КОРОНАВИРУСКА КАРШЫ "ДАРЫДАН” 36 АДАМ КАЗА БОЛДУ

Ирандын Авхаз шаарында 36 адам коронавируска каршы "дарыга” ууланып каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка таянсак, каза болгондор “арак коронавирустун алдын алат” деген имишке ишенип, жасалма ичимдик (самогон же метанол) ичишкен. Ахваз Жонди Шапур атындагы Илимий медициналык университеттин басма сөз катчысы, дарыгер Али Эхсанпурдун берген маалыматы боюнча, ушундай жагдайда ооруканаларга 300дөй адам кайрылып, учурда 270 адам дарыланууда. Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши ачылып, жасалма ичимдик саткан 7 адам камакка алынды.

Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 906, 12-18-март, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан