Калемпирдин мекени – Америка. Бирок эмне үчүн болгар калемпири деп аталарын билесизби? 1950-1960-жылдары Болгария өлкөсү СССРге калемпирди көп экспорттоп турган. Элдин “бул эмне болгон жашылча?” деген суроолоруна сатуучулар “болгар жашылчасы” деп жооп беришчү. Бара-бара “болгар калемпири” аталышына өткөн. Мына ушундай тарыхы бар жашылчанын учурда көптөгөн сорттору жана гибриддери бар. Алардын кайсынысынын уругун Кыргызстандан таап, өстүрүп, көп түшүм алууга болорун окурмандарга айтып берүүнү чечтик.
ТАТТУУ КАЛЕМПИР СОРТТОРУ
ЛАСТОЧКА
Чыгарылган өлкөсү – Молдова
Сорттун түрү – орточо бышуучу
Боюнун бийиктиги – 48-60 сантиметр
1 сабагындагы мөмөсү – 8-13 даана
Тамак-ашка колдонууга жарап калган мөөнөтү – 106-130 күн
Толук бышуу мөөнөтү – 137-167 күн
Мөмөсүнүн формасы – конус түрүндө
Мөмөсүнүн салмагы – 70-100 грамм
Мөмөсүнүн кабыгынын калыңдыгы – 5,2-7,1 миллиметр
Өңү – быша электе ачык жашыл, бышканда кызыл
Керектелүү багыты – кулинария, консервация
Эгүү үчүн сунушталат – күнөскана, бакча, талаа
КАЛИФОРНИЯ КЕРЕМЕТИ
Чыгарылган өлкөсү – Америка
Сорттун түрү – орточо эрте бышуучу
Боюнун бийиктиги – 60-70 сантиметр
1 сабагындагы мөмөсү – 7-12 даана
Тамак-ашка колдонууга жарап калган мөөнөтү – 90-110 күн
Толук бышуу мөөнөтү – 120-130 күн
Мөмөсүнүн формасы – куб түрүндө
Мөмөсүнүн салмагы – 120-140 грамм
Мөмөсүнүн кабыгынын калыңдыгы – 6-8 миллиметр
Өңү – быша электе жашыл, бышканда кызыл
Керектелүү багыты – кулинария, консервация
Эгүү үчүн сунушталат – күнөскана, бакча, талаа
ДИМЕНТИО F1 (ГИБРИД)
Чыгарылган өлкөсү – Голландия
Сорттун түрү – эрте бышуучу
Боюнун бийиктиги – 38-45 сантиметр
1 сабагындагы мөмөсү – 6-7 даана
Тамак-ашка колдонууга жарап калган мөөнөтү – 60-65 күн
Толук бышуу мөөнөтү – 75-80 күн
Мөмөсүнүн формасы – конус түрүндө
Мөмөсүнүн салмагы – 110-140 грамм
Мөмөсүнүн кабыгынын калыңдыгы – 5,2-6 миллиметр
Өңү – быша электе агыш-саргыч, бышканда кызыл
Керектелүү багыты – кулинария, консервация
Эгүү үчүн сунушталат – күнөскана, бакча, талаа
АЧУУ КАЛЕМПИР СОРТТОРУ
ОРТОЧО АЧУУ
ВИХРЬ
Чыгарылган өлкөсү – Орусия
Сорттун түрү – орточо эрте бышуучу
Боюнун бийиктиги – 45-50 сантиметр
1 сабагындагы мөмөсү – 7-9 даана
Тамак-ашка колдонууга жарап калган мөөнөтү – 90-95 күн
Толук бышуу мөөнөтү – 100-110 күн
Мөмөсүнүн формасы – конус түрүндө
Мөмөсүнүн салмагы – 25-40 грамм
Мөмөсүнүн кабыгынын калыңдыгы – 3-4 миллиметр
Өңү – быша электе кочкул жашыл, бышканда кызыл
Керектелүү багыты – кулинария, консервация, татымал
Эгүү үчүн сунушталат – күнөскана, бакча, талаа
АЧУУ
СЛОНОВЫЙ ХОБОТ
Чыгарылган өлкөсү – Орусия
Сорттун түрү – орточо эрте бышуучу
Боюнун бийиктиги – 50-70 сантиметр
1 сабагындагы мөмөсү – 8-10 даана
Тамак-ашка жарап калган мөөнөтү – 120-130 күн
Толук бышуу мөөнөтү – 140-155 күн
Мөмөсүнүн формасы – узун конус түрүндө
Мөмөсүнүн салмагы – 20-40 грамм
Мөмөсүнүн кабыгынын калыңдыгы – 3-4 миллиметр
Өңү – быша электе ачык жашыл, бышканда кызыл
Керектелүү багыты – кулинария, консервация, татымал
Эгүү үчүн сунушталат – күнөскана, бакча, талаа
50 СОТЫХКА
Чыгаша
Жер айдоо, тырмоо, жөөк жана арык салуу – 6500 сом
Көчөт (сатып алсаң) – 15 000 сом
Көчөт отургузуу (6-7 адамга) – 3500 сом
Сугатчыга (12 жолкуга) – 6000 сом
Селитра, жалбырагы менен азыктандыруучу каражатка – 14 000 сом
Культивация (3 жолкуга) – 2000 сом
Көчөт түбүнө топурак үйдүрүү – 3000 сом
Чабык (2 жолкуга) – 6000 сом
Калемпирдин оорусуна каршы дары – 1200 сом
Жердин ижарасы – 15000 сом
Жалпы чыгым – 72 200 сом
Киреше
50 сотых жерден таттуу ласточка жана диментио сортторунан орточо эсеп менен 17 тонна түшүм алууга болот. Дүңүнөн килограммын 20-25 сомдон сатууга болот. Ошондо 17 тонна алынды жана килограммын 20 сомдон саттыңыз дейли.
17 000 x 20 = 340 000.
340 000 – 72 200 (чыгаша) = 267 800 сом. Бул таза киреше (көчөттү сатып алып, жерди ижарага алганда). Ал эми калифорния сортунан 50 сотыхтан 17-20 тоннага чейин түшүм алууга болот.
ӨЛКӨГӨ ЧЕТ ӨЛКӨДӨН ЖАҢЫ КЕЛИП ЖАТКАН СОРТТОР
Таттуу сорттору: амеретта, анета, лотта, минерва
Ачуу сорттору: avppo 512, tae sa ja
Материалды даярдоого салым кошкондугу үчүн Кыргыз улуттук агрардык университетинин өсүмдүктөрдү өстүрүү жана коргоо кафедрасынын доценти Кызайым Эргешовага ыраазычылык билдиребиз.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg