(Башы өткөн сандарда)
Буга чейин байкабаптырмын, жанагы эшиктен бир кыз күнүнө 3 маал кирип-чыгат экен. Колунда дайыма кичине чака болот. Демек, Адыл ага ушул жерде, аны эч жакка алып кетише элек. Имараттын ичинде эле болбосо, сыртта атайын аны кайтарган киши деле жоктой. Бирок айлана-тегеректин баарына видеокамералар коюлуптур, күзөтчү баарын экрандан карап отурары түшүнүктүү. Бир нерсе башталдыбы билбейм, бирок эртеси эртең менен саат ондон өтүп калганда баягы кара жол тандабаста резиденцияга Арсен менен Канатты алып келишти, экөөнүн тең көздөрү таңылуу. Арсен бир бутунан сылтып, башын оң жагына бура басып калыптыр. Эшиктен кыйналып аттап кирди. Көп өтпөй аларды кайра алып кетишти да, эки сааттан кийин көзү таңылган дагы эки адамды алып келишти. Улам бирөөлөрдү алып келип, кайра алып кетип жатышты. Бир болсо балдарды Адыл агага ушул жерден беттештирип жатышат.
Алматыдан чыкканда атайын планым жок эле, Карагандадан абалды байкаштырып кеткени келгем. Кээде баарын таштап, Кыргызстанга кетип калуу тууралуу ойлор келет. Баягы бекиткен акчадан керегинче алып баса берсем, мени ким токтотмок эле? Кайра Адыл аганын акыркы сүйлөшүүсү кулакка жаңырып, Каныш апанын үмүттүү көз карашы элестейт. Акыры баарына кол шилтеп кете албасымды түшүндүм. Өмүр бою ичимде оор жүктү көтөрүп жашагым келген жок.
Күндө резиденцияны карап отуруп көзүм жетти, Адыл аганы алып чыкса болот. Эгер ушул жерден алып чыгып кетпесем, СИЗОдон сууруп кетүү мүмкүн болбой калат. Убакытты созбой, тездетүү керек. Өзүм жалгыз, эми канттим? Таң аткыча ойлонуп, көз ирмеген жокмун. Акыры чечтим. Таң эрте душка жуунуп чыктым да, кийинип, линзамды тагып, парик кийип сыртка чыктым. Түз эле шаардын четиндеги машина базарга барып Ауди 80 машинасын сатып алдым, тийиштүү документтерим жок. МАИ кызматкерлери тосуп калса эптеп бир шылтоо айтармын, азыр документ иштерин бүтүрө турган учур эмес. Шаардын борборундагы соода борборуна барып "Военторг" деген бөлүгүнөн пневматикалык тапанча, ОМОН, СОБР дегенде иштечүлөр кийчү бет кап, бронежилет, кол кап, он метрлик аркан сатып алдым. Баары даяр, түнкү саат экиден өтүп резиденцияны көздөй жөнөдүм. Күндө чайыттай ачык күн бүгүн бүркөлүп, жаан себелей баштады. Резиденцияга 4-5 көчө жетпей машинаны токтотуп, андан ары жөө барыш керек. Тамчы тийген жалбырактардын жыбыраган добушу гана угулуп, айлана тыптынч. Баягы бутактары резиденциянын короосуна ашып түшкөн дарактын түбүнө жетип токтодум, жүрөгүмдүн дүкүлдөгөнү кадимкидей угулуп жатты. Саатты карасам, үчкө он беш мүнөт калыптыр. Даракка чыгып, тосмо дубалдын үстүнөн өткөн бутакка арканды байладым да, жипке асылып жерге түштүм. Беш мүнөттөй жашынып жаттым, тынч, эч ким көрүнбөйт. Тапанча адамга дем берет экен, өзүмө ишенимдүү элем. Улам саатты карап жаттым, күндөгү режим боюнча бир аздан кийин кароолчу сыртка чыгып айлананы бир сыйра карайт. Арадан 10 мүнөт өткөндө кароолчу чыгып, чылым чегип бир топ турду да кайра кирип кетти. Эшикти ичинен бекитип алганы угулду, ичкери кантип киришти билбей айлам кете түштү. Бир маалда эшик кайра ачылып кароолчу чыкты, үстүндө плащ. Азыр ал имаратты бир айланып келип, мен жашынып жаткан жерден өтөт. Үч-төрт метр ары жакта бир түп бийик дарак турган, кароолчу имаратты айланып кетери менен сойлоп барып анын жарык тийбеген жагына жашынууга үлгүрдүм. Бир аздан кийин тиги кишинин мен жакты көздөй келе жатканы угулду. Менин тушума жете бергенде даракты айланып өтүп алаканым менен ыкчам оозун басып, оң колумдагы тапанчанын арты менен желке талаштыра бир урдум. Шылк дей түштү. Акырын жарык тийбеген жерге сүйрөп барып жаткырдым да, капюшондуу плащын чечип кийип алдым. Анан сыр алдырбай тиги эшикти көздөй жөнөдүм, 15 метрдей арыдагы эшикке жетүү кылымга айланып кеткендей болду. Артка жол жок эле. Эми эшикке жете бергенде тээ башкы дарбазада турган күзөтчүлөрдүн бири мага карай кыйкырып калды:
– Сакеш ага, чай демдеп бериңизчи?!
Колундагы термосун көрсөтөт. Үнүмдү чыгарсам өлдүм, унчукпай койсом шек алдырган болом. Акырын колумду өйдө кылып “азыр чыгам” дегендей белги берип ичкери кирип кеттим. Жүрөгүм лакылдап чыкты. Байкап калбадыбы? Эми шашылуу керек, ар бир секунд баа жеткис азыр. Тепкич менен акырын жер төлөнү көздөй түшсөм узун коридор көрүндү. Добушум угулдубу, коридордон бирөө кайрылып калды:
– Сакеш ага, тынч элеби эшик?
– ...
– Эй, Сакеш ага?
Жооп болбогон соң мен жакты көздөй жөнөдү. Бурчка жеткенде чыга калып, муну да желкеден ары уруп жиберсем эстен танып кулап түштү. Душман келет деп күтпөсө керек, тапанчасын кынынан чыгарбаптыр. Коридордун эки жагында беш-бештен он темир эшик турат. Тиги жигит аларды күзөтүп тургандардын бири экен.
Биринчи эшикти тыңшасам эч кимдин дабышы билинбейт. Акырын ачып карасам, күзөтчүнүн бөлмөсү экен. Столдо эки чоң монитор, биринен Адыл ага отурган камера көрүнүп турат. Ичи жылуу окшойт, Адыл ага жууркан жамынбай уктап жатат. Дубалда ачкычтар топтому илинип турат. Аңгыча сырткы эшиктен бирөөнүн “Сакеш ага” деп кыйкырганы угулуп калды, жанагы чай сураган неме окшойт. Жанагы тепкичтен түшкөн жерге жетип барып, жашынып турдум. Тиги түшүп келгенде тапанчамды башына такадым:
– Акырын, үнүңдү чыгарба. Ашыкча бир кыймыл кылсаң мээңди чачырата атам. Колуңду көтөр да алдыга бас!
Алдыма салып тиги күзөтчүнүн бөлмөсүнө алып бардым.
– Коридордо камера барбы?
– Жок.
– Бул бөлмөдөчү?
– Бар, эшиктин үстүндө.
– Өчүр.
Калтырап-титиреп клавиатуранын 3-4 баскычын басты:
– Өчүрдүм.
– Адыл ага жаткан бөлмөнүкүн да өчүр.
Шашып калды:
– Өчүрдүм.
– Адыл ага отурган бөлмөнүн ачкычын тап!- деп столдун үстүнө ачкычтарды ыргыттым. Ичинен эки ачкычты таап мага сунду.
– Өзүң ачасың.
Коридордун эң аягындагы бөлмө экен, эшик ачылганда Адыл ага дароо түшүндү окшойт. Тиги күзөтчүнүн кепкасын, күрмөсүн чечип алып өзү кийди, тигинин колу-бутун, оозун таңып таштадык. Менден “сен кимсиң?” деп сураган да жок.
– Куралың барбы?
– Жок, травмат эле.
– Жүрү,- деп күзөтчүнүн бөлмөсүнө кирип тапанча таап чыкты. Таң калып карап калсам, “кеттик, башта” деп мени алдыга салып сыртка чыктык. Жанагы арканга чуркап жетип, Адыл агага карматтым. Мени бир карап койду да, арканга асылып заматта даракка чыгып кетти. Ушунчалык чапчаң, жеңил экенин биринчи жолу көрүшүм. Артынан мен чыгып, чуркаган бойдон машинага жеттик. Алыстан иттердин үргөнү угулуп жатты.
– Самат, шашпай айдай бер. Болду, коркунуч жок. Менин качып кеткенимди эртең менен гана билишет. Ага чейин узап кетебиз. Азаматсың, иним, жардамга сен эле келе алмаксың. Башка эч кимди күтпөгөм, кеттик. Апамдар кандай, каякта?
– Жакшы, Алматыда алар.
– Расул ага билеби каерде экенин?
– Жок, менден башка эч ким билбейт.
– Анда Алматыга айда, түндөп жетип алалы. Адегенде апама жолугайын, калганын кийин сүйлөшөбүз.
– Алматы кооптуу эмеспи?
– Түндөп жетип алалы. Жанагы жерде түнкү саат экиден кийин ичкериге эч ким деле кирбейт. Эртең менен саат жетиде гана билишет эмне болгонун. Ага чейин Алматыга жетсек, калганын көрө жатарбыз. Айтып бер эми эмне болгонун, төкпөй-чачпай баарын айт.
Бүт баарын айтып бердим. Адыл ага сөзүмдү бөлбөй, суроо бербей ар бир сөздү кунт коюп укту. Айтып бүткөнүмдө:
– Макул, иним, тез арада баары калыбына түшөт. Тынч жашайлы десем болушпады, жакшы сөздү угушпады, эми өздөрүнөн көрсүн.
Көптөн бери камакта отурганга эркиндикти сагынып калса керек, машинанын терезесин ачып көзүн жума терең-терең дем алды...
(Уландысы кийинки санда)