ЭЛДИН БАШЫН АЙЛАНДЫРМАЙ САЯСАТ

Шайлоо шары

Парламенттик шайлоого ат салышууга дилгирлигин билдирген 29 саясий партия Борбордук шайлоо комиссиясына 120дан кем болбогон талапкерлеринин тизмелерин тапшырууга үлгүрүштү. Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн бүт аймагында, жер-жерлерде бардык партиялардан көрсөтүлгөн талапкерлер шайлоого байланышкан үгүт иштерин баштоого шымаланып турган мезгили. А бирок ал даярдыктар элдин башын айландыруу аракеттери менен да коштолууда. Айрым бир учурларды тактап алуу ниетинде биз БШК аппаратынын мурдагы кызматкери, жалпы эле шайлоо системасында он беш жылга чукул иш алпарган, бул чөйрөдө тажрыйбасы зор Аманкул МОЛДАЛИЕВге кайрылдык.

– Аманкул Молдалиевич, учурда өлкөбүздөгү төбөсү көрүнгөн эле кээ бир саясатчылар тарабынан «алдыдагы шайлоолор таза өтпөйт», «партиялар шайлоого эмес, согушка дярданып жатышкандай...» деген жоопкерчиликсиз билдирүүлөрү ансыз да кооптонуп турган элди тынчсыздандырууда. Шайлоо системасындагы көп жылдык тажрыйбалуу эксперт катары сиздин көз карашыңыз кандай?
– Туура айтасыз, тилекке каршы, шайлоо башталгандан тарта кээ бир саясатчылар элди биримдикке чакыруунун, улуттар аралык мамилелерди жөнгө салууга умтулуунун ордуна жоопкерчиликсиз саясий көз ачыктык кылып, ойду-келди билдирүүлөрдү айтышууда. Албетте, мындай билдирүүлөр мамлекеттин бүтүндүгү, келечеги үчүн коркунучтуу. Экинчиден, саресеп салып байкап көрсөк, булар кимдер? Көпчүлүк элдин ишенимине ээ боло албасына азыртадан эле көздөрү жеткен алсыз «саясатчылар» деп ойлоймун. Аларды да туура түшүнүү зарыл. Үчүнчүдөн, алдыда боло турган шайлоонун таза, жогорку деңгээлдеги уюшкандыкта өтүүсү ар бир саясатчынын руханий жан дүйнөсүнүн бүтүндүгүнөн жана саясий маданиятынын деңгээлинен көз каранды го деп ойлоймун.
– Шайлоонун тынч өтө­рүнө ишенет экенсиз да?..
– Албетте, бардык саясий партиялар Шайлоо кодексинин негизинде иш алпарышса, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарынан өйдө көтөрүлө алышса, сөзсүз тынч өтөт, мен буга тилектешмин.
– Аманкул Молдалиевич, кээ бир саясий партиялар тизмеге кирген талапкерлерин «эгерде ким өз айылында же районунда шайлоочулардын 11 000 добушун ала алса, ал талапкерди партия тизмеден алдыга жылдыруу менен депутаттык мандат берет. Ал эми азыраак добушка ээ болгон талапкер тизмеден төмөн жылдырылат деген убадалар менен добуш алууга түртүшүүдө» деген кабарларды кулагыбыз чалууда. Талапкер өзүнө бөлүнгөн аймактан мындай санда добуш алууга болгон аракетин жумшайт. Мыйзам буга бөгөт боло албайбы?
– Жок, бул туура эмес. Болбогон сөз. Бул – шайлоочулардын добушун алууга багытталган «шайлоонун кара технологияларынын» бири. Кыргыз Республикасынын Шайлоо кодексинин 78-беренесинин 2-бөлүмүндө «Борбордук шайлоо комиссиясы …шайланган депутаттарды үч күндүк мөөнөттө каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү, төш белгилерди тапшырат», ушул эле берененин 3-бөлүмүндө «… шайланган депутат мөөнөтүнөн мурда чыгып калса, анын мандаты Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча ошол эле тизмедеги шайланган кийинки талапкерге берилет» деп так, даана жазылган.
Ошондуктан жалпы шайлоочулардын 5 пайыздан ашык ишенимине ээ болгон партиялар депутаттык мандат бөлүштүрүүгө катышат жана партиянын съездинде бекитилген тизме боюнча гана мандатка ээ боло алат. Мындайча айтканда, бекитилген тизмеге саясий партия да, Борбордук шайлоо комиссиясы да өзгөртүү киргизе албайт.

Эльвира Караева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 409, 3-9-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан