Америкалык "Apple" компаниясы Калифорниянын Түндүк аймактык сотунун жөнгө салуусу боюнча кардарларына 500 миллион долларга чейинки суммада компенсация төлөмөй болгонун дүйнөлүк басылмалар жарыялашты.
Компания компенсацияны 2017-жылдагы функциялык жаңылоодон кийин иштөөсү жайлап, ыңгайсыздык жараткан эски смартфондор үчүн төлөйт. iPhone 6, 6 Plus, 6S, 6S Plus, 7, 7 Plus жана SE смартфондорунун ээлеринин колуна 25 доллардан 500 долларга чейинки каражат тийиши күтүлүүдө.
2020-жылдын февралында Франция бийлиги iPhone ээлеринин арыздануусунун негизинде компанияга 25 миллион евро айып салган.
Динара Акимова
koom@super.kg