Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, АКШнын Канзас-Сити шаарында жайгашкан Миссури университетинин алдындагы консерваториянын докторанты, пианист, жөн гана кыргыздын таланттуу кызы Кайры Кошоеваны дүйнө жүзүндөгү фортепиано сүйүүчүлөр абдан жакшы таанышат. Кыргыз музыкасын даңазалап, Атай Огонбаевдин кадимки «Маш ботой» менен «Эсимдесин» фортепиано аркылуу угармандардын жүрөгүнө жеткирип келе жаткан музыкант менен баарлаштык.
– Саламатсызбы? Сиз менен байланышып турганыма абдан кубанычтамын. Алгач кепти өзүңүз, үй-бүлөңүз, балалыгыңыз тууралуу баштасак...
– Саламатчылык! Жакшы болот. Үй-бүлөдө төрт бир тууганбыз. Байкем жана эки эжем бар, мен үйдүн кенжесимин. Атам кесиби боюнча юрист, учурунда Кыргыз мамлекетине чоң салымын кошкон инсандардын бири, апам болсо «Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери» төш белгисинин ээси, көп жылдар бою Улуттук китепканада эмгектенген. Азыркы тапта экөө тең ардактуу эс алууда. Балалык курагым совет дооруна туш келип, эл катары пионер, комсомол болгом. Азыр ойлосом, ошол кезде адамдар жеке кызыкчылыктан мурун коллективдүү иштерге басым жасашып, түшүнүгү, пейили кенен болгон экен. Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте окугам. Баарыбыз бирдей ак көйнөк кийип, бантик тагынып, нота жазылуу дептерибизди же китептерибизди көтөрүп алып эгиздердей жүрчү элек.
– Музыкага болгон кызыгууңуз качан ойгонуп, эмнеден улам фортепианону тандап калдыңыз?
– 7 жашымда улуу эжем Аида филармонияда өткөн классикалык музыка кечесине ээрчитип барганы эсимде. Иоганн Себастьян Бахтын чыгармалары жаңырып жатты. Ал учурда бул музыка мен үчүн татаал эле. Ошентсе да эмнегедир мени таттуу уйкуга бөлөп койду. Үйдөгүлөр концертте биринчи катардагы орундукка отуруп алып уктаганымды айтышып, эмдигиче күлө беришет. Балким, ошондо таасирленип, кийин Бахтын чыгармаларын жакшы көрүп музыка жаатында терең билим алууга умтулган чыгармын. Анын үстүнө апам чыгармачыл адам болгондуктан кичинебизден искусствого, музыкага кызыктырып чоңойтту. Ата-энемдин достору чогулганда ыр кесе уюштуруп калышар эле. Атам комуз чертип, апамдын калемине таандык ырларды созолонто ырдап калганы эсимде. Пианиного алгач улуу эжем Аиданын кызыгуусу ойгонгон. Таенем сыймыктанып, аны дайыма мактачу. Экзамендерге даярданганда түнкүсүн уктабай угар эле. Мени да жанына отургузуп алчу. Эжемдин ойногонуна суктанып, таенем мени дагы мактаса экен деп кыялданар элем.
Кийин Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте окуп калганымда эжем мага көп жардам берди. Өзү болгону 6-7-класстын окуучусу экенине карабай мен үчүн кадимкидей сүрдүү мугалим эле. Мени далай урушту. Кийинчерээк бул музыкалык аспапка кызыгуум ойгонуп, каникул учурунда кароолчу кеткенде мектептин терезесинен ашып кирип пианино ойноп жүрдүм.
– Анан таенеңиз сизди качан мактай баштады?
– Таенемдин мени «Аидадай эле ойноп калды» деген сөзү эч эсимден кетпейт. Ал тургай кийин Москвада окуп жүргөндө да кыйналган күндөрү бул сөз мага кадимкидей дем берип турчу. Ата-энемдин да мен үчүн кылган эмгектери зор. Сынактарга даярданган учурларда дем алыш деген болбой калат. Ошондо апам термоско ысык чайын куюп, тамагын көтөрүп мектепке келип калар эле. Ал кезде телефон жок, апамдын келгени чоң сюрприз болуп, кубанып калчумун.
1992-жылы Москвага окууга тапшырганда атам коштоп барган. Бир ай батирлерде, мейманканаларда жашап, тамак жасап берип бакты. Албетте, кыйынчылыктар болду. Руханий азык менен бирге дене азыгы да адамзатына маанилүү эмеспи. Алыста жүргөн студенттерге кээде дене азыгы жетишпей калар эле. Үйдөгүлөрдүн колдоосунан тышкары менин ийгилигим үчүн мугалимдеримдин да салымы абдан чоң. Белла Зубок, Фаина Хармац, Михаил Бурштин сыяктуу залкар мугалимдердин тарбиясын алдым. Алардын берген билими менен түптөгөн пайдубалымдын бекемдигинен кийин Гнесин атындагы Орусиялык музыкалык академияда билим алдым.
– АКШга кандайча барып калдыңыз?
– Москвада окуп жүргөндө айтылуу профессор Вера Носинадан билим алсам деп кыялданчумун. Бул тилегим да ишке ашты. Ал үчүн ата-энемдин колдоосуна ыраазымын. Устатымдан алган билимим эл аралык сынактарга жеткирди. Ал эми эл аралык сынактардын арты менен АКШга докторантурага тапшырып, стипендиант болдум.
– Азыркы күндө АКШда жашап, иштеп келет экенсиз?
– Ооба. Бул жакта педагогикалык иштеримден тышкары жеке концерттеримди берип турам. Фортепиано боюнча сынактарга калыстык кылып берүүмдү суранып чакырып калышат. 2020-жылдын январь айында Себастьян Бахтын «Гольдберг Вариациясын» ойноп, жеке концерт бердим. 2019-жылдын ноябрь айында Падышалык консерватория мага «Жылдын мугалими» деген сыйлык ыйгарды. Сыйлыкты тапшыруу аземи Нью-Йорк шаарындагы белгилүү Карнеги Холл концерттик залында өттү. Студенттерим сынактардын лауреаты болушуп, Карнеги Холлдо жыл сайын концертке катышып келишет.
Өткөн жылы 21-декабрда АКШнын Чикаго шаарындагы Кыргыз-Америка ассоциациясынын демилгеси жана Кыргызстандын элчилигинин колдоосу менен жаш балдардын классикалык концерти уюштурулду. Америкада төрөлгөн 6-12 жаштагы кыргыз балдар «Кыргыз классикалык музыка мурасы» аталышындагы концерт тартуулашты. Ал концерттин башкы уюштуруучусу – Кыргыз-Америка ассоциациясына чоң салым кошкон жердешим Чинара Мамбетовага ыраазычылыгымды билдиргим келет. Дүйнөлүк композиторлордун чыгармаларынан тышкары Калый Молдобасановдун, Атай Огонбаевдин, Абдылас Малдыбаевдин жана башка бир топ кыргыз классиктеринин чыгармалары аткарылды. Америкалык кыргыздардын жаш мууну кыргыз классикасын таанып, үйрөнүп жаткандыгы мени абдан кубандырды.
– Алыста кыргыз элинин атын чыгарып аман жүрүңүз. Маегиңизге ыраазычылык.
Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg