Тып-тып-тып... Жанга баткан тамчы. Эшикте күн суук. Жамгыр нөшөрлөп жаап жатты. Күндүн суугу аз келгенсип үйдүн ичинде жылуулук жок эле. Бүрүшүп тамчы тийбеген бурчта отурдум. Аябай сүрөтчү болгум келчү. Фотоаппарат көтөргөн кишини көргөндө көзүм жайнай түшчү. Мага үйдө эч ким жок учур жакчу. Жалгыздыгымдан пайдаланып кыялданып алар элем. Үйдүн муздагына, курсагым ачканына, шыптан чыпылдап тамган тамчыга кайыл болуп фотоаппарат көтөрүп элди сүрөткө тартып жүргөнүмдү элестетип кыяданып отурдум.
Кеч кирип калыптыр. Тыштан күбүрөнүп сүйлөп келаткан атамдын үнү чыкты. Дароо керебеттин астына кире качтым. Сүйлөнүп келип керебетке кулады. Мен болсо ичимден ушул бойдон ойгонбой уктап кетсе экен, апамдын келгенин сезбесе экен деп тилеп жаттым. Апам талаа жумушунда иштечү. Ал жумуштан келмейинче курсагымдын ачканы ачкан. Кээде үйдө тамак-аш болсо, кээде апам иштеп акча алып келмейинче караманча ачка калчумун.
Апам келип калды. Атамды ойготуп албайлы деп шыбырашып сүйлөшүп, курсагымды тойгузуп, жылуулап жаап жаткырып койду. Жатарда дайыма тынч уктасак экен деп тиленип жатчумун. Кээде тилегим кабыл болуп, атам менен апам урушпай таң атса кубанчумун.
– Сен эмне жумуштан кеч келдиң, катын болгон сени!
– Сен иштеп бизди баксаң үйдө эле отурбайт белем!
– Жап жаагыңды, энеңдурайын, мени эмне колунан иш келбейт дегиң барбы?
Ушинтип айтышып отуруп кармашууга барышчу. Бир жолу тура калып арача болоюн деп бара калсам атам мени көмөлөтө бир койду.
– Балага эмне тиесиң? Тийбе ага!
– Балаң экөөңдү. Балаңды мага тукуруп жатасың. Кептин баары сенде...- деп таң атканча уруш уланды.
Кийин урушту ырбатпайын деп канча ирет уктамыш болуп жаттым.
Үйдөгү абалга карабай мектепте жакшы окучумун. Бир сынак жарыяланып, байгеси фотоаппарат дегенди укканда мага берилип жаткандай эле кубангам. Эч нерсеге карабай китептерди окуп, ырларды жаттап аябай даярдандым. Сынактан ийгилик жылмайып, дал мен кыялданган фотоаппарат колума тийди. Жеңгеним деле мааниге ээ эмес болчу. Фотоаппаратты колума алып кубанычым коюнума батпай жатты.
Үйгө келип алып баскылап көрүп жаттым. Жанынан жарым карыш да алыстагым келген жок. Кудуңдап менден өткөн бактылуу киши жок эле. Ичиндеги плёнка бүткөндө сүрөттөрдү Самара эже чыгартып келип берет деп кубанып жүргөм. Бир күнү бул бактымдын бырын-чырыны чыкты. Атам үйгө келгенде фотоаппаратты кармап отурган элем.
– Алып келчи алдагыны, кармалап эле отурасың,- дегенде бербей койдум. Колумдан жулуп алып дубалга чаап таштады.
Көз жашым көл болуп ыйлап отурдум. Чачыраган сыныктарды чогултуп жаттым. Ар бир сынык көзүмө жек көрүү болуп кадалып жатты. Өксүп ыйлап жатсам атам “мен өлгөндө ушунтип ыйлаарыңды Кудай билет” деп өзүн күнөөлүү сезгиси келген жок. Чындап атамдан көңүлүм калыптыр, кийин ал ичкиликтен каза болду. Көзүмдөн бир тамчы жаш чыккан жок. Үстүбүздөгү жүктөн кутулгандай эле болдук. Коркпой чай ичип, коркпой уктап, шыбырашпай катуу үн чыгарып сүйлөп калдык. Жашоо шартым оор болду деп жаман жолго басып кеткен жокмун. Максатыма жетем деп тырмышып жүрүп, окуумду бүтүрдүм. Акча топтоп эң жакшы фотоаппарат сатып алдым. Учурда алдыңкы сүрөтчүлөрдүн катарындамын, Кудайга шүгүр. Апам ийгилигиме кубанса төбөм көккө жете түшөт. Чыдадым, мына эми бардык оорчулук артта калды. Бүгүн шаарды бийиктен карап, өткөн күндөрдү эске салып, бир ичиркенип алдым. Эч качан атамдын кылгандарын кайталагым келбейт. Андай болсо ата болбош керек...
Алтынбек