Рустам Аскаров: «ЭКИ ИРЕТ ТЕРРАКТКА КАБЫЛЫП, АМАН КАЛГАМ»

Кесип

Учкуч болууну кыялданбаган бала болбосо керек. Бирок өжөрлөнүп талпынгандар гана максатына жетип, учкуч формасын кийип, учу- кыйырсыз асманды багынта алышат. Бүгүнкү биздин каарман – “Кыргызстан” авиакомпаниясынын учкучу Рустам Аскаров. Ал авиакомпаниянын ишенген учкучу болуп эсептелет.

АНКЕТАСЫ
Туулган жылы – 1980-жылы 17-апрелде Бишкекте төрөлүп, өскөн.
Билими – Бишкектеги Суворов атындагы аскер лицейин жана Кыргыз авиациялык колледжин аяктаган.

Кызмат өтөгөн компаниялары:

  • 2000-2002-жылдар аралыгында “Кыргызстан аба жолдору” жана “Алтын эйр” авиакомпанияларында экинчи учкуч болуп иштеген.
  • 2003-жылы БАЭде жашап, авиакомпанияда кызмат өтөгөн.
  • 2004-жылы Кыргызстанга келип, “Кыргызстан” авиакомпаниясында (мурунку “Алтын эйр”) ишин улантып, азыркыга дейре эмгектенип келет.

Учурда бир эле мезгилде – Ту-154 учагында командир, Ан-24 жана Hawker Beechcraft King Air 350 Proline 21 учагында командир-инструктор болуп кызмат кылат.
Барып көргөн өлкөлөрү – Дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрү (Япония, Корея, Австралия, Бразилиядан тышкары).
Кызыккан спорттору – Кикбоксинг менен машыгат. Окуучу кезинде каратэ менен алектенген.
Хоббиси – Балык уулоо, лыжа тебүү.
Ашканада – Палоо, шорпо жасаганды билет. Шишкебек бышыруунун устаты.
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 1 кыз, 1 уулдун атасы.
Максаты – Бардык типтеги учактарды башкарууну өздөштүрүү.

Жолугушуу белгиленген жерге белгиленген убакытта машина келип токтоп, андан түшкөн жигит сылык салам узатты. Дароо эле баарлашчу жигит ушул экенин аңдадым. Аптапта сейил багын аралай маекке кирдик. Сөздөрүнөн кыраакы, абдан билимдүү жана мекенин сүйгөн адам экендиги билинип турду.

– Аэронавт, учкуч, авиатор... Бул сөздөр ар башка айтылганы менен, мааниси бир. Рустам, айтсаң, бул кесипке кандайча келип калгансың?
– Биздин туугандар ичинде учкучтар династиясы бар десек болот. Айта кетсем, абам (атамдын иниси) жана анын баласы, бир тууган эжемдин баласы, анан мен учкучпуз. Мага көбүнчө абамдын таасири тийди. Аны менен жолукканыбызда учактар, алардын түрлөрү, чет элдер тууралуу сөз кылчу. Мен да кыялымда абамдай болуп чоң учакты башкарып, дүйнөнү көрүүнү самачумун. Акыры тилегим ишке ашып, минтип учкучтук кызматты аркалап келем. Чынын айтсам, учакка биринчи жолу отурганымда мунун баары түшүм эмеспи деп да кеткем.
– Учактар канча чакырымга дейре көтөрүлөт? Мындай кезде сени кандай сезимдер коштойт?
– Алыскы рейстерге учканда учактар 11 чакырымга дейре бийикке көтөрүлүшөт. Жерди карасаң суулар көпкөк, токойлор жапжашыл, ал эми чокусу ак каптаган тоолор күмүштөй жылтырап, тим эле бейиштегидей көрүнөт. Ал эми экологиясы бузулган, токойлору өрттөнгөн аймактар куту учуп, көзгө комсоо көрүнөт. Ушундан улам “адамдар, экологияны сактагыла. Эч нерсени бүлүнтпөйлү!” деп кыйкыргың келет.
– Сөзүңө караганда табиятка жакын көрүнөсүң...
– Ооба, кооздукка, табиятка жакынмын. Кайсы өлкөгө каттабайын, убакыт боло калса эле тарыхый жерлери жана табияты менен таанышууга кызыгам. Менин акыл-эс кампамды ар өлкөгө каттаган рейстерим байытып жатат деп койбоюнбу...
– Байыган демекчи, билишимче, Дубайда жашап-иштеп келгенсиң. Анан эмне үчүн ал жакта калып калган жоксуң?
– Чынын айтсам, мен башка өлкөнү көздөй бет алып жерден көтөрүлүп жатканда эле Кыргызстандан биротоло кетип жаткандай ичим сыйрыла түшөт. Даанышмандардын “адамдын киндиги туулган жери менен туташкан” деген сөзү бар го... Дал ушул сөздүн касиетин ошентип алыскы өлкөгө учуп жатып сезип, билем. Мына ушул сезим мен материалдык байлыкты көздөгөн күндө да чет элде иштөөмө тушоо болот. Ошон үчүн азыр Кыргызстандамын.
– Кесибиң жер, эл таанууга шарт түзүп берет экен. Ал эми ишиңердин оор жагы кайсылар?
– Эң оору, жооптуусу – учуунун коопсуздугун камсыздоо. Бул деген учакты жана анын ичиндеги жүргүнчүлөрдү же жүктү аман-эсен өз убагында белгиленген жерге жеткирүү. Кокус учуу маалында приборлордун бири иштебей калса, анда аны дароо жөнгө салуу, күтүлбөгөн кырдаалга жараша бат чечим кабыл алуу... Кыскасы, учкучтун акылы, көрүүсү, угуусу, туюусу учуу кезинде 100 пайыз иштеп, 5 секунд да алаңдап калбоосу керек. Ошол 5 секунд тагдырды чечип коюшу мүмкүн. Кыскасы, жүргүнчүлөрдүн жана учактын тагдыры сенин колуңда. Демек, ишенимди кандай болсо да актоо керек.
Кээде бел чечпей иштеген учурлар болот. Мисалы, апрель окуяларында Жалал-Абад менен Ошко күнүгө 4-5 рейстен каттап, гуманитардык жардам ташыдык. Ушинтип тынымсыз 2 апта иштедик. Мындан тышкары абалы оор, ок жеген адамдарды операция үчүн Ош, Жалал-Абаддан Бишкекке, Москвага ташып жаттык. Ошондо онтогон адамдарды көрүп, операцияга чейин аман жетип, айыгып кетишсе экен деп тиледим.
– Учактын тетиктеринин бири бузулуп, оңдоого туура келген же күтүүсүз кырдаалдан улам учуу маршрутун өзгөрткөн учур болобу?
– Мындайлар жолугат. 2-3 жолу учактын генераторунун бири иштебей калып, запастагы генераторду ишке кошконбуз. Кээде нөшөргө, калың кара булуттарга кез келебиз. Калың булуттарды аралай учканда учак бир аз калдаңдап, адамдар силкине башташат. Мисалы, Ту-154 учагы салмагы 104 тонна экендигине карабай силкинет. Мындай учурда жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн учуу маршрутунан 1,5 чакырымдан тарта 150 чакырымга чейин четтеп учабыз. Кээде учакка мас же психикасы начарлар түшүшөт. Мастар өзүн кыйын сезип, төшүн ургулап, кыйкырып буйрук бере башташат. Психикасы начарлар жакындарын, өкмөттү жамандагандан баштап азыр учактын кулап түшөрүнө чейин, айтор, ар нерсени айтып, элди бейпайга салышат. Мындай кезде аларга сылык түрдө 3-4 ирет эскертүү берилет. Болбосо экипаж мүчөлөрү чыгып аны байлап, борт-механиктин жанындагы орундукка отургузуп коёбуз.
Кээде айрымдардын оорусу кармап калат. Мындай учурда атайын көрсөтмөгө ылайык керектүү жерлер менен байланышып, жакын жердеги аэропортко конууга аргасыз болобуз. Оорулууну ал жерден “Тез жардам” алып кетет.
– Рустам, силердин авиакомпаниянын жетекчилигинин айтымында, Кыргызстандын өкмөт жетекчисин жана өкмөт мүчөлөрүн ташуучу атайын рейстерди сага ишенип тапшырышат. Буга эмне себепкер? Стажыңдын көптүгүбү же учактардын түрүн өздөштүрө алганыңбы?
– 10 жыл ичинде мен Ан-12, Як-40, Ан-24, Ту-154, ВАС-1-11, Hawker Beechcraft King Air 350 Proline 21 учактарын башкарууга жетиштим. ВАС-1-11 учагын өздөштүрүү үчүн Англиядан, ал эми Hawker Beechcraft King Air 350 Proline 21 учагын өздөштүрүү үчүн Америкадан окуп, стажировкадан өткөм. 2009-жылы King Air 350 учагын Америкадан Кыргызстанга алып келдим. Болгондо да Вичита (Канзас штаты) -Канада-Гренландия-Исландия-Финляндия-Казакстан аркылуу.
Булардан тышкары Дубайда иштеп жүргөндө Ирак, Иран, Ооганстан, Пакистан, Африка, Индия, Индонезия, Иорданияга эл, жүк ташыдым. Иракка каттап жүрүп, 2 жолу террактка да кабылдым. Ушулардын баары мени ишке бышырып, тажрыйбамды арттырды. Администрациянын ишеним көрсөткөнүн ушул жана оң сапаттарымдан деп билем.
Учак менен министрлерди, депутаттарды ташыгандан тышкары ШКУ кезинде Беларустун президенти Лукашенко менен Грузиянын президенти Саакашвилини Бишкектен Тамчыга жеткирдим.
– Террактка кабылганың тууралуу айтып берсең...
– Экөөндө тең окуялар окшош кайталанды. Иракка гуманитардык жардам жеткирип барган элек. Учак эми конгондо эле граномёттон ок ата башташты. Кырдаалды дароо аңдап, учактан секирип түштүк. Чуркап, керектүү жерден жата калып тоголонуп дегендей, октон кутулуп кеттик. Кудайдын колдоосу менен учагыбыз да жабыр тарткан жок. Бирок экинчи жолкусунда ажал менен бет келгендей болгом.
– Кайсы өлкөлөр эмнелери менен эсте калды?
– Мага Арабия, Англия, АКШ бардык жагы менен жагат. Негизи, ар өлкө, шаарлар түрдүү өзгөчөлүгү менен эсте калат. Лондондон Биг-Бен (атактуу чоң саат), Диана атындагы сейил багы жакты. Бактын ичиндеги плитада “мында ханбийке Диана сейилдөөнү жакшы көрчү” деген жазуу бар.
Ал эми Африканын Жибути өлкө­сү­нө барганымда элдин жашоосунун начарлыгы, суунун тартыштыгы жана кымбаттыгы зээнимди кейитти. Кондиционер деген жок, калтыратма оорусун чакыруучу чиркейлер толтура. Акыры ал өлкөнү экинчи кыдыргыс болдум.
– Маегиңе рахмат. Ишиңде ийгилик болсун!

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
jazgul
2010-09-03 18:14:54
келинчеги орусбу?
0
Адам
2010-09-03 23:56:59
Кыргыз аба жолдору тезарада "кара тизмеден" чыгып дүйнөнүн баардык жагына уча турган кез да келээр!
0
padishah
2010-09-05 20:38:51
Орус болсо да анча мынча кыргыз кыздарга караганда жакшы карап, кызганбай этпей бала-чакасы менен кутуп иштоого мумкунчулук бергенине ырахмат деш керек орус женебизге
0
Yoma
2010-09-06 09:40:47
Jazgul seni kiziktirgan jalgiz suroo ushulbu??? Ozu dele kirgiz emes, birok Kyrgyzstandyn chynygy patriot jigitterinen eken Rustam baykebiz. Respect Rustam bayke.
0
№ 409, 3-9-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан