“ЖӨӨ КҮЛҮК” ТАСМАСЫ “НИКА” СЫЙЛЫГЫНА КӨРСӨТҮЛДҮ

«Жө күлүктүн” кезектеги чабышы. Буга чейин бир канча эл аралык сыйлыктарды багындырган тасма эми Орусиянын беделдүү “Ника” киносыйлыгына көрсөтүлдү. Эске салсак, 2018-жылы Мирлан Абдыкалыковдун дебюттук "Сүтак" тасмасы Кыргыз өлкөсүнө алгачкы ирет "Ника" сыйлыгын алып келген. Режиссёр “бул сыйлыкка кайрадан талапкер болуунун өзү ийгилик” дейт.

– 2-мартта аталган сыйлыкка талапкерлерди жарыялашты. 20 чакты тасманын ичинен тандалып алынган 5 тасманын арасында “Жөө күлүк” да бар экен. Мынча тасманын арасынан суурулуп чыгып, талапкер болгондун өзү чоң жетишкендик. Биздин тасма "КМШ, Грузия жана Балтия өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы" номинациясында ат салышып жатат. Эми сыйлыкты утсак экен деп күтүп жатабыз.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 905, 5-11-март, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан