МААНАЙ ЖОКТО МАЙМАҢДА

Эч себепсиз эле маанай түшүп, өзүңдөн-өзүң бук болуп, ыйлагың келген учурлар болобу? Кыздар го себеби жок эле көз жашы кылып жеңилдеп алат. Мырзаларга бул учур оор болсо керек. Эмнеси болсо да маанай жокто чайнап алчу бир нече азыктарды сунуштайлы.

Банан – өз курамына А, В6 жана С витаминдери менен катар клетчатка, темир, калий, фосфорду камтыйт. Эң негизгиси, банан серотониндин (бакыт гормондору) иштелип чыгышына жардам берген углеводго бай. Серотонин гормону депрессия, кыжалат кылган абалды жөнгө салып, маанай көтөрөт, уйкунун тынч болушун камсыздайт.


Кара шоколад – бул азык дагы серотониндин иштелип чыгуусуна жардам берет. Бөтөнчө жаңгак түрлөрү менен кошуп жегенде таасири көбүрөөк. Окумуштуулар 30 адамга 2 апта бою 40 граммдан кара шоколад берип эксперимент кылып көрүшкөн. Аларда стресске алып келүүчү гормондор аз иштелип чыгып, тынчы кеткен абалдан оңой чыгып кетишкен.

Шпинат, брокколи – B3, B6, B9, B12 витаминдерине бай. Бул витаминдер дайым маанайы пас жүргөн, бир нерсеге кыжалат болуп жүргөн адамдардын көңүлүн көтөрөт.

Чечевица – бул дагы серотонин гормонунун көп иштелип чыгышын камсыздайт. Мындан тышкары бул азык кандагы канттын деңгээлин жөнгө салып, курамындагы фолий кычкылы депрессиялык абалдан чыгууга жардам берет.

Сулу, дан азыктарынан даярдалган ботколор да организмге керектүү витаминдерден тургандыктан, алаксыганча ашканага кирип ботко жасап ичиңиз. Эртең мененки тамакка дан азыктарынан ботко даярдап жегендин бирден бир себеби – күн ийгиликтүү, жакшы маанайда башталсын деген максатта экенин эми түшүндүңүзбү?

#Үкүбай #Үкүжан #СуперҮкү #Үкүбрат

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
gitaris93
2020-03-19 19:21:55
Маанай доктор мотуевти көр десеңер
0
№ 906, 12-18-март, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан