«EXO’нун» эркеси, тентеги Бён Бэк Хён

Популярдуу «Алоолонгон жүрөктөр: Корё» сериалын сиз да көрдүңүз беле? Дорамада Хэ Судан (IU) токмок жеген эрке ханзаада Ван Ын эсиңиздеби? Дал ошол ханзааданын ролун аткарган Бён Бэк Хён жашоодо да шок мүнөзгө ээ адам. Түштүк Кореянын дагы бир жарык жылдызы, тентеги, «EXO» тобунун ырчысы Бён Бэк Хёндун көшөгө артындагы жашоосуна кызыгып көрдүк.

Толук аты-жөнү – Бён Бэк Хён

Туулган жылы – 1992-жыл, 6-май

Туулган жери – Түштүк Корея, Пучхон шаары

Үй-бүлөдө – агасы бар

Бою – 174 сантиметр

Кесиби – ырчы, актёр, фотомодель

КҮТТҮРГӨН БӨБӨК...

Жаз мезгилинин 6-май күнү Кёнгидо провинциясынын Пучхон шаарында жашаган 7 жаштагы Бён Бэк Бом атасын шаштырып жетелеп баратты. Экөө ээрчишип алып апасы жаткан төрөтканага бара жатышат. Бул күндү ал канча күттү?.. Апасы «сенин бөбөгүң болот, сен аны багасың, камкор ага болушуң керек» деген күндөн бери бөбөгүн күтүп жүрбөдүбү. Мына, бүгүн иниси жарыкка келди. Эми ал чоңойду, эми ал Бён Бэк Хён деген бөбөктүн агасы. Чынында эле келечектин жылдызына камкор ага туш келди. Агасынын камкордугу менен Бэк Хён азыр да өзүн жаш бала сезерин, эң ишенимдүү адамы агасы экенин айтат.

МУЗЫКА

Ашып-ташкан энергиясын Бэк Хён өзү байкабаса да 3 тармакка бөлгөн. Биринчиси – музыка. Атактуу ырчы, актёр Рейндин чыгармачылыгына таасирленген 11 жаштагы өспүрүм «Honsusangtae» аттуу музыкалык топ түзүп, анын лидери болот. Топ бир катар музыкалык сынактарда байге алууга да жетишкен. Ыр менен кошо музыкалык аспаптарда ойноону чечкен Бэк Хён Кореядагы «DickPunks» рок-тобунун музыканты Ким Хён Удан пианино боюнча сабак алып баштайт. Ким Хён У кийин «мындай окуучудан эч нерсе чыкпайт деп ойлочумун, бирок ал жылдыз болду» деп маек
берген.

БИЙ

Музыкантка ырдап, аспаптарда ойноп коюу жетишсиз экенин сезген Бэк Хён атайын хореографтардан сабак албаса да, интернеттен, көчөдө бийлеген бийчилерден бий кыймылдарын үйрөнө берген. Бул «көчө стилиндеги бийге» «EXO’нун» жигиттери да кызыгып, айрым учурда андан атайын бийлеп берүүсүн суранышат.

Бэк Хёндун энергиясы бөлүнгөн дагы бир тармак – бул хапкидо (айкидонун бир түрү) уруш өнөрү. Жасап жаткан ишин майын чыгара аткарган жигит хапкидо боюнча кара курдун ээси.

«EXO»

Мектеп жашынан эле талантын ача билген Бэк Хён Сеул искусство институтуна тапшырып жаткан маалда экзамен алып отурган адамдардын бири айтылуу «S.M. Entertainment» агенттигинин өкүлү болот. Бир катар сынактардан ийгиликтүү өткөн жаш жигит 2011-жылы агенттикке кабыл алынып, профессионалдык сахнага алгачкы кадамын жасаган. 1 жыл стажировкада жүргөндөн кийин «EXO» тобунун курамына кабыл алынат. Ошол эле жылы «EXO» дебют жасаган. Учурда дүйнөлүк популярдуулукка жеткен топтун алган сыйлыктарынын саны жүздөп саналат. Азыркы күндө топтун курамындагы Сюмин менен D.O. аскердик кызматын өтөп жүрүшсө, калган мемберлер жеке ырчылык карьерасын түптөө менен алек.

АКТЁР

Көпчүлүк 2014-жылы Бэк Хёндун дагы бир талантына, башкача айтканда, театр сахнасындагы актёрлугуна күбө боло алышты. «Жамгыр алдында бийлегендер» мюзиклинде баш каарманды ойногон Бэк Хёнду көрөрмандар жылуу кабыл алып, актёрдук карьера түптөсө да болорун айтышкан. Анан ушундай таланттуу ырчы кантип дорамаларга тартылбай калсын? Бек Хёнду сиз «Сендей сонун адам үчүн», «Кошунабыз – «EXO», «Алоолонгон жүрөктөр: Корё» сериалдарынан көрө аласыз.

«ЭҢ МЫКТЫ ЫРЧЫ»

2015-жылдан бери Бэк Хён жеке ырчы катары да өз күчүн сынап келет. Анын атактуу ырчы, актриса Сюзи менен аткарган «Dream» дуэти бир канча ай музыкалык чарттардын сап башынан түшпөй, «Мыкты дуэт» номинациясында жеңишке жетишкен. Ырчы K.Will менен биргеликте аткарган «The Day» балладасы да жогору бааланып, 2016-жылы Бэк Хён «Түштүк Кореядагы эң атактуу ырчы» наамына татыйт. 2019-жылдын 10-июлунда жеке ырчы катары дебюттук «City Lights» аталышындагы музыкалык альбомун элге тартуулады. «MAMA-2019» сыйлык тапшыруу аземинде «Эң мыкты ырчы» наамы Бэк Хёндун текчесинен орун алды. Учурда ал АКШнын рыногуна ылайыкташып түзүлгөн «SuperM» k-pop тобунун курамында да эмгектенип жаткан чагы.

БЭК ХЁН ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА

  • «EXO» тобунун маанай жаратуучу, шаңдуу адамы – Бэк Хён.
  • 2014-жылы Бэк Хёндун күйөрмандары анын туулган күнүнүн урматына 100 чарчы метр аянтка бак отургузушуп, ал бакты кумирине белек катары беришкен.
  • «Girls Generation» тобундагы Тэён менен кыз-жигит мамиледе болгон.
  • Боевик, экшн, фантастика жанрындагы тасмаларды жактырат. Баалаган актёру – Жеки Чан.


Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 907, 19-25-март, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан