"АПА, САГА ЭРКЕЛЕЙ АЛСАМ КАНА?!"

Өмүргө түркүк болуп тирүү калган эч ким жок. Анткен менен жакыныңдын жаныңда болбогону, анын бул жашоодо жогун сезүү – ушунчалык ачуу. Өлбөгөн жанга жаз келип, күндөр сабалап өтө берет экен. Ал күндөр кандай өтүп жатканын ар бир адам өз жон териси менен гана сезе алат. Жүрөгүңдө, жан дүйнөңдө болуп турган алай-дүлөйдү эч ким сени менен тең бөлүшө албайт.

Эне – кандай асыл?! Анын узак өмүр сүрүп, тирек болуп жаныңда жүргөнү опол тоодой бакыт. Эгер сен ушул бакыттан куру эмес болсоң, анда башка жактан, башка нерседен бактылуулукту издеп убара болуу кажет эмес. Эне бар жашсың, бактылуусуң, түгөлсүң, жүрөгүң тынч. Эртеби-кечпи, бир күнү сыйпалап эле таппай каласың. “Энем үчүн эмне кылдым?” деп көп ыйлайсың. Бирок эч нерсени өзгөртө албайсың. Сагынасың, эркелегиң келет, мээримине суусайсың... А мен “энем жанымда эле жүрөт” деген ишеним менен ичимден сүйлөшүп жашап келем.

– Апоу, мен сизди ушунчалык сагындым. Үнүңүздү угуп, бекем кучактап эркелеп, алдыңызга башымды жөлөп мээримиңизге кансам кана?!

– ...

– Жаман кызыңыз бул түнү да ыйлап жатат. Ыйлап тынчыңызды албайм деп көп жолу убада бердим эле... Ооба, убадама дагы тура алган жокмун. Дайыма аракет кылып келем. Бирок жүрөгүм жанчылып кетип жатпайбы. Кайратым чарчаган өңдүү, алаксытууга күчү жетпеди, балким, ыйлап көксөөсү суусун дегендир...

– ...

– Эч ким ойгонбойт, сезишпейт. Жуурканга башымды катып алдым, жаздыгым суу болот, бул жаздык менин канча жашымды сиңирип, бул жууркан көз жаштардын канчасын катты?..

Эне, сизге таянып, эркелеп, жыргал жашоонун доорун сүрүптүрбүз. Өзүң барда баары сонун, баары башкача эле. Бүтүндөй жашообуз сиз менен даамдуу, сиз менен көрктүү болчу экен. Сиз жок көрксүз, кунарсыз, кылымга тете болгон маңызы жок жылдын канчасы өттү. Алапайыбызды таппай жашообуз астын-үстүн эле болуп калды. Алгачкы жылдары биз жөн эле боштукта жашап жаттык. Эми-эми жашоого жандана карай баштадык. Анткен менен кубанычты толук сезе албайт экенсиң. “Энем болсо мындай болот эле... Ал да ушуну көрсө, маңдайы жарыла сүйүнсө эмне?!” деген нерсе көкүрөктү өйүп турат.

Бөлмөдөгү чогуу жашаган кыздар “апам салып жибериптир” деп тамак-ашын жайып, кудуңдап калышканда ичим тызылдап кетет. Кээде апасы менен урушуп же “2000 сом эле саласызбы?” деген сыяктуу болбогон нерсеге таарынып, “уктап жатканда уйкуну бузасыңар да” деп телефон чалса жаман көрүп жатышканда, ушул чалуу мага келсечи деп суктанып алам. Бул мүмкүн эмес. Түшүмдө көргөнүмө кубанып, ошого ыраазы болом. Түшүмө бат-баттан кирип туруңузчу.

– ...

– Мен өткөндө “апам бизди урушчу беле?” деп эстегенге аракет кылдым. Бирок эч эстей албадым. Сиз бизди жаман сөз айтып урушуп, башка-көзгө чапкан эмес экенсиз. Кыйнап иш кылдырып, бала каратып түйшүктү бизге үйбөй, баарына өзүңүз чуркачу экенсиз. Балдарымдын кийими бүтүн, курсагы ток болсун деп жүрүп өзүңүздү унутуп, бүт өмүрүңүздү бизге арнадыңыз. “Эми мына чоңоюп калышты” деп жатканыңызда шум ажал сизди колубуздан алып койду. Биз сиз үчүн эч нерсе кылганга жетишпей калдык...

– ...

– Эшикте жаз. 8-Март да келип калды. Мен бул майрамды апалардын майрамы дечү элем. Кичинекей кезимде сизге аябай белек бергим келип, лимонаддын бөтөлкөсүнө акча чогулта баштабадым беле. Ага акча чогулбай калып, 5 сомдук лакомка шоколад менен, кагазга куттуктоо жазганым эсиңиздеби?.. Жыл сайын бул майрам жакындаганда бушайман болом, көзүмдөн жаш тегеренет. Бул күнү белек көтөрүп алып сизди куттуктап, кубанганыңызды көрсөм кандай бактылуу болмокмун. Бирок бул жылы да гүл алып сизге барам...

Аида

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-03-09 10:43:41
Апалар аман болсунчу.
+1
Isikkolumkeremet
2020-03-09 13:29:26
Мен озум апа болуп..балдарым мн бала болуп..айтоор жан дуйномду толуктагым келет...
+1
mirana9395
2020-03-09 21:41:38
Эх сизге куч кубат сабыр берсин,Куран окуп коп коп дуа кылын.Куран окуп дуа кылганда апакениздин даражасын которулуп атканын,кайсы Бир куноолору болсо сиздин дуаныз мн куноолору кечирилип суйунуп атканын элестетип.озунузду кыйнап жаткан Жан дуйнонуздон чыгарыныз.
Жакынын козун откондо Гана баркын билет экенсин.Менинда арманым чон энем козу тируу болгондо башкача болмок бирок аттин андай болбойт экен.
+1
burul98
2020-03-11 14:25:23
Кандай гана тааныш сезим
0
№ 905, 5-11-март, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан