«ЖЕНЬШЕНЬ – ӨМҮРДҮН КҮЧҮ» ИЛИМИЙ ЖАКТАН ДАЛИЛДЕНГЕН ТАБИЯТ КЕРЕМЕТИ

Женьшендин тамырынын формасы адамдын денесин элестетет.

Тамырдын жогорку одур-бодурлуу бөлүгү кары адамдын башы, андан чыккан сары өзөк денеси, каптал тамырлары кол жана бут сымал. Каптал тамырларынын жоондору адатта төртөө. Женьшенди дарылыкка өстүрүп баккандар жогорку одур-бодурлуу бөлүгүнөн, жадакалса «беттин келбетин», «ооз» жана «мурунду» байкаса болот дешет.

Өсүмдүктүн тамырынын адамдын денесине сыйкырдуудай окшоштугу табияттын тамашасы деп ойлоо акылга сыйбайт.

Мындан 3000 жыл мурда адамдар женьшенди ден соолук үчүн колдонуп башташканы бекеринен эмес. Мындай керемет өсүмдүк сырткы көрүнүшү менен гана адамдарга окшошпостон, курамы жана касиети жагынан да окшош.

Кытай тилинен которгондо, «жень» – адам, «шень» – тамыр де­ген­ди билдирет. Уламыштарда женьшень адам катары жаралгандыгы айтылат. Чагылган тунук сууга түшөт да, аны менен кошо жер алдына кетет. Экөөнүн жупташуусунан улам керемет чөп жаралат. Андыктан байыркылардын «женьшень ооруларды айыктыргандан тышкары өлгөн адамды тирилтүүчү пайдалуу өсүмдүк» деп эсептешкени бекеринен эмес.

Бүгүн, көптөгөн жылдардан кийин байыркы уламыштын сыйкырдуу маңызын электен өткөргөн окумуштуулар женьшенден жасалган каражаттар өмүрдү, жаштыкты узартарын ишенимдүү айтышат. Андай каражаттар физикалык жана акыл жактан чарчоону жазып, ишке жөндөмдүүлүктү жана жыныстык функцияны күчөтөт, тамакка табитти ачат, артериалдык кан басымды жөнгө салат, борбордук нерв системин тынчтандырат. Булар женьшень менен дарылагандардын ойдон чыгаруусу эмес, илимий жактан далилденген фактылар.

Табият женьшенди адамга өтө пайдалуу кылып жараткандыктан, заманбап окумуштуу-технологдордун милдети – женьшендин пайдалуу касиеттери толук камтылган каражаттарды иштеп чыгаруу болууда. Ошондой эле каражаттын курамындагы ингредиенттер бири-биринин пайдалуу касиеттерин басып койбой, кайра күчөтө тургандай кылып иштеп чыгууда турат. Оптималдуу форма болсо иштеп чыгарылган!

Күчөтүлгөн виталдуу (жашоодо маа­ни­лүү) фитонаноцевтикалык «Женьшень – өмүрдүн күчү» комплекси – бул женьшендин биомассасын нанотүзүмдөөнүн жардамы артында байыркы Сибирь табыптарынын рецепти боюнча жасалган табигый өсүмдүк бальзамы.

Женьшендин тамыры жана жалбырагынын мицеллярдык формасынын колдонулушу артында фитонаноцевтикалык бальзам жогорку даражадагы касиетке ээ.

Бальзам кайсы учурларда колдонулат?

Жүрөк-кан тамыр системинин иштеши бузулганда (жүрөктүн ревматикалык оорусу, тахикардия, вегетососудистая дистония жана башка)

Нерв системинин маселелери

Гипертония жана гипотенияда кан басымды калыптандыруу

Ревматизм, артрит, артроз, муундардагы оорутуу, остеохондроз, подагра

Иммунитетти көтөрүү жана организмди чыңдоо

Түрдүү инфекциялык, бактериалдык жана вирустук оорулар, суук тийүү

Дем алуу жолдорунун жана каңылжаардын инфекциялык оорулары

Тамак-ашты сиңирүү системинин оорулары (тамак-ашты сиңирүү бузулганда, гастрит, ашказандын жана 12 эли ичегинин жарасы)

Боор оорулары, бөйрөк жана табарсыктын оорулары (бөйрөктөгү жана табарсыктагы таш, цистит, пиелонефрит)

Өт жолдорунун дискинезиясы,
өт баштыкчасында өттүн туруп калуусу,
өттүн таш оорусу

