«ЭЛЧИНИН КЫЗЫ»

2019-жылдын күз айларында түрк сериалын сүйүүчүлөр арасында чоң толкундануу жаралды. Түркиянын эң атактуу актрисаларынын бири Неслихан Атагүлдүн катышуусундагы жаңы долбоор күтүлүп жаткан болчу. Анан да атактуу актрисанын сериалдагы бул жолку түгөйү көпчүлүктүн сүймөнчүгү, атактуулугу жагынан да андан кем калышпаган Энгин Акйүрек болду.

Бет ачары – 2019-жыл, 16-декабрь

Өлкөсү – Түркия

Жанры – мелодрама, драма

Режиссёру – Эмре Кабакушак

Башкы ролдордо – Энгин Акйүрек, Неслихан Атагүл, Ураз Кайгилароглу, Берен Генчальп жана башкалар

ИШЕНБЕСТИК АЖЫРАТКАН СҮЙҮҮ

Башкы окуя эки башка социалдык катмардын өкүлдөрү болгон Санжар менен Нарэнин айланасында жүрөт. Санжар карапайым үй-бүлөдөн чыккан жигит, ал эми Нарэ кадыр-барктуу элчинин кызы. Өзүнүн кызыкчылыктарын биринчи орунга койгон элчи кызынын тандоосуна караманча-каршы. Тестиер кезинен бири-бирин жактырган кыз-жигит түбөлүккө бирге болууга бел байлашат. Бирок сүйүшкөн жуптар баш кошкон түнү ишенбестиктин айынан эки ажырым жолго түшүшөт. Тагдырдын бул сыноосуна туруштук бере албай Нарэ аскадан секирип, өз жанын кыюуга бел байлайт. Бирок, бактыга жараша, аман калып, кош бойлуу экендигин билет. Турмуштун бул соккусу Нарэни психиатриялык ооруканада көз жарууга аргасыз кылат. Тагдырдын далай соккусунан кийин 8 жашка толгон кызы Мелекти атасы Санжарга таштап, өзү мурда учкан асканын чокусуна чыгып өмүрүн кыюуга белсенет. Ал түнү Санжар Менекше аттуу бийкечке баш кошуп, үйлөнүү тою өтүп жаткан эле...

ЖОГОРКУ РЕЙТИНГДИ БАГЫНТКАН СЕРИАЛ

Аталган сериалдын сценаристтери Айше Ферда Эрйылмаз менен Седеф Нехир Эрдем буга чейин “Сен түшүндүр, Кара деңиз” сериалынын сценарийин жазышкан. Алгач “Элчинин кызы” деген аталыш убактылуу гана экендигин айтышып, экранга башка аталышта чыгары кабарланган болчу. Бирок көпчүлүктүн суранычы менен эски аталышы менен калган. Тасманы тартуу иштери Түркиянын Мугла аймагында жүргүзүлүп, бул аймакты дүйнөлүк туристтерге жарнамалоо максатын көздөшкөн. Сериалдын баш каарманын ойногон актриса Неслихан Атагүл тартылуу иштери башталарда мейманканага жайгашуудан баш тартып, ошол аймактан ижарага үй алганын басылмалар жазып чыгышкан. Сериалдын жаратуучулары 21 серияга келишим түзүлгөнүн расмий жарыялашкан. Бирок биринчи сезон 25-26 серияга чейин узартылышы мүмкүн экени айтылууда. Ал эми экинчи сезондун тартылары рейтингден көз каранды болорун кабарлашкан. Азыркы тапта “Элчинин кызы” рейтинг жагынан Түркияда эң жогорку көрсөткүчтү багынта алды.

БАШ КААРМАНДАРДЫН ГОНОРАРЫ КАНЧА?

Баш каармандардын алган гонорарлары тууралуу да маалыматтар тараган. Ага ылайык, Санжардын ролун жараткан Энгин Акйүрек долбоордун ар бир сериясы үчүн 200 миң түрк лирасын (2 миллион 200 миң сомдон ашык) алат. Ал эми Неслихан Атагүлдүн акысы – 140 миң түрк лирасын (1 миллион 600 миң сомдон ашык) түзөт. Бул маалыматтар айтып тургандай, сериалдын бюджети чакан эмес. Долбоор ишке аша электе эле дүйнөнүн бир канча телеканалдары сатып алууга даяр экендигин билдиришкен. Келишимге ылайык, башка өлкөлөрдүн телеканалдары сериалдын биринчи сериясы Түркияда жарыкка чыккандан 2 ай өткөндөн кийин гана которуп, өз көрөрмандарына тартуулай башташты.

НЕСЛИХАН АТАГҮЛ (НАРЭ)

Неслихан Атагүл дүйнөнүн булуң-бурчуна тараган “Түбөлүк сүйүү” (“Kara sevda”) сериалынан кийин ийгиликтүү долбоорго тартыла элек болчу. Түрк киносунун бермети атыккан актриса “Элчинин кызы” сериалы тууралуу: “Сериалдын сценарийи абдан жакты. Сунушталган Нарэнин образын чагылдырууга дароо макулдугумду бердим”,- деп маектеринин биринде билдирген. Ал эми тасмадагы өнөктөшү Энгин Акйүрек менен “Элчинин кызы” долбоору аркылуу таанышып, биргеликте жакшы иш алып барып жатканын кошумчалаган.

ЭНГИН АКЙҮРЕК (САНЖАР)

Энгин Акйүрек – эң популярдуу түрк актёрлорунун бири. Ал КМШ өлкөлөрүнө “Булганган акча жана алдамчы сүйүү” тасмасынан кийин жакшы таанылган. Актёр 1981-жылы 12-октябрда Түркиянын Анкара шаарында туулган. Атасы мамлекеттик кызматкер, апасы үй кожойкеси. Болочок актёр мектепти ийгиликтүү аяктаган соң Анкара мамлекеттик университетинин тарых жана лингвистика факультетинде окуган. Ошол жылдары театрларга көп барып, актёрлук кесипке кызыгуусу ойгонгон. Университетти ийгиликтүү аяктаган соң Энгин Акйүрек “Түрк жылдыздары” деп аталган жаш таланттар шоусуна катышып кинорежиссёрлордун көзүнө илинип, алгачкы сунушун алган. Түрк кино дүйнөсүнүн көз күйдүргөн бойдок жигити атыккан Энгин “Элчинин кызы” сериалы тууралуу “Абдан сонун сүйүү баянын чагылдырган долбоор болду. Сценарий да, актёрдук курам да эң сонун” деген.

УРАЗ КАЙГИЛАРОГЛУ (ГЕДИЗ)

Ураз Кайгилароглу 1987-жылы 30-июнда Түркиянын Стамбул шаарында туулган. Стамбулдун Билги университетин аяктаган. 2008-жылы тартылган “Еs-Еs” сериалындагы журналисттин ролунан кийин жылдызы жанып, сунуштар түшө баштаган. Анын катышуусундагы “Гарем”, “Эски тарых”, “Так ошондой” сериалдары элге жакшы тараган. Ураз Кайгилароглу Мелис Ишитен менен 2014-жылы баш кошуп, Адой аттуу кыздуу болушкан. Бирок жубайлар 5 жыл бирге түтүн булаткандан кийин эки ажырым жолго түшүшкөн.

БЕРЕН ГЕНЧАЛЬП (МЕЛЕК)

Берен Генчальп 2011-жылы 11-ноябрда Түркиянын Измир шаарында туулган. Учурда мектеп окуучусу. Ата-энеси кызынын элдин көңүл борборунда болууну жактырарын байкап, моделдик агенттикке алып барышкан. Дал ошол агенттиктен аны “Элчинин кызы” сериалынын жаратуучулары байкап, Мелектин ролун сунушташкан. Жыйынтыгында кичинекей актриса сериалдагы эң алгачкы ролу менен миллиондогон көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк тапты. Сериал тууралуу кичинекей актриса: "Тасмадагы каарманым Мелек мага окшош. Мага бул каарманды ойноого сериалдагы бардык актёрлор жардам берип жатышат. Өзгөчө Неслихан эже. Экөөбүз таанышкан күнү ал мага китеп белек кылган. Ичинде мага жазган каты бар экен. Бат эле достошуп кеттик",- дейт.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Sayragul
2020-03-17 16:13:17
Мелек 8 жаш экендигине карабастан ушунчалык сонун аткарган. Келечектеги атактуу актриса болоруна шек жок. 1-2 сериясын кордум, ыйлап кордум. Чын эле жакын адамын ишенбегендиги абдан катуу тиери, жакын адамын керектуу убакта колдоо корсотпогону зээнинди кейитет. Укмуш сериал экен. Канча серия болду экен. Кайда корсотулот билгендер жазып койсонор.
+1
Glucke
2020-03-18 02:18:45
Орусча озвучкасы [moderated]да жургон. А эгер туркчо тушунсонуз "Seferin kızı" деп издесениз болот. 14-сериясына келди уже.
-1
Umutai95
2020-03-30 22:44:02
Админ,Түрктөрдүн Чуңкур телесериалы жөнүндө да маалымат бергилечии
0
admin_portal
2020-03-31 16:04:57
Umutai95, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
№ 906, 12-18-март, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан