Индиянын Батыш Бенгалия аймагында жээктен 900 килограммдык скат балыгы кармалган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Балыкты кармап алгандар анын жолунан адашып тайыз жакка түшүп, күчтүү толкундан улам артка кайта албай калганын айтышат. Чоң скатты жээкке алып чыккандан кийин көргөнү кызыгып келгендер абдан көп болгон. Жыйынтыгында балыкчылар аны 20 миң рупийге (19 миң сом) сатышкан. Сатып алган адам балыкты Калькутта шаарына алып барууну пландаган. Анын айтымында, бул балыкты ашканада колдонуу үчүн гана эмес, дарылоочу каражат катары да сатып алышат.
Динара Акимова
koom@super.kg