КӨП СЫН УККАН, БИРОК БААРЫ БИР СЕКСУАЛДУУ ХВАСА

“Мен жаңыдан сахнага чыкканда “ушул кыз кантип ырчы болсун?” деп сындашчу. Аларга өзүм, кыймыл-аракетим, кийингениме чейин жакчу эмес. Бирок мен бул сөздөрдөн чүнчүп кетчү адам эмесмин...” дейт ал. Бүгүн сөз кыла турган кыз – сынга сынбай, көпчүлүктүн агымы менен акпай, өзүнүн стилин, өзүнүн дүйнөсүн жарата алган рэпер, ырчы Хваса.

АТЫ-ЖӨНҮ – АН ХЁ ЖИН

Псевдоними – Хваса

Туулган жылы – 1995-жыл, 23-июль

Туулган жери – Түштүк Корея, Чонжу шаары

Бою – 162 сантиметр

Салмагы – 44 килограмм

Үй-бүлөдө – 3 бир тууган, 2 эжеси бар

“Mamamoo” тобунда рэпер, ырчы

Лейбл – Rainbow Bridge World

АЛ ЖАКТЫРАТ...

Блюз жана джаз стилинде ырдаганды...

Рианна, Бейонсени...

Тамак жасаганды да, тамшанып жегенди да...

Атасына окшош жигиттерди...

Мода жаратканды...

“MAMAMOO”

Түштүк Кореяда жаандан кийинки козу карындай көбөйүп бараткан к-рор топтордун катарында 2014-жылы 4 кыздан турган “Mamamoo” тобу да түзүлгөн. Сола, Мунбёль, Хвиин жана Хваса аттуу кыздардан куралган топ дебют болгон алгачкы жылы эле вокалдык жактан күчтүү экенин далилдей алышкан. Ретро, джаз, R&B стилин тандаган топтун алгачкы жарык көргөн “Hello” альбомуна 7 ыр камтылып, айрым музыка сынчыларынын баасында “2014-жылдын мыкты дебюттук альбому” аталат. 2019-жылы топтун 9-музыкалык альбому жарык көрдү. Бул “Mamamoo’нун” канчалык эмгек кылганынан, элге алынганынан кабар берет. Топ түзүлгөндөн бери куржунуна “Эң мыкты икона”, “Жылдын артисти”, “Жылдын ыры”, “Мыкты вокал” жана башка көптөгөн сыйлыктарды сала алды.

Дал ушул топтогу “артист кыздар үлбүрөгөн назик, бардык кыздарга үлгү болчудай жүрүм-турумга ээ болуш керек” деген рамканы бузуп чыккан Хвасанын жашоосуна кызыгып көрдүк.

“АТА-ЭНЕМДИН КӨҢҮЛ БУРУУСУ ЖЕТИШСИЗ ЧОҢОЙДУМ”

Каарманыбыздын өмүр баянын өз сөзү менен улайлы.

– Балалык жөнүндө суроо беришкенде эмнегедир дароо капалана түшөм. Анткени үй-бүлөдөгү ордум, мектептеги ордум үчүн дайыма күрөшүп жүрдүм. Менден башка эки эжем бар, мындайча айтканда чоң үй-бүлөбүз. Мен мектепте окуп жүргөндө мамлекетте экономикалык кризис эле, акча жетишсиз болчу. Андыктан ата-энемди дээрлик көрчү эмеспиз, дайыма жумушта, бир эмес, бир канча жумушта иштешчү. Аларды сагынам, көргүм келет, ыйлайм. Мектепте тырышып жакшы окуганга, спорттук иш-чараларда да биринчи болгонго аракет кылам. Мени мугалим мактаса экен, анан ата-энемди чогулушка чакырса экен, алар менин кыйын экенимди көрүшсүн деп ойлоном. Чындап эле кээде “мен бүгүн сахнага чыгам” десем, апам аз убакытка болсо да келип көрүп кетер эле. Биринчилик менде болбой калса жиним келип, бетим кызарып кетчү.

“БАЙКЕМДИН ОРДУ АЗЫР ДА БОШ”

– Башында айткандай эле биз абдан кедей элек. Атамдын бир тууганы бизге дайыма каралашып турчу, мени өз кызындай эркелетип, кийим-кече, мектепке керектүүлөрүмдүн баарын алып берүү ошонун милдети сыяктанып, бир нерсе керек болсо ага чуркайм. Мени эртең менен ойготуп, тамак берип мектепке жөнөткөн, кайра тосуп алып жомок айтып берип уктаткан ошол байкем болду. Азыр ойлосом, мага сүйүү, мээрим берген адамым байкем экен.

Кийин “Mamamoo’нун” курамына кошулдум. Ийгилигиме абдан кубанган. Бир жолу топ менен баратып автокырсыкка кабылдык. Байкем биринчи угуп, атама чалып “Ан Хё Жин кырсыктап калыптыр, тез жет” деп айтыптыр. Атам келип байкем аябай санааркап жатканын айтты. Телефонду алып байкеме чалдым да, “ата, менде баары жакшы” деп айттым. Ата дегим келди, ал да ичинен сүйүнсө керек. 2017-жылы байкем өзү автокырсыкка кабылып, баарыбызды таштап кете берди. Анын орду азыркыга чейин бош, жалгыз калганымда, кыйналганымда сырдашар байкемди издейм, ыйлайм. Түшүмө болсо да кирсе экен дейм, бирок ал жактан да келе элек...

ЖЕКЕ ЫРЧЫ

2017-жылы топтон сырткары жалгыз ырдап чыккан «Love Comes» чыгармасы анын жеке ырчы катары потенциалы жогору экенин көрсөттү. Белгилүү рэпер Локо экөөнүн «Don’t Give It to Me» дуэти көчүрүп алуулар боюнча 2,5 миллиондон ашык көрсөткүчтү басып өтүп, Түштүк Кореядагы белгилүү Gaon музыкалык хит-парадынын ак алтын (платина) сертификатын алган. Былтыркы жылдын февраль айында чыккан «Twit» ыры Хвасанын жеке ырчы катары карьерасына кенен жол ачты. Ырчы кыздар арасындагы рейтинги өсүп, учурда анын орду
ТОП-10дукта.

Хвасаны өтө ачык кийинет деп сындашат. Бирок ал Түштүк Кореядагы сексуалдуу айымдардын
ТОП-100дүгүнөн орун алган.

АГА БААРЫ БИР...

Сулуулуктун стандарттарына туура келбесем, мен жаңы стандарт түзүп алам” деген Хваса чындап өзүнө ылайыктуу сулуулук стандартын түзүп алган. Аны сахнадан көбүнчө ич кийимди элестеткен ачык кийимчен көрөсүз. Аэропортто бюстгальтери жок футболка кийип жүргөн сүрөтү интернет желесине тарап кетип, катуу сынга кабылганда “мен бир жакка баратканда мени карашат, мындай кийинейин деп ойлонбойм, өзүмө ыңгайлуу кийимди кийип кете берем” деп гана тим болгон. “Хваса семиз”, “буту кыска”, “ич кийимчен сахнага чыга берет”, “жаш кыздарга жаман үлгү болуп жатат” деген сындарды ырчы миң эмес, миллион жолу уккан. Бирок ага баары бир. “Мени жегидей, хейтерлердин алдындагы тамак эмесмин” деген ырчы өзүнө карата айтылган жаман пикирлерге “мага баары бир” деп кол шилтеп коёт. Ал адамга эмне жакса ошого жетиш керек, ошону кийиш керек, ошону жеш керек деген принципте жашайт. Айрым кыргыз окурмандар да анын сүрөтүн көрүп сындашы мүмкүн, бирок Хвасага баары бир.

Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-03-09 10:49:28
Түсү муздак экен.
-5
Saidochka
2020-03-10 11:36:19
ХХХХ окшоп эле оозуна келгенди оттоп, мурдуна келгенди жыттап, колуна тийгенин кийип кете берсе анын адамдыгы кайсы?
0
XATSAN125
2020-03-11 14:50:37
Ушулардан бөлөк ырчы актер актрисалар жокпу 349жылдан бери корейлерди эле жазасыңар түшүнбөйм да
+2
Mister-X
2020-03-12 15:45:41
XATSAN125,Мен да корейлерди жазгандар коро, кыргыздарды жазылат деп жазган элем. Коментарийим окуп кетиптир го.
-1
Soni130587
2020-03-12 13:48:00
Бизге деле баары бит!
-2
TIMON_BERKOWITZ
2020-03-14 23:01:09
Чын жүрөктөн баары бир!
-2
№ 905, 5-11-март, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан