Опол тоодой эмгек өтөп койгонуна карабай жөнөкөй бойдон калуу улуу инсандардын жөндөмү. Мына ошондой жөнөкөйлүк сапатка ээ кыргыз легендасы, «Кыргыз кереметинин» түптөөчүлөрүнүн, автордук кыргыз киносунун негиздөөчүлөрүнүн бири Геннадий Базаровдун асыл ойлорун ортого салабыз.
Базаров Геннадий Садырович
1942-жылдын 14-майында Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында туулган. 1966-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтунун (ВГИК) режиссёрлук факультетин аяктаган. Эмгек жолун 1959-жылы «Кыргызфильм» киностудиясында баштаган. Адегенде жумушчу, оператордун ассистенти, кийинчерээк режиссёрдун ассистенти болгон. 1967-жылы «Саманчынын жолу» тасмасын жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өзүнүн сунушу менен дипломдук иш катары тарткан. «Көчө», «Чоңдор үчүн баш калкалоочу жай», «Карагыз», «Аномалия», «Искусство жөнүндө баян» жана башка бир катар көркөм, документалдуу тасмалар жана психологиялык драмалардын жаратуучусу. Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, сценарист, телеалпаруучу, сүрөтчү. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.
– Саламатсызбы, агай? Сиз менен жолугушуу буйруп калганына кубанычтамын. Азыр эмне менен алексиз?
– Саламатчылык! Азыр КТРКнын алдындагы "Кыргызтелефильмде" иштеп жатам. Акча болсо кино тартабыз. Болбосо, өзүмдүн автордук «Альтернатива» деген телеберүүм менен алектенем.
– Сизди көркөм тасма тартып жатат деп уктум...
– Ооба, "Кыргызфильм" "көркөм тасма тартып бериңиз" деп сунуштады, макул болдум. Ал адамдардын өзгөргөнү тууралуу психологиялык драма. Тасма мурда адамдар кандай эле, азыр кандай, эмне себептен нравасыздык, руханиятсыздык кездешип жаткандыгы тууралуу.
– Тасмаларыңызда коомдогу нравасыздык тууралуу көп айтасыз. "21-кылым адамзаттын деградациясынын эпохасы" деп айтканыңыз да бар. Ачыктап берсеңиз?
– Нравасыз адам гана пара алат, пара берет, бирөөнү өлтүрөт, жашы жете элек баланы зордуктайт. Мунун баары азыр коомдо бар. Бардыгы өйдө жактан башталат. Жетекчиси пара албаса, анын орун басары да албайт. Бийлик ээлери коомго үлгү болушу керек. Эл балдарына «көрдүңөрбү, чынчыл, абийирдүү министр экен. Ушундай инсан болгула» деп айтышы керек. Кичинебизде ата-энебиз бизге «Исхак Раззаков, Аалы Токомбаевдерден үлгү алгыла, ошолордой болгула» деп айтар эле. Бүгүн мен өз балдарыма, неберелериме кимден үлгү алышы керек экенин айта албайм.
– Нравасыздык кайдан, эмнеден улам келип чыгып жатат деп ойлойсуз?
– Илгери эл намыскөй болчу. Азыр намысты унутуп коюшту. Азыр «биз кыргызбыз, Манастын урпактарыбыз» деп төш каккан курулай намыс бар. Мындайды көрсөм, ыйлагым келет. Манаска тийишпей эле койгулачы. Андан көрө өзүңдү карап, «кандай адам болдум, кандай даражага жеттим?» деп суроо берчи. Адам өзүнө сын көз караш менен карашы керек. Бир классик «өз кемчилигин билген эл сыйга татыктуу» деп айткан экен.
– Азыр бизде «мен баарынан кыйынмын деп жашаш керек» деген түшүнүк бар...
– Нравасыздык деп ушуну айтса болот. Дүйнөдөгү алдыңкы бастардын бири болгон Болот Миңжылкыевдин бир мааракеде алпаруучуну чакырып алып, «ай, балам, сен менин наамдарымды, сыйлыктарымды айтпай эле жөн эле Болот Миңжылкыев сүйлөйт деп койчу» деп айтып жатканын угуп калгам. Мен билген улуу инсандар – Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова, Бүбүсара Бейшеналиева, Муса Баетов, Чыңгыз Айтматовдор жөнөкөй, адамгерчиликтүү, мурдун көтөрүп «мен кыйынмын» дебеген инсандар болушкан.
– Акыркы күндөрү көпчүлүктү өлкөдөгү аялдардын укугу ойлондуруп жатат. Кандай ойлойсуз, өлкөдө аялдардын, балдардын укугу тиешелүү деңгээлде корголуп жатабы?
– Жетиштүү деңгээлде корголбой жатат. Аялдар зомбулукка кабылып, өлтүрүлүп, жаш балдар зордукталып жатат. Жакында эле бир аксакал өз небересин зордуктап салгандыгы тууралуу окудум. Бул аракетти эч нерсе актай албайт. Эмне болуп баратабыз? Жаман суу төгүлгөн чуңкурга кулап бараткандайбыз. Улуу жазуучу Фёдор Достоевскийдин «Баланын көз жашы агып турганда адамзат өнүгө албайт» деген жакшы сөзү бар.
– Сиздер кино аркылуу коомдогу терс көрүнүштөрдү элге алып чыгып жатпайсыздарбы. Айрымдар муну «биздин кемчиликтерибизди алып чыгып, башка элдин алдында уят кылып жатасыңар» деп сындашат...
– Орустарда «үйдөгү акыр-чикирди тышка чыгарба» деген сөз бар. Мен үй таза болушу үчүн таштандыны чыгарыш керек деп ойлойм. Бардык терс көрүнүштөрдү элге көрсөтүш керек. Алар кайда баратканыбызды, кимге айланып баратканыбызды, канчалык уят болуп, канчалык деңгээлде адамдык сапатыбызды жоготуп жатканыбызды көрүп, ойлонушу керек. Ошол себептүү ичкичтер, сойкулар, селсаяктар, кайырчылар, кедейлер тууралуу тартам. 21-кылымда өлкөдө кедейлердин кездешүүсү өлкө үчүн абдан уят көрүнүш.
Эски кинолорумду көрүп, кечээ эле тарткандай болом. Анткени андагы көтөрүлгөн маселелер азыр бар. Мисалы, «Аномалияда» эне баласын төрөп, таштандыга ыргытып салат эмеспи. Ошол сыяктуу окуя жакында катталбадыбы. Бир эне коомдук дааратканага баласын таштап кеткени эсиңиздеби? Ал баланы эл заңдын арасынан сууруп чыгышкан. Наристени жаш жубайлар багып алышты. Кийин кыздын апасы пайда болуп, жаш жубайларды сотко берип, «бул менин кызым. Кызымды бергиле, же миллион сом бергиле» деп талап кылып жатканын уктум. Уят деген барбы? Кыз чоңойгондо аны апасы дааратканага таштап салганын угуп кандай акыбалда калат, ошол чындык менен ал кыз кантип жашайт?
– Ооба, өкүнүчтүү. Сиз дагы фестивалдарга катышып, сыйлык утуп алайын деген максат менен тасма тарткансызбы?
– Жок. Мен андай максат койбойм. Азыр жаштар бир тасма тартып алып эле «Оскарды» кыялданышат. Андайда күлкүм келет, кээде ыйлагым келет. Сен биринчи режиссёр бол. Режиссёрлук жылдап эмгек кылуу менен келет. Ар бир кино – бул өзүнчө мектеп.
– Жаш режиссёрлордун арасынан баса белгилеп айтчулары барбы?
– «Күйөөгө тийем», «Аял алам», «Супер кудалар» деген комедиялык тасмалар тартылып жатат. Мен аларды кызыктуу фильм, мыкты режиссёрду байкап каламбы деп баам салып, көрүп турам. Тилекке каршы, азырынча олуттуу, оригиналдуу, мааниси терең кино же келечектеги Океев, Шамшиев, Убукеевдерди көрө элекмин. Элдин көңүлүн ачып жатышат. Бирок искусствонун элди тарбиялоо, элдин деңгээлин көтөрүү деген негизги милдети иштебей жатат.
– Маектериңизден байкасам, италиялык кинорежиссёр Федерико Феллининин «Режиссёр дайыма тоскоолдуктарга кабылып турушу керек. Ошондо изденүүгө, эксперимент жасоого муктаждык жаралат» деген цитатасын көп эстейт экенсиз...
– Илгери цензура бар болчу, бирок ошол учурда шедеврлер жаралган. Азыр цензура жок, чыгармачылык да жок. Ошондуктан көп учурда Феллининин ошол сөзүн эстейм.
– Сиздин чыгармачылык жолуңузда дагы кандай тоскоолдуктар болду?
– Азыркы тоскоолдук – каражаттын жетишсиздиги жана маданиятка көңүл бурулбай жатканы. Илгери бизге көңүл бурулчу. Исхак Раззаков дайыма эл менен кошо театрга барчу. Азыр бир да депутат, министр же президенттин спектаклге, киного келгенин көрбөйбүз.
– Жубайыңыз, балдарыңыз тууралуу айтып бериңизчи?
– 1 уулум, 2 кызым, 3 неберем бар. Уулум Словакияда жашайт. Ошол жактан үйлөнгөн, бир кызы бар. Кыздарым Германиянын жарандары. Турмушка чыгышкан, балдары бар. Балдарым жыл сайын жайында келип, эс алып кетишет. Жубайым Райва Тойгонбаева экөөбүздүн чогуу түтүн булатып жатканыбызга 40 жылдан ашты. Кесиби боюнча экономист, ал да ВГИКте окуган.
– Кандай атасыз?
– Жакшы атамын. Мен балдарымдын тандоосуна кийлигишкен жокмун. Алар баарын өздөрү тандашты.
– Алардын Кыргызстандан алыс жашап жатканы сизди капа кылбайбы?
– Жок, өздөрүнүн тандоосу болду. Анын үстүнө Кыргызстанда жумуш жок. Бизде иш табыш үчүн тааныш-билиш, акча керек. Менде анын бири да жок, бай туугандарым да жок.
– Жашоодо эмне баалуу?
– Элдин алдында жүзүңдүн жарык болушу.
– Маегиңизге рахмат. Көп жашаңыз!
Перизат Музуратбекова
star@super.kg