Венесуэланын 40 жаштагы тургуну Адам Кастильехо ВИЧтен толугу менен айыккан экинчи адам катары тарыхта сакталып калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка таянсак, Адам Кастильехо 2003-жылдан бери ВИЧтен жабыр тартса, 2011-жылы рак менен ооруп калган. Дарыгерлер 2016-жылы анын онкологиялык илдетин дарылоо үчүн донордун жардамы менен анын сөөк чучугун алмаштырышкан. Жыйынтыгында Кастильехо экинчи оорусунан, ВИЧтен да толугу менен айыкты. 30 айдын аралыгында оорунун белгилери байкалган эмес, вирус кандан жок болуп кеткен.
Белгилей кетсек, мындан 13 жыл мурун берлиндик Тимоти Рэй Браун да сөөк чучугун алмаштыруу менен ВИЧтен толугу менен айыккан.
Дамира Арстанова
koom@super.kg