АКТЁР НУРБЕК ЮЛДАШЕВ ТАРЫХЫЙ ТАСМАГА ТАРТЫЛУУДА

«Министрдин кызынын махабаты" тасмасы аркылуу таанылган, учурда вайнер катары ишмердүүлүгүн улантып келаткан актёр Нурбек Юлдашев тарыхый тасмага тартылып жатат. Жаңы ролу тууралуу ал төмөнкүлөрдү билдирди:

– Лейлекте Самат Садыков деген Советтер Союзунун баатыры болгон. Ал Ата Мекендик согушка барып, кайтпай калган экен. Быйыл 9-Май – Жеңиш күнүндө анын 100 жылдыгынын урматына тарыхый документалдуу тасма тартылууда. Ага Алим Токторов режиссёрлук кылып жатат. Мен Лейлекке барып, Самат Садыковдун аскерге чейинки эпизоддоруна тартылып келдим. Эми согуш маалындагы окуяларды Бишкектен тартабыз.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 906, 12-18-март, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан