Буга чейин парламенттик шайлоого баргысы келген 57 партия БШКга катталганын кабарлаган элек. Бирок кийинки баскычтан соң алардын саны 29га чейин кыскарды. Тактап айтканда, 31-августка чейин 120 талапкерден турган тизмесин БШКга өткөрүүгө 29 партия үлгүрдү. “Шайлоодо ат салышабыз” деп билек түрүп турган партиялар төмөнкүлөр:
Ошентип, БШК 10-сентябрга чейин талапкерлердин тизмесин текшерип чыгып, өзүнүн аныктамасын берет. Тизмедегилердин жарандыгын, соттолгон-соттолбогондугун тастыктап чыгат. Андан сырткары тизмелер гендердик, жаш жана улуттук өзгөчөлүк критерийлери боюнча каралып чыкмакчы.