ТЕМИРЛАН СМАНБЕКОВ ДЕН СООЛУГУНАН УЛАМ НАРЫНДАН БОРБОРГО КАЙТТЫ

Эки жылдан бери Нарын облустук музыкалык академиялык драма театрынын директорлугун аркалап келген Темирлан Сманбеков борборго кайтты. Ал Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театрынын директорлугуна дайындалды. Ал эми аталган театрдын мурунку директору Жолдошбек Аманкулов Нарын шаарына которулуп, директорлор кызмат орду менен алмашышты. Темирлан Сманбеков бул тууралуу мындай дейт:

– Которуу биринчиден, менин ден соолугума байланыштуу болду. Анткени Нарында эки жарым жыл иштеп, кан басымым аябай жогорулап кетти. Тоолуу аймак болгону үчүн катуу ооруп калдым. Борборго дарыланганы келгенимде дарыгерлер “тоолуу аймакта иштегенге болбойт” деген маалымдама беришти. Аны алып келип Маданият, маалымат жана туризм министрлигине бергем. Ошол учурда Жаш көрүүчүлөр театрынын директорлугунда иштеп жаткан жигиттин келишими бүтүп калган экен. Анын ордуна мени чакырышты. Мурунку директор менин ордума дайындалды. Мен өмүрүмдү театр, искусствого арнап жүргөн адам болгондуктан бул театрда да жакшы иштерди жасайм деп ойлоп турам.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
loshad
2020-04-09 09:39:46
Бекер кетип калдыңыз борборго.
0
№ 906, 12-18-март, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан