ЛОНДОНДО ЖАНА КРЕМЛДЕ КОМУЗ ҮНҮ ЖАҢЫРДЫ

Өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков 27-февралда Москва шаарында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукту. Анда мамлекет башчылары кыргыз-орус мамилелерин талкуулашты. Кечинде мамлекеттик Кремль сарайында эки өлкөнүн чыгармачыл топторунун коштоосунда чоң концерттик программа уюштурулду. Бул кечеде комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу менен балалайкачы Александр Николайчуктун комуз менен балалайканы айкалыштырып ойногону тартылган видео интернетке тарап, көпчүлүктүн алкоосуна ээ болууда. Кремль сарайында комузда кол ойноткон Закирбек Дүйшөнбек уулу муну тарыхый учур деп атап, окуя тууралуу буларды айтып берди:

– Балалайка менен комузду айкалыштырып ойноо режиссёрлордун идеясы болду. Чертиле турган чыгармаларды мен тандадым. Кремлде өткөн концертте Атай Огонбаевдин “Ак тамак, көк тамагы”, “Ой, комузчу” элдик ыры жаңырды. Ритмдерин окшоштуруп, орустардын “Калинкасын” да ойнодук. Жыйынтыгы жакшы болду. Көкүрөгүмдө жагымдуу сезимдер болду. Анткени бул тарыхта чоң тамгалар менен жазылып кала турган, эл оозунда айтылып жүрө турган күндөрдүн бири.

Ал эми “Мурас” тобу Улуу Британиянын борбору Лондондо, Букингем сарайынын алдында “Маш ботой” күүсүн жаңыртышты. Бул тууралуу топтун мүчөсү Айсаана Оморова айтып берди:

– Биз 24-февралдан тартып 1-мартка чейин Улуу Британияда өткөн “Road Show” аттуу туризмди өнүктүрүүгө багытталган фестивалга катыштык. Фестивалда комуз, кыл кыяк, темир ооз комуз, үйлөмө аспаптарда ойнодук. Көрүүчүлөр жакшы кабыл алышты. Суктанып, “музыкаңар жагымдуу экен, жакшы ойнойт экенсиңер” деп жатышты. Анан "Лондондун борборунда кыргыз күүсүн жаңырталы” деп хан сарайдын алдында “Маш ботойду” ойнодук. Ал жерде туристтер көп экен. Көргөндөр сүрөткө, видеого тартып, биз менен сүрөткө түшүп жатышты.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 905, 5-11-март, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан