Блиц-маек
Кырк өрүм чачтуу, нур жүздүү кыздары сулуу кыргыздын. Ооба, бул сөздүн чындыгын Акмөөр, Таттыбүбү сыяктуу сулууларыбыз далилдеп келген эмеспи. Акыркы убакта кыргыз керме каштары өлкөбүздү чет жерде даңазалап келет. Сөз сулууларга бурулуп кетти окшойт. Анда бул жаатта кененирээк маалымат алсак. Белгилүү стилист Замира Молдошева жаңы долбоор ачып,сынак өткөзгөнү турат.
– Замира эже, жакшы кабарыңыз бар экен, кепти ошондон баштасаңыз. Көпчүлүк "Замира Молдошева сулуулар сынагын өткөргөнү жатат" деп түшүнүп алышыптыр...
– Жакында маданият тармагында жакшы жаңылык болгону турат. Бирок сулуулар сынагы эмес, сулуулук чеберлери күнү өткөрүлөт. Бул долбоордун автору менмин. Өзүмдүн 15 жылдык иш тажрыйбамда бир да жолу стилист же дизайнерлер белгилүү датабызды белгилебейбиз. Мугалимдердин, врачтардын өздүк майрамы бар. Ал эми биздей чеберлердин майрамы белгиленбейт. Анысы аз келгенсип, мамлекет тарабынан эч кандай көңүл бурулбайт. Канчалаган дизайнерлер жана стилисттер сыртка чыгып, коллекциялары, чач жасалгалары менен Кыргызстандын атын чыгарып жүрүшөт. Бирок мамлекет тарабынан бир да ыраазычылык сөзүн уга элекпиз. Маданият министрлигине кат жолдогонубузда алар “жакшы долбоор экен, колдойбуз” деп макулдугун билдиришти.
– Эмне үчүн 9-сентябрды сулуулук чеберлеринин күнү деп атап алдыңыздар?
– Себеби 1942-жылы 9-сентябрда Америкада биринчи жолу Бүткүл дүйнөлүк сулуулук күнү белгиленген экен. Орусияда 1995-жылдан бери бул күн белгиленет. Кудай буюрса, 2010-жылы сулуулук чеберлеринин күнү биринчи жолу Кыргызстанда өткөрүлмөкчү. Ошентип, 9-сентябрь жыл сайын сулуулар эмес, сулуулук чеберлеринин күнү деп аталып, кыргыз тарыхында калат. Тааныштарыма тамашалап "качан мен дүйнө салганда гана бул күн өткөрүлбөй калбаса, мен тирүү кезде сулуулук чеберлеринин күнүн белгилейм" деп айтып жатам.
– Аталган сынакты кайсы жерде өткөрөйүн деп жатасыздар?
– Улуттук филармонияда өтөт. Бул долбоордо стилист жана дизайнерлер кызыл килемден өтүшөт. Филармониянын чоң залына Маданият министри келип, чеберлерге сыйлык тапшырат. Андан соң модельер жана дизайнерлердин сынагы башталат.
– Сынактын шарттары менен тааныштырып кетсеңиз?
– Сынак 4 стиль боюнча өткөрүлөт.
1-авангард стили фантазияга жараша болот. Керек болсо, гезиттен кечеге кийилүүчү көйнөк тигип көрсөтсө болот.
2-этника. Бул заманбап, бирок улуттук кийимди чагылдырган стиль болуп эсептелет.
3-каваи. Тентек кыздардын стили. Ар кандай ачык түстөгү кийимдерди кийсе болот.
4-трансформер. Бул стилде бир эле кийим 4-5 функцияны аткарса болот. Мейли, куртканы юбка кылып кийсин, мейли, шарф кылып оронсун. 50гө жакын моделдер катышат. Алардын эмгегин, талантын мыкты калыстар тобу баалайт.
– Жеңүүчү аталабы, аталса кандай сыйлыктар берилет?
– Баш байге 100 000 сом, 1-орунга 30 000 сом, 2-орунга
20 000 сом, 3-орунга 10 000 сом акчалай сыйлыктар коюлган. Сыйлыктар эч кандай демөөрчү жок эле өзүмдүн атымдан берилет. Акыркы мезгилде өлкөбүздө ойго келбес иштер болуп, элибиз жабыркап турат. Ошондуктан аз да болсо өз өлкөмдүн маданиятына салым кошоюн деп жатам.
– Замира эже, бул долбоордун көздөгөн максаты эмнеде?
– Эң негизги максаты – биздин дизайнерлерди дүйнөлүк аренага алып чыгуу. Эмки жылы дизайнерлерди, стилисттерди чет жерге окууга жөнөтөбүз. Анан алар такшалып, кыргыздын жүзүн таанытат. Ушул жерде кошумчалай кетчү нерсе, бул сынакты жылда өткөрүү менен бирге, чет жакка кетип жаткан модельерлерди өзүбүзгө кызмат кылууга алып калуу.
– Сынакты ким алпарат? Эмне кызыктар болушу күтүлүүдө?
– Долбоор орус-кыргыз тилинде өтөт. КВНде мыкты ойногон эки жигит алпарат. Билет баасы 300 -500 сом. Коноктор кечеге кийилүүчү көйнөкчөн болушу шарт. Эң кызыгы, “Люкс” салонунун кызматынан пайдаланган белгилүүлөр Гүлнур Сатылганова, Алтынай Нарбаева, Асел Турдалиева, Мирбек Атабеков, Кундуз Канатбек кызы, Даниель жана башкалар чач жасалгаларын көрсөтүп подиумга чыгышат. Алар өздөрүнө жаккан дизайнерлерге сыйлыктарды тапшырабыз деп уюшуп жатышат.
Мындан сырткары Опера-балет театрынын бийчилери бийлешет. Ошондой эле 2 жаштан 5 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн чач жасалгалары да көрсөтүлөт.
– Эмне дейбиз, баштап жаткан ишиңиз ийгиликтүү болсун.
Бурул Исмаилова
star@super.kg