КОРОНАВИРУС. АЛДЫН АЛУУ ЖАНА САКТАНУУ ЫКМАЛАРЫ

2020-жылдын 18-мартында Кыргызстанда Жалал-Абад облусунда 3 адамдын коронавируска кабылганы маалым болду. Үчөө тең Сауд Арабиясынан, Умра сапарынан келгендер. Абал өтө кооптуу болгондуктан ар ким өзүн жана үйүндөгүлөрүн вирустан сактоо үчүн андан коргонуу жолдорун билүү жана эрежелерди так аткаруусу зарыл.

18-мартка карата дүйнөлүк статистикага көңүл бурсак, дүйнө боюнча коронавируска кабылгандардын саны 174 330 адамды, каза тапкандардын саны 7085, айыккандардын саны 79 000 адамды түздү.

КОРОНАВИРУС ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ

Кантип жугат?

Аба аркылуу (ооруган адам жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, сүйлөгөндө вирусту абага бөлүп чыгарат), чаң жана кол алышуу аркылуу.

Эмнелер аркылуу кирет?

Ооз, мурун, көз аркылуу

Кайда канча убакыт жашай алат?

Вирус 26-27 градустагы ысыкта өлөт. Абада 30 мүнөт, металлдын үстүнө түшкөндө 12 саат, матанын бетинде 6-12 саат, колдо 10 мүнөткө чейин жашай алат.

Канча аралыкка таркайт?

Ооруган адамдан 3 метр аралыкка чейин таркай алат. Бирок 4,5 метрге чейин таркайт деген маалыматтар бар.

Оорунун жалпы белгилери

  • Кургак жөтөл
  • Мурундун кургак бүтүүсү
  • Дене табынын көтөрүлүүсү
  • Фарингит (тамактын оорутуусу, алкым бездин чоңоюушу)
  • Ичтин өтүшү
  • Дем алуунун кыйындашы
  • Пневмония

Инкубациялык мезгил

Жуккандан кийин 2-14 күн. Бирок адамдан адамга оору белгилери билине электе эле жугат.

Масканы туура тагынуу

  • Масканын өңү ачык жагын сыртка каратып тагынуу керек.
  • Масканын баш жагында ичке металл өткөзүлгөн болот. Ошол жагы өйдө жакка каратылып кийилет. Масканы кийгенде металлды ийип, мурундун формасына келтириңиз. Масканын төмөн жагын ылдый тартыңыз. Анткени ал оозду, ээкти жабышы керек. Ушинтип бетке тыгыз кийгенде гана масканын ар жагынан абанын, аны менен кошо вирустун кирип кетишинен сактанасыз.
  • Масканы ар бир 2-3 саатта алмаштырыңыз (жаңысын тагыныңыз , эгер даки маска болсо жууп-үтүктөп тагыныңыз) . Чечкенде анын боосунан гана кармап чечип, оозу жабык контейнерге таштап, колду самындап жуу керек. Маска кийип жүргөндө кол менен аны кармалабоо кажет.
  • Кимдин үйүндө коронавируска шектүү адам болсо, масканы үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары тагынуусу керек.

    Коомдук жайда жана унаада
  • Вирус жукпашы үчүн бирөөлөр менен өбүшпөө, кол алышып учурашпоо керек. Саламдашуу үчүн кол булгалоо, баш ийкешүү жетиштүү.
  • Колду бат-баттан самындап жууп туруу же курамында спирт бар антисептикалык каражаттар менен тазалап туруу. Анткени колго жуккан вирус мындай тазалоодон өлөт. Колду жууганга мүмкүнчүлүк жок болсо, антисептик да болбосо, анда колду спирт, арак менен тазалоого болот.
  • Мурунду оксолин дары майы менен майлоо (бирок айрым окумуштуулар оксолиндин жардам бербестигин айтышат).
  • Маска тагынуу, респиратор кийүү. Респиратор вирустун мурун аркылуу кирип кетүүсүнөн мыкты коргойт.
  • Зарыл иш болбосо көчөгө чыкпоо. Коомдук унаага эпидемия учурунда түшпөөгө аракеттенүү.
  • Эл көп чогулган жерге барбоо.
  • Коомдук жайда эч нерсени кармалабоо, жөлөнбөө (дубал, отургуч жана башка).
  • Жаныбар жана канаттууларга жолобоо, кармалабоо.
  • Коронавирус жуктуруп алуу коркунучу бар өлкөлөргө барбай туруу.
  • Унаадагы кармагычты кармаган соң вирус жукпашы үчүн кол менен бетти, оозду, мурунду кармалабоо. Эпидемия учурунда кармагычтар вирустардын топтошкон жайына айланат.
  • Коронавирус катталган учурда коомдук транспортту пайдалануудан жана адамдар көп барган жерден качуу, сапарга чыкпоо.
  • Коомдук унаада зарыл болбосо чөнтөк телефонду алып чыкпоо, сүйлөшпөө. Ага жуккан вирусту сиз өзүңүзгө жуктуруп аласыз. Эгер телефонду колдонгон болсоңуз, нымдуу салфетка менен дароо аарчууну унутпаңыз!
  • Коомдук жайда жөтөлгөн, чүчкүргөн, дене табы көтөрүлгөн адамдан минимум 1 метр ары жүрүү.
  • Чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө ооз, мурунду кагаз салфетка же нымдуу салфетка менен жабуу. Чүчкүргөн соң аларды таштанды чакага ыргытуу.
  • Же чыканакты бүгүп, бүгүлгөн жерге чүчкүрүү, жөтөлүү.
  • Резина кол капты кийгенде аны менен кол, мурун, оозду кармалабоо. Бирок кол каптан көрө аны кийбей, колду бат-баттан самындап жууган жакшы.
  • Жумушка барган соң колду антисептик менен тазалап, анан масканы жибинен кармап чечип, оозу жабык контейнерге таштап, колду самындап жуу керек. Көтөрүп барган сумка, папка жана башка нерсенин сыртын нымдуу салфетка менен аарчып-тазалоо.
  • Дааратканага баргандан кийин, тамак ичерде колду самындап жуу. Муну балдарга да үйрөтүү керек.
  • Ысык сууну ар бир 15 мүнөттө ичүү.
  • Япондук врачтар ооз жана тамак кургак эмес, нымдуу болушу, ар бир 15 мүнөт сайын бир нече ууртам ысык суу ичип туруу керектигин айтышат. Эгер вирус оозго түшсө, суу аны ашказанга кетирет, ашказан кычкылы аны өлтүрөт. Эгер сууну дамамат ичип турбасаңыз, вирус дем алуу жолдоруна, анын ичинде өпкөгө өтүп кетет.
  • Иштеген адамдар түшкү тамактануу убактысынын жарымын тамактанууга, жарымын эл жок же аз, күн жакшы тийген жерде сейилдөөгө жумшоо сунушталат. Кийимде же денеде вирус болсо, күн нурунан өлөт жана күн нурунан В витамини пайда болуп, иммунитеттин көтөрүңкү болуп кармалып турушуна таасир этет.
  • Кеңседе колдонгон буюмдарды дезинфекциялоочу каражаттар менен дайыма сүртүп туруу.

Көчөдөн же иштен келер менен...

- Сырткы жана баш кийимди кагып, күнгө жаюу же шамал тийген жерге жаюу. Күн нуру вирусту өлтүрөт.

- Бут кийимди чечкен соң алгач колду билекке чейин 2-3 сыйра самындап жуу. Анан бетти самындап жуу. Мурун жана ооз ичине суу жүгүртүп жуу.

- Дененин ачык жерлерин, кулак, моюнду да самындап жуу же арак же спирт шыбап, дезинфекциялоо.

- Көтөргөн сумкаңыздын сыртын жууп, тазалоо же нымдуу салфетка менен аарчуу.

- Кийип келген шым, юбка, көйнөк, свитерди үтүктөө эң жакшы нерсе. Үтүктөөдө аларга жабышкан вирус болсо өлөт, эртеңкиге да кийим даяр. Анан колду кайра самындап жуу. Кийимде вирус болсо, кайра колго жугушу мүмкүн.

  • Бөлмөлөрдү желдетип, нымдуу чүпүрөк менен 3-4 маал сүртүп, арчалап туруу.
  • Идиштерди колдонгон соң кайнак суу менен жууп, жакшылап чайкоо.
  • Ооздогу вирус балдарга жукпашы үчүн балдарга тамакты чайнап жана өзүңүз жеп жаткан кашык менен бербөө. Бул өлкөдө жайылып жаткан гепатит оорусунун жугуусунан да сактайт.
  • Жуулбаган жашылча-жемишти жебөө.
  • Тамак-ашты кайнатып жеп-ичүү.
  • Балдарды башка балдарга, коңшулардын балдарына да кошуп ойнотпоо.
  • Вирус жукканын өз алдынча текшерүү.
  • Тайвандык эксперттин айтуусуна караганда, адам өзүнө вирус жуккан же жукпаганын өз алдынча текшерип биле алат. Терең дем алып, демди чыгарбай, 10 секунд туруңуз. Эгер бул аралыкта жөтөлбөсөңүз, аба жетпегендей болуп кыйналбасаңыз, анда өпкөңүздө фиброз жок. Демек, инфекция жок.
  • Жөтөл, температура, мурун бүтүү болсо, тамак ооруса үйдө калыңыз, башкаларга жугузбоо үчүн жумушка барбаңыз. “Тез жардам” чакырыңыз.

Оорудан өзгөчө кимдер сактанышы зарыл?

Дем алуу жолдорунун оорусу барлар (астма, өнөкөт бронхит), иммунитети алсыздар, жаңы операция болгондор, оорудан жаңы айыгып жаткандар.

Жүрөк-кан тамыр жана кант диабети оорусу барлар.

Андыктан зарыл иш болбосо көчөгө чыкпай, үйдө отуруу зарыл. Оору жукса, оорунун оор өтүшү күтүлөт. Каза болуп калуу коркунучу чоң.

Ооруга чалдыкпоо үчүн иммунитетти көтөрүү керек. Тамактануу рационуна сүт азыктары, прополис (аары желими), бал, ашкабак, цитрус, өрүк как, мейиз, курма, грек жаңгагы, эт, балык, буурчак, гречка, каймак май, жумуртка, карагат кыямы, петрушка, ит мурун компоту кошулушу керек.

Организмде вирустарга каршы күрөшүүчү күчү бар интерферондун иштелип чыгышына балдар йогурту менен айран таасир этет. Андыктан эртең менен жана кечинде айран, йогурт ичүү туура.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Абдылда Иманкулов жана Назира Айтбекова коронавирустун алдын алуу чараларын айтышты
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
loshad
2020-04-09 09:40:58
Коронавируска бири ишенсе бири ишенбей, анан эл өкүлдөрү дүрбөлөңгө салышып Кыргызстан коронавирус экенин кайдан билет деп жатышса, эл эки анжы болуп калды
0
№ 907, 19-25-март, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан