондой, көгөрбөгөндөй жана зыянга учурабагандай, келемиштер жана чымчыктар жебегидей кургак жерди даярдап коюш керек.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 904, 27-февраль - 4-март, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан