YTO ТРАКТОРУ АЙЫЛДА ИШЕНИМДҮҮ ЖАРДАМЧЫ: МЕЗГИЛ МЕНЕН СЫНАЛГАН, ФЕРМЕРЛЕР ТАРАБЫНАН СУНУШТАЛГАН

2018-жылдан тартып “Аталык Групп” ЖАК ҮTO тракторлорун Кыргызстанга расмий түрдө жалгыз жеткирүүчү болуп саналат. Фермерлердин буйрутмаларын кынтыксыз аткаруу үчүн Аталык Агросервис кеңсеси уюштурулган. Ал жерден 40тан 220га чейинки ат күчүнө барабар кубаттуулуктагы тракторлор боюнча маалымат алууга, тетиктердин түп нускадагы үлгүлөрүнө буйрутма берүүгө, кызыктырган моделге тест-драйв жүргүзүүгө, тракторлорду лизингге сатып алуу, пайдалануу эрежелери, ошондой эле тракторду кепилдик берилген тейлөө менен сатып алуу боюнча консультация алууга болот.

2016-жылдан тартып Аталык Агросервис YTO тракторлорун сатып жатат жана тракторлорду сервистик тейлөөнү ишке ашырып келе жатат. 2018-жылдын декабрь айынан тартып Аталык Агросервис YTO Internatioanal LTD трактор заводунун Кыргызстандагы расмий эксклюзивдүү дилери болуп саналат.

Акыркы бир нече жылдар аралыгында тракторлордун кыргыз фермерлеринин арасында талабы өсүп жатат. 2019-жылы тракторлорду сатуу 2 эседен ашык өскөн.

"Аталык Групп" агро-өнөр жай холдинги 2017-2018-жылдардагы акыркы модификациядагы 10 бирдиктен ашык YTO тракторлорун пайдаланат. Пайдалануудагы топтолгон тажрыйба YTO айыл чарба машиналарынын артыкчылыктары жөнүндө төмөнкүдөй тыянак чыгарууга мүмкүндүк берет:

1. Трактордун реалдуу кубаттуулугу 904, 954, 1004, 1204, 1304 жана башкалар. Булар трактордун кыймылдаткычы берип жаткан иш жүзүндөгү 90, 95, 100, 120, 130 ат күчүнө барабар кубаттуулукту билдирет;

2. Пайдаланууга ыңгайлуу: руль механизми, кабина, кондиционер буйрутма ээсинин каалоосу боюнча чогултулат;

3. Оптималдуу баа менен катар жогорку сапат, YTO тракторлорунун ишенимдүүлүгү Кыргызстандын фермерлери тарабынан тастыкталып келет;

4. “Евро-2” стандартындагы кыймылдаткычы бар тракторлор күйүүчү майдын сапатынан көз каранды эмес, жөнөкөй форсункалары бар ж.б.;

5. Тейлөөнүн жана оңдоонун жөнөкөйлүгү.

Тракторлордун ар түрдүүлүгү аларды бакчада жана жашылча өстүрүүдө; канаттууларды жана мал багууда; дан жана башка техникалык өсүмдүктөрдү өстүрүүдө алмаштыргыс жардамчы. Анын жардамы менен жер айдоого, тырмоого жана топуракты культивациялоого, бакча жана айдоо жерлерин иштетүүгө, көп жылдык тоютту даярдоого, түшүм чогултууга жана ташууга, жем чачууга жана калдыктарды ташып чыгарууга болот. Бир сөз менен айтканда, 40тан 220га чейинки ат күчүнө барабар болгон кубаттуулуктагы тракторлор – жер иштетүүчүлөргө жана мал өстүрүүчүлөргө универсалдуу жана ишенимдүү жардамчылар.

YTO тракторлору – технологиялар чөйрөсүндө эл аралык кооперациянын мисалы, анткени электр кыймылдаткычтарынын күчү “PERKINS” (Англия) технологиясы боюнча мол кубаттуулуктун запасы менен даярдалат. Жогорку сүйрөгүч кубаттуулугу, оор жүк көтөрүмдүүлүгү мыкты жана ысып кетүүгө туруктуу, күйүүчү майды башка тракторлорго караганда 25 пайызга аз сарптайт. Ишенимдүү жана бекем FIAT (Италия) трансмиссиясы оор жүк жүктөө жөндөмдүүлүгүнө ээ. Узакка жарамдуу LUK (Германия) чиркегичи бар. Алдыңкы мосттун тиби аз сандагы подшипниктердин жана тиштүү дөңгөлөктөрдүн эсебинен бекем конструкцияга ээ. Алдыңкы жана арткы дөңгөлөктөрдү жөнгө салуучу колеясы бар. Нымдашып турган сцеплениенин дисктүү тормозу эффективдүү жана коопсуз токтоону камсыз кылат. Толук гидравликалык башкаруу системи бар.

2020-жылдын январынан тартып Аталык фермерлердин чөйрөсүндө таанымал болгон 95 ат күчүнө барабар кубаттуулуктагы жаңы, өтө эргономикалуу модификациядагы жакшыртылган ачылма капкагы, отургучтары жана жарык бергичтери бар, кубаттуу LX-954 тракторун жана 130дан 220га чейинки ат күчүнө барабар кубаттуулуктагы жакшыртылган кабинасы бар үрөн сепкичти, чөп чапкычты, кызылча жыйнагыч комбайнды (майдын үзгүлтүксүз агымы бар гидрочыгышы, арткы илмекти электрондук башкаруусу ж.б. бар) кошо алганда европалык өндүрүштөгү чиркегич агрегаттары менен иштөө мүмкүнчүлүгүндөгү X-2304 тракторлорун жеткирип турат. YTO тракторлору үчүн түп нускадагы тетиктерди жеткирүүгө, кыймылдаткычтарды жана бүтүндөй тракторду капиталдык оңдоодон өткөрүүгө буйрутмаларды кабыл алат.

Аталык Агросервис кыргыз фермерлерине Кытай Эл Республикасынан чыгарылган кымбат эмес жана ыңгайлуу YTO тракторлорун сунуш кылат.

Техниканын “Айыл Банк” аркылуу (КР УБ лицензиясы №048) 7 жылга чейинки мөөнөткө, жылдык минималдуу 6 пайыздык чен менен жана трактордун наркынан минималдуу 10 пайыздык баштапкы алым менен тракторду лизингге сатып алуу кошумча өзгөчөлүгү бар. Лизингдин шарттары – тракторду айына болгону 11 176 сомдон баштап бөлүп төлөө менен сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар.

YTO тракторун пайдалануунун топтолгон тажрыйбасы жана анын сервиси биздин компанияга фермердин муктаждыгын жакшы түшүнүүгө, машинанын оптималдуу вариантын ага сунуштоого, тракторду пайдалануу боюнча консультация берүүгө, темир атты тейлөөнүн кепилдик берилген же кепилдиктен кийинки тейлөөсүн жүргүзүүгө жардам берет. Трактор башка механизм сыяктуу эле туура пайдаланууну жана үзгүлтүксүз техникалык тейлөөнү талап кылат. Сиздин жардамчы сизге көпкө кызмат кылышы жана өтө жооптуу учурда көйгөй жаратпашы үчүн "Аталык" төмөнкүнү сунуш кылат:

Милдеттүү түрдө ТО 1 жана ТО 2 өткөрүү;

Тракторду күн сайын кароо, радиаторду, аба чыпкасын үйлөтүү/тазалоо;

Радиаторго суу куйбай, антифриз гана куюу (маркасы Сервистик китепчеде көрсөтүлгөн);

Иштелип чыккандан кийин Сервистик китепчеде көрсөтүлгөн гана майды колдонуу.

Кубанычбек Салиев, Ош облусу, Алай району:

– Мен “Айыл банк” аркылуу 3-жолу ҮТО тракторун лизингге алып жатам. Себеби сапаты жакшы, күйүүчү майды аз сарптайт, тетиктери жетиштүү. Мурда да 2 ҮТО тракторун айдагам. Тажрыйбам 10 жыл, өзүм оңдотконду билем. Досторумдун көпчүлүгү ҮТО тракторлорун айдашат. Фермерлерге да бул тракторду сунуштайм.

Эркин Кубатов, Чүй облусу, Кара-Дөө айылы:

– 10 жылдан бери трактор айдайм. Кызылча, жүгөрү, буудай, арпа, беде себебиз. Башында Т40, МТЗ, азыр болсо ҮТО тракторун айдап жүрөбүз. ҮТОнун сапаты жакшы экен, 8 айдан бери айдап келе жатам, бир да жолу бузула элек.

Бир ай ичинде "Айыл банк" аркылуу 7 жылга лизингге алгам. Буюрса, дагы бир ҮТО тракторун алам. Анткени сапаты мыкты, бузулбайт, тейлөөсү да жакты.

Ильхам Мусульманов, Чүй облусу, Партизан айылы:

– 15 жылдан бери айыл чарбасында иштейм. Кызылча, жүгөрү, дарбыз эгебиз. Мурун Беларусь тракторун айдачумун, бирок кийин ҮТО-904 тракторуна өттүм. Бул трактордун артыкчылыгы – дөңгөлөктөрүнүн көлөмүн өзгөртсө болот, кууш дөңгөлөктөрү бар, 45, 60, 70ке түшөт, каалагандай абалга жылдырып алса болот. Мотору жакшы, ыңгайлуу, ошондуктан тракторду иштетип жатканда көп чарчабайсың.

ҮТО-904 тракторун “Айыл банк” аркылуу 7 жылга алгам. Ушул тракторду фермерлерге да сунуштайм, кууш дөңгөлөктөрү барын алышсын. Буюрса, жакында ҮТО-1204 тракторун алам. Аталык компаниясына ушул трактор үчүн ыраазымын.

Тракторду 7 жылга чейинки мөөнөт менен лизингге сатып алуу үчүн 5 жөнөкөй кадам:

1. Трактордун кубаттуулугун, анын мүнөздөмөсүн (кабинанын, кондиционердин ж.б. болушу) аныктоо. Биз сиздин райондо бул техниканы колдонуп жаткан фермерлер менен кеңешүүнү сунуш кылабыз. Ошондой эле трактордун оор жүккө туруштук берүү кубаттуулугуна орточо 80 пайыздан ашырбай күч келтирип колдонууну сунуштайбыз. Мында техника көпкө кызмат кылат. Мисалы, эгер сизге жаңы трактордун орточо 90-95 ат күчүнө барабар оордук жүгү зарыл болсо, анда кубаттуулугу 120 ат күчүнө барабар болгон трактор алган жакшы;

2. Аталык Агросервиске телефон чалып өз маалыматыңарды, трактордун тандап алган маркасын маалымдоо, техниканын сатыкта бар экенин жана учурдагы баасын билүү;

3. “Айыл Банктын” жакынкы бөлүмүнө кайрылуу: трактор сатып алууга арыз берүү, талап кылынган документтерди тапшыруу. Банктын бөлүмдөрүнүн тизмесин бул сайттан

www.ab.kg же 0(312/556) 68 00 00 телефону боюнча тактоого болот;

4. Аталык менеджерине документтерди тапшыруунун аякташы, Банкта насыяны карап чыгуунун/жактыруунун мөөнөттөрү жөнүндө маалымат берүү, тракторду ээлеп коюу;

5. “Айыл Банктын” лизингге макулдугун берүүсү боюнча Аталык Агросервиске барып, кепилдик берилген тейлөөгө документтерди тариздеп, өзүңүздүн тракторду карап чыгып, аны кабыл алуу.

Тракторлорду, түп нускадагы тетиктерди жана кошумча жабдыктарды Кыргызстандын Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында сатып алуу маселелери боюнча 0 551 422 322, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 0 551 999 617 же 0770 828 220 телефондоруна чалсаңыздар болот.

Тракторду жана кошумча жабдыктарды тандоону, мүнөздөмөлөрү жана анын баалары менен таанышууну бул сайтта жүргүзүүгө болот www.atalyk.kg

0 (312/557/704/776) 91 99 99

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 906, 12-18-март, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан