“Мен өз бактымдан баш тарткан адаммын. Бир кезде намыс деп ата-энем үчүн ушул кадамга баргам. Өзөктү өрттөгөн бул арманым мени менен кошо жатса керек. Балким, жаш кыздарга менин тагдырым сабак болоор деп сиздерге жүрөк сырымды баяндап берүүнү чечтим”,- деп баштады сөзүн маңдайымда отурган айым. Анын көздөрүндө кусалык, арман турган эле.
ЖАШТЫК ЖАҢЫЛЫШТЫГЫ
Кызык, өмүрүңдүн бүрү болгон жаш кезиңде эч нерсени ойлогуң келбейт тура. Ошол кезде мен дагы жашоону оюнчук көргөн экенмин. Буралып бойго жеткен мага көзү түшкөндөрдүн саны да көп эле. Бирок, мен карегим менен тең айланган канчаны көзгө илбей өз кыялымдагы адамды издеп жүрдүм. Кинодогудай, китепте баяндалгандай сүйүүгө туш болгум келчү. Ошентип, мен ал адамга да жолуктум.
Азим менден бир нече жаш улуу болчу. Ал окуусун бүтүп, биздин мектепке иштегени келип калды. Ага ашык болгон кыздар көп эле. Алардын катарында мен дагы бармын. Бир күнү биз кече уюштурмак болуп калдык. Жогорку класстын кыздары мектепке концерт берип, анан артында бий кечесин уюштурмак болуп чечтик. Демилгечиси – жаңы келген агайыбыз. Ушул кезге чейин ошол күн тагдырымдын каргашасыбы же бактысыбы, өзүм да ажырата албай келем. Жеңемдин жардамы менен ал күнү кечеге куурчактай жасанып бардым. Баарынын эле караганы мен. Атүгүл курбу кыздарым да суктанып алышты.
– Айжан, бүгүн чырайың башкача, деги абайлачы...
– Биз билебиз ким үчүн минтип жасанып келгениңди...
Кыткылыктай күлгөн курбуларымды жактырбай нары бастым. Бир кезде бий башталды. Жаныма жакын келген жигиттердин баарын жаман көзүм менен карап жаттым. Анткени, тилегеним, көксөгөнүм бир гана Азимбек агай болчу.
– Сизге мүмкүнбү?
Аркамдан чыккан үнгө жалт карай салып, көргөн көзүмө ишене албай туруп калдым. Агай жанымда турган экен.
– Айжан, кечеге көңүл ачуу үчүн келет. Эмнеге сенин маанайың пас? Жанатан бери карап турсам эч ким менен бийлеген жоксуң. Балким, сен күткөн адам келбей жаткандыр,- деди ал сынай тигилип.
– Жок, андай деле эмес...
Мукактана түшкөн жаным эмне дээримди билбей бутумдун башын карап туруп калдым.
– Балким, мага бир бий тартуулаарсың...
Ал жообумду күтпөстөн колумдан тартып кетти. Мен каршылык көргөзгөн жокмун. Жүрөгүм дүкүлдөп, агайдын келишимдүү жүзүн карайм. Ошол учурда бардыгы менин бактыма суктанып, көз артып жатышкандай болду. Бактыма башым айланган жаным эч нерсени ойлогонго чамам келген жок. Тек гана Азимбек агайдын эркине баш ийе бердим. Эл тарай баштаганда ал кайрадан жанымда пайда болду. Жолдо экөөбүз эзелки тааныштырдай кол кармашып кетип бара жаттык.
– Айжан, эмне унчукпайсың?
– Сөзүм деле жок.
Ал дагы үн катпай калды. Ажырашкыбыз келбей көпкө турдук. Айтор, ошол күндөн баштап агайсыз жашоом жоктой сезиле баштады. Мен эч нерсени ойлогум келбеди. Болгону, ушул адамдын кучагынан чыкпай, өмүр бою жанында калгым келди. Ошондон көп өтпөй дал ошол адамга жүрөгүмдү, өзүмдү, дилимди, денемди багыштадым. Бирок, ал кезде баары мен каалгандай болуп чыкпасын биле бербеген элем...
ЖООПСУЗ СҮЙҮҮ
Ошентип, күндөр өтүп жатты. Менин мектепти бүтүрөөрүмө бир ай гана калган эле. Бир күнү үйдү көздөй келе жатып тааныш караанды көрдүм. Азимбек кимдир бирөө менен кучакташып бара жатыптыр. Көрүп турсам да “кантип эле ошол болсун, ким менен кучакташат эле ал?” деп жаман ойлорду таптакыр жаныма жууткум келген жок. Ошентип, көргөн көзүмө ишенгим келбей андан ары адымдадым. Бирок, жүрөгүм бир нерсени сезгендей сыздап жатты...
Үйгө жакын калганда отура калып, көңүлүм айнып кусуп жибердим. “Бул эмнеси? Оо, Кудай, кош бойлуу болуп калдым бекен?” Коркунуч денемди дүрүлдөтүп жиберди. Чекемден тер чыбырчыктай түштү.
– Балам, өңүң кантет?
Апам байкуш үстүмө үйрүлө калды. Колумдан кармалап, үстүмө жылуу жууркан жаап, баары күйпөлөктөп калышты.
– Апаке...
– Алдыңа кетейин, “бирөөнүн көзүнөн, бирөөнүн сөзүнөн” дейт. Деги абайлап жүрчү. Киринелеп калбадың бекен?
Башымды жуурканга катып, ичимден ыйлап жаттым. “Апам байкуш билсе эмне дейт болду экен? Атам билсечи? Анда тирүүлөй теримди сыйрышат го? Кой, эртең Азимбекке айтышым керек. Ал бир нерсени ойлоп табат. Балким, үйлөнүп алып шаарга кетип калаарбыз. Эмнеси болсо да айтышым керек”. Ичимден бекемденгеним менен ага даап айта албадым. Ушул күндөрү агай да менден оолактап, көзүн ала качып, жаныма жолобой калган эле. Ичимден кан өтүп, эмне кылаарымды билбей жүрдүм.
– Ай, кызыке, турсаң...
Жеңемдин түрткүлөп жатканынан ойгонуп кеттим. Көзүмдү ачсам күн чыгып, шашке маал болуп калган экен.
– Эмне болду, жеңе?
– Турсаң, апам экөөбүз тойго бара жатабыз. Үйдө эч ким калган жок.
Жасана кийинип алган жеңем көңүлдүү сүйлөдү. Мен да туруп, кийингенге аргасыз болдум.
– Кимдин тою экен?
– Тигил силердин жаңы келген агайыңар үйлөнүптүр.
– Эмне-е?
– Азимбек беле?! Ошол. Биздин Мараттын кызын алды дейт. Агасы кубанып, эми эле сүйүнчүлөп кетти.
Калчылдаган боюмду токтото албай телмирип тура бердим. Сыртка чуркап чыгып айгай салып бакыргым келди. Оо, Кудай, ушундай да болобу? Бул эмне деген жаза эле? Кантип? Кантип менин Азимбегим ушундай кылсын? Демек, баары жалган экен да? Көрсө, ал мени жөн гана утурумдук оюнчук кылып жүргөн экен го... Эми кантем? Кандай айла кылам?
Апамдар кетишээри менен төшөгүмө бүк түштүм. Ыйлап жаттым. Тагдырымды талкалаган сүйүүгө да наалат айттым. Бирок, баары кеч эле. Көрсө, Азимбек бардар турган үйбүлөнүн жалгыз кызын алып, ошолор аркылуу байлыкка маарымак экен. “Өзүнөн үч жаш улуу, карадалы аталып калган кызды кандай эле ала калды десе...” деп айыл-апада көпкө чейин сөз кылып жүрүштү. Ошентип, тез арада эле турмушум астын-үстүн болуп, айлам жок отуруп калдым. Күндөн-күнгө соолуп бара жаттым. Ошол боюнча мектепке да барган жокмун. Аттестатымды курбу кыздарым үйгө алып келип беришти. Тагдырымды талкалаган адамды көргүм келбеди. Тез эле аалам толгон сүйүүм жек көрүүгө айланып чыга келди.
«БАЛАҢДЫ МАГА БЕР...»
Менин абалымды эч ким байкаган жок. Талаа-түздө дыйканчылык менен алышып жүргөн агам да, атам да, алтургай апам да менин кош бойлуу болуп калганымды аңдашпады. Бир гана жеңем менин сырымды билип калды.
Ал күнү мен өзүмдү жаман сезип отурган элем. Жеңем мени шектүү карап турду да, шарт жаныма басып келди.
– Айжан, качанкыга чейин жашырмаксың?
– Эмнени, жеңе?
– Менден жашырбай эле кой. Мен мындан бир нече күн мурун эле билгем. Кана, канча айлык боюңдагы? Атасы ким?
Жеңемдин түз берген суроолорунан шаштым кете түштү. Шылкыйып отуруп калдым.
– Жеңе, айланайын, эч кимге оозуңдан чыгара көрбө. Атам, байкем билсе мени түрүүлөй мууздашат.
Буркурап ыйлап, жеңемдин аягына жыгылдым. Жеңем да бир топко мени менен кошо ыйлап отурду.
– Атасы ким?
– Сураба, жеңе, аны сурабай эле койчу?! Жанымды кыйнабачы?!
– Деги алчу немеби?
Мен башымды чайкадым.
– Эми эмне кылмакчысың?
– Билбейм, эптеп шаарга кетсем, анан иштесем...
– Шаарда алдагы ичиң менен сага иш табыла коёбу? Андан көрө башка айла тап.
Жеңем экөөбүз ошол түнү таң атканча сүйлөшүп чыктык. Эч айла табыла койбоду. Ошондо жеңем өзүнүн да боюнда бар экенин, эгер макул болсом өз баласына кошуп багып алаарын айтты.
– Кантип?
– Эч кимге билгизбей эле. Бул сырды бир мен, бир сен эле билгендей болосуң. Башка эч кимге айтпашыбыз керек.
– Байкеме дагыбы?
– Байкеңе айтабыз го... Мен ага жай түшүндүрүп көрөм,- деди жеңем ойлуу гана.
Чын эле ойлонуп көрсөм, жеңемдин акылы туура экен. Айла жок макул болдум. Апамдарга “Ошто иштеп жатат” деген шылтоо менен мени Ошко жиберип ийди жеңем. Ошентип, мени жашоодо дагы кандай нерселер күтүп жатканын билбей ичтен сызып Ошко жөнөдүм.
КЕЧИР МЕНИ, НАРИСТЕМ...
Менин төрөөр учурум да келип калды. Мени бул нерседен куткарышканы үчүн агам менен жеңеме ыраазы болушум керек эле. Бирок, баламдан айрылгым келбей жатты. Кантсе да алгачкы сүйүүдөн, таза кыялымдан жаралган наристе эле го.
Канткенде аны да, намысымды да сактап кала алам? Канчалык ойлонсом да арга таба албадым.
Өлүм менен өмүрдүн ортосунда жатып аман-эсен уулдуу болдум. Баламдын кичинекей колдору мага сунулганда бактыма, ызама чыдабай ыйлап жибердим. Кургурум, ай, төрөлөөрү менен апасынан айрылаарын билип жаттыбы, балам көпкө ыйлады. Эки күндөн кийин жеңем төрөдү. Анан ошол замат агам экөө өздөрүнө жаздырып алып, айылга алып жөнөштү. Көз жашымды көлдөтүп кала бердим. Аттиң, ушул учурда мен биротоло энелик бакыттан айрылып жатканымды сезбеген экенмин...
ЖАҢЫ ТУРМУШ
Ушундан көп өтпөй менин колумду сурап жатышканын уктум. “Кудалашып койгондон кийин кайда барат эле. Айжан акылдуу жан, кантсе да бизди жер каратпайт” деп баргандарды узатышкан экен. Ошентип, тойго да камданып калышты. Тез эле Жанышка турмушка чыктым. Күйөөм токтоо, түшүнүктүү адам эле. Мени да көзүнүн карегиндей карачу. Алгачкы күндөрү менин суздугумду, көңүлүмдүн жоктугун билип турса да, унчукпай чыдап жүрдү. Турмушум жакшы эле. Эч нерседен кем болгон жокмун. Бирок, бир нерсе эле көңүлүмдүн түпкүрүндө уюлгуй берди. Канчалык аракет кылып, канчалык жаңы турмушка бет алайын десем да болбой уулумду унута албай койдум. Аны унутуш үчүн эмне гана айла кылбадым. Кудай мени жазаладыбы, айтор, Жаныш экөөбүздүн ортобузда бала болбой койду. Балким, балалуу болсок, өткөнүмдү аз да болсо унутуп калаар белем, ким билсин. Дарыгерлер да менин төрөбөстүгүмдүн себебин таба алышпады. Кайненем төрөбөстүгүмдү уккандан кийин катаалданып, мени кордогонго өттү.
– Ит да тууйт. Менин уулум куубаш өтмөк беле? Кетирип, башка аял ал. Мелтейип турганында кеп бар мунун. Башында эле кабагы ачылбай түшкөн, ошон үчүн минтип балага зар болуп жүрөт.
Ушундай күңкүл сөздөр жүрөгүмдү көзөп өтчү болду. Бир күнү кайненемдин уу сөздөрүнө такыр чыдай албай кеттим.
– Мен туубас эмесмин. Менин балам бар!- деген сөз кантип оозумдан чыгып кеткенин билбей калдым.
Мына, тамашаны көрүп ал! Кыйкырып-өкүргөн кайненем бул сөздү жөн калтырбады. Акыры Жанышка чындыкты айтууга аргасыз болдум.
– Жаныш, мени кечир, жаштыктан бир жаңылгам, болгондо да оңолгус болуп жаңылгам. Сен менин жаралуу жүрөгүмдү канчалык дарылайын дегениң менен майнап чыкпайт окшойт. Мен эми кетейин. Бактылуу бол. Кудайдын каргышына калсам керек. Мен сага бала да төрөп бере албайт окшойм. Кечир мени.
Жаныш үн каткан жок. Бир оокумда гана башын көтөрө берди.
– Мен сенсиз жашай албайм. Мейли, экөөбүздүн балабыз болбосо, анда сенин балаңды бала кылып алалы. Мен ага да макулмун. Бир гана жанымдан кетпе.
«ӨЗ АПАМА КЕТЕМ...»
Чындыкты эч кайда ката албайт экенсиң. Ошентип, 5 жылдан кийин бул чындык менин туугандарыма да, Жаныштын туугандарына да айкын болду. Менин төрөбөй калганыма боорлору ачыдыбы, айтор, жеңем менен агам мага уулумду кайтарып бермей болушту. Менин бакытыма чек жок эле. Ошентип, күйөөм экөөбүз барып баланы алып келдик. Бирок, бул бакытым да көпкө созулбады. Балам таптакыр мага көнбөй койду. Канчалык боорума тартайын десем да, “апама кетем” дегенден башканы айтпайт. Күндөн-күнгө саргарып бара жатканын көрүп өзүм да кыйналдым. Бир күнү ойноп отурган балам дарбаза ачылаары менен ордунан тура калды.
– Апам... апам келди окшойт.
Чын эле жеңем босогодо бизди шыкаалап ыйлап турган экен. Баламдын колу жеңемдин мойнуна ороло түштү.
– Апаке, мени алып кеткени келдиңби?
– Чыдабадым, көңүлүм түтпөй койду. Сагынычтан ооруп да калдым.
Жеңем буркурап ыйлап, уулун кучактап алып жалынып да жатты. Ошол учурда гана мен эне-баланын ортосунда мындан ары тоскоол болуп тура албасымды сездим. Менин эч кандай акым жок эле. Мен экөөнүн ортосунда ашыкча адам экенимди сездим. Жеңемдин жанына бардым да, көзүнүн жашын аарчый бердим.
– Кой, жеңе, ыйлабачы?! Мен... мен келесоо түштөн кийин эне болгум келгенин кара. Мага көнчүдөй түрү жок. Алып кет.
Жеңем мага ишенбегендей карап калды.
– Ооба, жеңе, алып кет. Уулуң эми сеники.
Күтүлбөгөн бактысына ишенбей кеттиби, жеңем баласын ошол замат колдон ала эшикке чыкты. Томпоңдоп апасынын жетегинде кетип бара жаткан баламды карап ичим ачышып турду. Алардын караанын алыстан узатып, көз жашымды жутуп кала бердим.
ххх
Азыр Жаныш менен бактылуу жашоодомун. Борборго көчүп келгенбиз. Балабыз жок болгону эле болбосо, баары жакшы. Ошентсе да эне болуу бактысынан үмүтүмдү үзө албай келем.
Нуржамал Жийдебаева