Простатит, простатанын аденомасы

Теринин инфекциялык-аллергиялык оорулары

Көздүн кан тамырлары бузулганда пайда болгон көз оорулары

12 жаштан өйдөгүлөргө күнүгө 2 маал 1 чай кашыктан ичилет. Кош бойлууларга ичүүгө болбойт

Кардарлардын ой-пикирлери

“Муундарым, тамагым оорубай калды”

– Жашым өткөн сайын мени түрдүү оорулар кыйнап баштаган. Алып айтсам жүрөгүм, муундарым ооруп, кан басымым көтөрүлөт. Тамагымдын сезгенгени айыкпагандыктан түрдүү дары-дармектерди ичтим. Гезиттен бальзам тууралуу окуп калып, сатып алдым да иче баштадым. Аз убакытта жакшы жыйынтык бере баштады. Кан басымым калыптанды, муундарым, тамагым оорубай калды. Бальзамды чыгаргандарга ыраазычылык!

Гүлжахан Байниязова, 78 жашта, Кызылорда шаары

“Кайненемдин жөтөлү басылды”

– “Супер-Инфо” гезитинен женьшень бальзамы тууралуу окуп калдым. Кайненем бронхит оорусу менен көптөн бери жабыркап келе жаткан. Түнү уктап жатканда да жөтөлчү. Жашы 63тө. Бальзамды сатып бердик, үчөөнү алсаң 1өөнү кошуп берет экен. Кайненем бальзамды 3 күн ичкенден кийин тынч уктап, түнү жөтөлбөй калды. Ортончу балам 5 жашта, ал да жөтөлүп, кыйнала берчү эле. Бирок бальзамды 12 жаштан жогоруларга ичүү сунушталат экен. Мен балама 1 маалдан берип көрдүм. 3 күндөн кийин баламдын абалы жакшырды. Буга сүйүндүм. Врачка алып барсаң көп дарыларды жазып бере берет. Андан көрө организмге зыяны жок бальзамды берген туура деп ойлойм. Бальзамды жараткандарга жана тараткандарга чоң рахмат!

Гүлзат, Бишкек шаары

“Муундарым тынчымды албай калды”

– Менин кан басымым жогору болчу. Жаш кезден бери муундарым ооруп, тынчымды алчу. Гезиттен женьшень бальзамы тууралуу окуп, неберем сатып берди. Аны ичкенден 4-5 күндө абалым оңолду. Жатып-турушум жеңилдеп, муундарымдагы оору билинбей калды. Кан басымым калыптанды. Тамак ичсем сиңбей, ашказанымдын өйкөп оорутканы да бар болчу. Бальзамдан улам азыр жегеним-ичкеним жакшы. Тың кыймылдап, үйдөгү иштерди жакшы жасап жатам.

Анара Бабакулова, 57 жашта, Бишкек

“Баш оорум азайып, уйкум тынчыды”

– Мен жаш кезимде аскерде ракета бөлүмүндө кызмат өтөгөм. Анын жыйынтыгында башым ооручу, кийин өнөкөт түргө айланган. Ооруганда да катуу ооруйт эле. Баш ооруга кошумча кийин жүрөк, бел, бут, кол, өт оорулары кошулду. Иммунитетим түшүп, сезон алмашканда суукка бат-бат урунуп ооруп калар элем. Жинденүү, уйкусуздуктан да азап чегип келе жаткам. «Супер-Инфо» гезитинен женьшень бальзамы тууралуу окуп, аны сатып келүүгө неберемди жибердим. Көптөн бери ичип жатам. Баш оорум азайды. Иммунитетим көтөрүлүп, физикалык жактан активдүү болуп калдым. Уйкум калыптанды.

Исенбай Оразбаев, 76 жашта, Алматы облусу, Карасай району, Береке айылы

“Жүрөгүмдүн оорусу тынчымды албай калды”

– Илгери жаш кезде оорусам дарыланбай жүрө берип, ооруларымды өнөкөткө айлантып алгам. Уйку жана калкан безим, жүрөгүм ооруйт. Тамак-ашты ченеп ичип, дарылар менен жашап келе жаткан элем. Бальзамды кызым сатып бергенден бери ичип жатам. Уйку бези жана жүрөк ооруларым токтоп, тынчымды албай, тамак-ашка жакшы аралашып калдым. Сергек, шайдоот тарттым. Ал тургай короого чыгып, мал карашканга жарап жатам. Бальзамды чыгаргандарга рахмат!

Сейдалы Күлчороев, 73 жашта, Сокулук

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 905, 5-11-март, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан