СТАМБУЛ - ТАРЫХЫ ЗОР МЕГАПОЛИС

Компьютердин маңдайында отуруп «эмнеден баштасам?» деп бир топко ойлондум. Анткени Түркиянын Стамбул шаарына болгон сапарым маалыматка бай болчу. Эмесе, саякаттын урунттуу учурларынан баян. Алгач "эшигин көрүп, төрүнө өт" демекчи, аэропорттон баштайын.

СТАМБУЛДУН...

Эски аталышы – Константинополь

Аянты – 53,43 чарчы чакырым

Калкынын саны – 15,5 миллион

Түркиянын туристтик аймактарынын бири

АЭРОПОРТУН КӨРҮП, ТӨРҮНӨ...

Түркиянын туризмге мамилеси «Стамбул» аэропортунун босогосун аттаганда сезилет. Аэропорттун жаңы тартибине ылайык, келген туристтерди имарат ичинен аты жазылуу «табличка» менен тосуп алууга тыюу салыныптыр. Гигант имарат, чуулдап каршы-терши агылган жүргүнчү. Бизди күткөн гид – Хусейн мырзаны табуу, балким, ыңгайсыздык жаратмак, аэропорттун кичипейил кызматкерлери жардамга келишти. Заңгыраган имаратты үч айланып убара болууга жеткиришкен жок. Түзүк, бул алгачкы жагымдуу таасир эле. "Манасты" элестетип тургам, чыга бериште бура бастырбай, сүйрөгөн чемоданыңды колуңдан тарткылап ыңгайсыз кылган таксисттер да көрүнбөдү. Тартипке "5".

Баса, Стамбулдун бул жаңы аэропорту тууралуу... Дүйнөдөгү эң чоң аэропорт аталганы турат. 2018-жылы ишке берилген, 2023-жылы курулушу толук бүтөт дешүүдө. Толук бүтсө аэропорт өзүнө 500 учакты батырып, бир убакытта 45 учакты учуруп-кондура алат. Жылына 150-200 миллион жүргүнчүнү тейлемекчи. Расмий маалыматка таянсак, бул мегадолбоордун 1-этабына эле каралган акча 26 миллиард доллар. Бул сумма Кыргыз өлкөсүнүн жылдык бюджетинен 12 эсе көп. А биз жалгыз ЖЭБди оңдой албай, карызга алынган акчанын жарымынын дайынын таппай убарабыз.

ТАРЫХ МЕНЕН ЗАМАНБАПТЫН АЙКАЛЫШЫ

Шаарга жөнөдүк. Айтмакчы, Стамбулду 5 күн кыдырып бир нече унаа котордук, салондо дайыма түркчө ырлар жаңырып жатты. Стамбул – тарых менен заманбап жашоо айкалышкан шаар. Биз тарыхтан окуп, угуп, тасмалардан көрүп жүргөн тээ 14-15-кылымдарга таандык курулуштар бүгүнкү Стамбулдун визиттик карточкасы. Шаарга өзгөчө архитектуралык түс берип, Стамбулдун өтмүшүн эскертип турушат. Мисалы, Галат мунарасы, Топкапы сарайы, султандар курдурган атактуу мечиттер, Айя-София музейи өңдүү жайларды көрүү Стамбулга бет алган ар бир туристтин кыялы болсо керек. Таң эрте барганыбызга карабай, Галат мунарасына чыгуу үчүн 20 мүнөттөй кезек күттүк. Гиддин айтымында, бул эрте киргенибиз экен. "Туристтер кээде сааттап кезек күтүшөт" дейт. 14-кылымдан калган мурас, үстүнөн Стамбулга суктанууга мүмкүн, анткени шаар алаканыңда тургандай даана көрүнөт. Сервисти караңыз, таш мунаранын эң үстүнкү кабатына атайын эс алганча чай ичүүчү жай даярдап коюшуптур. Сылык персоналдын бир жылмаюусу жок эле дегенде 2 чыны чай ичтирчүдөй го... Чай демекчи, Түркиянын кара чайы 5 күн ичинде биз эң көп ичкен суусундук болду
окшойт.

4 кылым даңазалуу Осмон империясынын султандарынын башкы резиденциясы болгон Топкапы сарайын айтпасам болбос. «Айтылуу «Даңазалуу доор» сериалы тартылгандан кийин бул жайга туристтердин кызыгуусу болуп көрбөгөндөй өстү» дешет жергиликтүүлөр. Мейли, сериал Топкапынын өзүндө тартылбаса деле. Демек, кыргыз кино жаратуучулары Кыргызды жапайы, түркөй көрсөтүп кино тартуудан тышкары тарыхты даңазаласа деле болот окшойт го? Гиддин айтымында, Түркиянын атактуу кинолору тартылган жайлар бүгүн туристтер арасында абдан популярдуу болууда. Мисалы, "Түбөлүктүү сүйүү" ("Кара севда") жана "Чуңкур" ("Яма")тасмалары тартылган Балат районун биз да араладык. Тааныш көчөлөр, имараттар таң калтыра албаса да, жагымдуу таасир калтырат.

Топкапыга кайталы. Сарайдын өзүнөн да айтылуу гаремди, андагы Хюррем султандын бөлмөсүн көрүүгө ашыккандар көп, эшик оозунда узун кезек. Гаремде үч жүздөн ашык бөлмөнүн учурда 12си гана туристтер үчүн ачык. Убагында дүйнөнүн бир бөлүгүн титиреткен империянын тушундагы курал-жарактар, буюмдар, султандар отурган алтын так... Сырдуу, сүрдүү музейге Стамбулга барып калсаңыз сөзсүз баш багыңыз. Сонун эмоциялар менен чыгасыз.

Атактуу султан Сулейман курдурган Сулеймание мечитине, византиялыктар менен Осмон империясынын айыгышкан салгылашынын калдыктары сакталуу Айя-София музейине баш багып, Европа менен Азияны бөлүп турган Босфор кысыгын кездик. Жыйынтык бирөө – миң уккандан бир көргөн артык. Тарыхый баалуулуктарга ширелген заманбап мегаполис Стамбулдан эч бир турист кайдыгер кетчүдөй эмес.

СЕРВИС МЫКТЫ ДЕҢГЭЭЛДЕ

"Меймандын сүйгөн тамагы – үй ээсинин жарык кабагы"... Таамай айтылыптыр, ресторан кожоюну кардарларга жүгүрүп кызмат кылганын Бишкектен кезиктирүү кыйын. Гид "Осмон империясынын ашканасындагы рецепт боюнча тамак жасашат" деп бир жерге киргизип калды. Ал жайдын ээси бизди, башка кардарларды да өзү баш болуп тейлеп жатты. Сапаттуу сервис, башкысы кардардын курсагын тойгузуп, ага жакшы таасир калтырып, акчасын кагып алуу. Туристтин келишинен да кандай маанайда кетиши маанилүү эмеспи. Стамбулдуктардын жүрүм-туруму, кийими, минген унаасы европалашканы менен, улуттук тили ордун жоготпоптур. Көчөдө көрнөк-жарнактын дээрлик баары бажырайып түрк тилинде жазылып турат. Бали, жакшы таасир калтыра алганың үчүн рахмат, Стамбул!

Бул макаланы даярдоого көмөктөшкөн Түркиянын Маданият жана туризм министрлигине, Түркиянын Бишкектеги элчилигине жана "Вlue Land Tours" компаниясына ыраазычылык билдиребиз.

Топкапы сарайы. Курулган мезгили – 15-кылым. 4 кылым султандардын башкы кеңсеси болуп турган. Музейге жылына 2 миллион турист баш багат.

Босфор көпүрөсү 1973-жылы колдонууга берилген. Узундугу 1560, туурасы 33,4 метр. Босфор кысыгынын эки жээгин туташтырган көпүрө Стамбулдун сыймыктарынын бири.

Мышык – Стамбулдун маданий символу. Шаардын көчөлөрүн миңдеген жолбун мышыктар байырлайт. Ар кайсы өлкөлөрдөн кемелерге илешип келген мышыктар Стамбулду байырлап калышат.

Айя-София музейи. Адегенде чиркөө катары кызмат кылса, Осмон империясынын тушунда мечитке айландырылган. Учурда дүйнөгө белгилүү музей.

Сютлач – түрк элинин улуттук тамактарынын бири. Сүт, күрүч жана шекерден даярдалып, десерт катары муздак берилет.

Автандил Добулбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Mister-X
2020-03-16 19:28:00
Турк эли кардарларына сылык мамиле кылышат,бирок колунда иштеген жумушчуларына кулдай мамиле жасайт.Акча учун баардык нерсеге барат.Турцияда сойкуканалар коп жана аларда иштеген кыздар чет элдиктер.Кээ бир кыздар оз ыктыяры менен иштесе,кээ бири зордук менен иштешет.Анан да туркко тийип балалуу болгондон кийип ажырашса,баласы созсуз атасында калат.Турк баланы чет жерге энесине кошуп чыгарбайт.Турк улутундагы бала Турцияда гана жашаш керек.Бул маселе окмот тарабынан корголгон.
+1
Sharipa-asia
2020-03-22 13:04:55
Мен да барып коруп келгим бар,тарыхый жерлер кызыктуу мага
0
№ 906, 12-18-март, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан