(Башы өткөн сандарда)
Бир топтон кийин Адыл ага:
– Самат, өзүң жалгыз кантип коркпой келдиң?- деди.
– Чынын айтайын, адегенде Карагандага абалды байкайын деген эле ойдо келгем. Анан бир топ күн резиденцияны күзөттүм. Катаал күзөтүү жок экенин билгенден кийин сизди куткарып кетүүгө көзүм жетти. Бул шансты колдон чыгаруу мүмкүн эмес болчу.
– Рахмат, иним, көйгөйлөрдү чечип алалы биринчи, анан сүйлөшөбүз калганын. Баары бир уктай албайт окшойм, уктайын десем эле өзүмдү капаста жаткандай сезип жатам. Самат, сен айдай бер. Жол узак, мен сага мындай жашоого кантип аралашып калганымды, башымдан өткөргөн күндөрдү айтып берейин. Сен менин иним болуп калдың,- деп өмүр баянын айтууга киришти. Бирде кабагы түйүлүп, бирде жылмайып, бирде ой басып тагдырын баяндап баратты Адыл ага:
– Ата-энем Союз маалында Карагандада алтын комбинатта иштечү, бардар жашачубуз. Жокчулук эмне экенин билбей, эски же жыртык кийим кийбей өстүм. Мектепти бүтүп аскерге кеттим, Рязандагы десанттык бөлүктө кызмат кылгам. Аскердик милдетти өтөп бүтөрүмө 1 ай калганда Союз ыдырап кеткен. Аскерден келип атам катуу ооруп калганын билдим, мени кыжалат болбосун деп айтышпаптыр. Алтын комбинатта зыяндуу заттарды изилдөөчү лабораторияда иштегендиктен ден соолугу кетиптир. Бир жарым жыл мурун иштен чыгып, дарыланып жүргөнүн укканда катуу тийди. Дайыма зыңкыйып, сүрдүү жүргөн атамды ооруп төшөктө жатып калат деп такыр ойлогон эмесмин. Бир жылдан бери көрүнбөгөн дарыгери, каккылабаган эшиги калбаптыр. Дарыланууга көп акча керек болуп, шаардагы төрт бөлмөлүү батирди сатып, шаар четиндеги чакан жер үйдө жашап жатышкан экен. Бул арада комбинатта кыскартуулар болуп, апам да иштен бошотула турган болуп калганда атамдын ооруп жатканын айтышып, араң ишин сактап калыптыр. Баягы бардар жашоо жок, төрт бөлмөлүү чакан үй көзүмө бир башкача көрүнүп маанайым түштү.
Оору деген оору, атам арыктап жүдөп калыптыр. Аны караган апамдын көрүнүшү да аянычтуу болчу. Иштейин десем ылайыктуу иш чыкпай аргам түгөндү. Акыры апам суранып жүрүп өзү иштеген комбинаттын коопсуздук кызматына мени ишке киргизди. Бир сутка иштеп, үч сутка бошмун. Айлыгы деле жарыбаган сумма болчу, бирок ал кез айлык чана турган убак эмес эле да. Бош күндөрү ар кандай иште жалданып иштеп, кошумча акча табам. Атам комбинатта иштеп турганда кадырлуу киши болгону менен, дарылануусуна деп акчалай жардам беришпеди. Кээде мен тааныбаган кишилер келип ал-жайын сурап, мөмө-чөмө таштап кетишчү.
Иштегениме жарым жылдай болгондо комбинаттын базасында жаңы ишкана түзүлүп калды. Жетекчиси Нартай Калыкович деген киши эле. Бир күнү түнкү саат үчтөрдө ишканага капкара жол тандабас минип келип калды, күзөттө мен болчумун. Бөлмөдөн чыккыча күтпөй сигнал басып шаштыны кетирди. Тартип боюнча, эртең мененки саат жетиге чейин ишканага бир да адам кирип, бирөө да сыртка чыкпашы керек. Унаанын жанына барсам айнегин түшүрдү эле, ичтен арактын жыты “бурр” дей түштү. Тиги жетекчи учурашкан да жок, шылдыңдап буйрук бере сүйлөдү:
– Эй, кумурска, ач дарбазаны! Эмне, Кудайыңды тааныбай калдыңбы?- деп каткырып күлдү. Жанында дагы бир адам отуруптур, анысы кошо каткырып күлүп калды. Арткы орундукта жапшаш эки кыз отурат, баары кызуу экени көрүнүп турат. Алар арт жактан коштоп калышты:
– Кумурска? Ха-ха-хаа... Нартай ага, кана, күчүңүздү көрөлүчү,- деп шыңкылдап күлүштү.
Бул Нартай деген комбинатка ишке жаңы киргенде атамдын колунда бир жылдай иштеген. Мени бул жерге жумушка апам ушул адам аркылуу киргизген. Тигинтип “кумурска” деп шылдыңдап турса, өзүмдү араң кармадым. Дарбаза ачпайм десем сөгүп, жаңжал салмак. Ачып киргизип жибердим.
Бул окуядан көп өтпөй, атамдын оорусуна керек күчтүү дары табылып калды. Бирок кымбат экен, акча издеш керек. Атамдын “барба” дегенине болбой ушул Нартай Калыковичке бардым.
– Нартай Калыкович, билесиз, атам көптөн бери ооруп жатат. Керектүү дары табылды, бирок кымбат болууда. Акча бере турсаңыз, айлыгымдан төлөп кутулам,- дедим.
Мени бир топко тиктеп турду да, “ойлонуп көрөйүн, эртең кел” деди. Бул жооп мага “макул, берейин” дегендей угулуп, апама сүйүнчүлөп жибердим. Эртеси жолуксам көңүл кош гана “иним, акча болбой калды, бере албайм” деп, ошол маалда кабинетине кирип келген адамдар менен учурашып, алар менен бир нерселерди сүйлөшө баштады. Ызам келип, кабинетинен атып чыктым. Кийин жанагы жер үйүбүздү күрөөгө коюп бирөөдөн акча таап, дарыны алганбыз. Атам ошону ичип жакшы болуп кетти. Жайлоого барып жайы менен саамал, кымыз ичип, күздө кадимкидей өзүнө келди. Атамдын “кайра иштейм” дегенине апам экөөбүз болбой койдук. Нартай Калыковичтин баягы мамилесин көпкө чейин унута албай жүрдүм.
Коопсуздук кызматынын башчысы Пётр Иванович деген киши эле. Анын тилин таап, колуна акча берип жатып ишкананын башка бөлүгүнө которулуп алдым. Ал жакта иштегендер айлыгын айтышпайт эле, бирок жакшы төлөнөрүн билчүмүн. Анткени анда иштеген жигиттер тез эле үй, машина алып бутуна туруп кетишчү. Бул жай негизги пост, таза алтынды ушул бөлүктүн цехине алып келишип калыптарга куюп, номерлерди басып, андан ары банктарга алып кетишчү. Ал жерге кирип чыккандар атайын сканерден өтүшчү, адамда кымындай алтын болсо аппарат чыйылдап жиберет. Алтын уурдоо дегеле мүмкүн эместей. Жаңы бөлүктө иштегениме бир ай болоюн деп калган, бир күнү иштен чыксам артымдан Санёк деген орус бала унаасы менен жете келип, “үйүңө жеткирип коёюн” деп салып алды. Демейде минтчү эмес, бир нерсе айтарын же сурай турганын дароо сездим. Үйгө жеткиче унчуккан жок, жетип эми унаадан түшөрдө:
– Адыл, токтосоң, сенде сөз бар,- деп калды. Сөздү эмнеден баштаарын билбей ыңгайсыздана түштү эле:
– Санёк, айта бер. Мени билесиң, ачык сүйлөшкөндү жактырам. Сыр болсо экөөбүздүн ортобузда эле калат,- дедим ага ишеним бере.
– Билем, ошон үчүн сага айтайын деп жатам. Адыл, сөздүн ачыгы, сени көпкө чейин байкап жүрдүк. Ишеничтүү, сатып кетпей турган баласың. Кыскасы, комбинаттан алтын алып чыгабыз, ага сенин жардамың керек,- деди да, эмне дээр экен дегендей түр менен тиктеп калды. Күтүүсүз сунуш уккансып чочубадым, кубанып да кетпедим, жөн гана кандай жардам керектигин сурадым. Кыскасы, жигиттер алтын уурдап чыгышарын, күзөттө турган мен эмне кыларымды, текшерүү болуп калса эмне деп жооп беришим керектигинен бери айтты. Акырында “азыр уурдабасаң жашай албайсың” деп менден жооп күтүп калды. Муктаждык эмне гана кылбайт, сунуштан баш тарта алган жокмун. Анын үстүнө атамды толук дарылатууга да акча керек болчу. Жигиттер өз ишин кылып, менин үлүшүмдү берип жатышты. Бир жолку эле үлүшүм айлыгымдан эки эсе көп акча болчу. Тез эле акча топтоп, үй-жайды жаңылоого жетиштим.
Алтын уурдаган командадагы жигиттер шаарда тез-тез жолугуп турабыз. Бир күнү Артём деген шеригибиз мени үйүнө чакырып калды. Ичимдик ичтик, бактын ичинде көпкө сүйлөшүп отурдук. Жөн чакырган жок, азыр бир иштин башын чыгарат деп күтүп жаттым. Жаңылбаптырмын, бир убакта Артём оюндагы сунушун ортого салды:
– Адыл, карьерде үч-төрт куюлма алтын бар. Салмагы бир килограммга барып калат чамасы, ошону алып чыгыш керек. Жолун тапсак болобу?..
– Азыр бир нерсе айта албайм. Жообун кийинчерээк берейин,- дедим сөздү атайын башкага буруп. Унчукпай, бир топко ойлонуп калды. Артём ишеничтүү эле жигит, алдабайт. Карьер тоонун арасында эле. Аянт айлантып аябай зым менен тосулуп, ар бир элүү метр жерде бирден кароол мунара орнотулган. Тегерете камералар да орнотулуп, ар бир 50 метрде бирден күзөтчү турат. Бир караганда бул жерден жашырып бир нерсе алып чыгып кетүү мүмкүн эместей.
Карьерде куюлма алтындар үч-төрт даана деп жатса, демек, андан башка да бар. Алтын таап алгандар “бир күнү алып чыгып кетем” деп бекитет да баары бир. Алысты көз алдыңа даана көрсөткөн жаңы дүрбү сатып алып, карьердин маңдайындагы тоого чыгып алып үч күн дүрбү салып байкаштырдым. Карьердин адам барбаган жагында түлкү, жолбун ит-мышык көп жүрөт экен. Түлкүлөр адамдарга жакындабайт, ит-мышыктар күзөтчүлөрдүн жанына чейин коркпой-үркпөй келип, кайра кетишет. Күзөтчүлөр да көнүп бүткөн го, аларга көңүл бурушпайт деле. Башыма бир ой келди...
(Уландысы кийинки санда)