МАЛИНА МОЛ ТҮШҮМ БЕРҮҮЧҮ СОРТТОРУ

Малина (дан куурай) көп жылдык бадал түркүмүндөгү, көлөкөнү көп жактырбаган, жарыкты сүйгөн өсүмдүк. Ден соолукка өтө пайдалуу бул мөмөлүү өсүмдүктү эгип, тамак-ашка колдонууга жана сатып акча кылууга болот. Мекенибизде көп таралган жана жаңы келип жаткан ремонтанттык, башкача айтканда, бир нече жолу түшүм берүүчү сорттору тууралуу маалымат беребиз.

КЕҢИРИ ТАРАЛГАНДАРЫ

Полька

Чыгарылган өлкөсү – Польша

Сорту – орточо бышуучу. Июлдун этегинен тартып октябрга чейин түшүм берет. Сабактары түбүнөн тартып чокусуна чейин мөмө байлайт. Мөмөсү өтө ширелүү эмес, кургагыраак. Жердин семиз болушун көбүрөөк талап кылат

Боюнун бийиктиги – 1-1,5 метр

Мөмөсүнүн салмагы – 3-5 грамм

Түшүмү – сезондо 1 түптөн 3-3,5 килограмм

Сакталуу мөөнөтү – муздаткычта 1 апта бузулбай тура берет. Кышкыга сактаса жакшы.

Ташууда – көп бузулбайт

Ооруларга жана зыянкечтерге туруштук берүүсү – тамыры рак, чирик жана башка бир топ ооруларга жакын келет

Бабье лето

Чыгарылган өлкөсү – Орусия

Сорту – орточо эрте бышуучу. Июндун этегинен тартып октябрга чейин түшүм берет. Мөмөсүнүн ширеси азыраак. Түбүнөн көп балалайт. Андыктан убак-убагы менен жаңы чыккандарынын ашыкчаларын жок кылып туруу керек. Күндүн көп ысыгын жактырбайт. Биринчи теримдегисинин даамы супсагыраак келет

Боюнун бийиктиги – 1-1,2 метр

Мөмөсүнүн салмагы – 2-4 грамм

Түшүмү – сезондо 1 түптөн 1-1,5 килограмм

Сакталуу мөөнөтү – муздаткычта 3 суткага чейин

Ташууда – көп бузулбайт

Ооруларга жана зыянкечтерге туруштук берүүсү – ачык кызгылтым так оорусуна жана жебелүү кене зыянкечине жакын келет

ЖАҢЫ ТАРАП ЖАТКАНДАРЫ

Шапка мономаха

Чыгарылган өлкөсү – Орусия

Сорту – орточо бышуучу. Июлдан тартып үшүк жүргөнгө чейин быша берет. Июлдун жана августтун башында берген түшүмү мол, калган убактагысы орточо болот. Ным көп болгон учурда даамы супсак тартып кетет.

Боюнун бийиктиги – 1,5 метр

Мөмөсүнүн салмагы – 5-7 грамм

Түшүмү – сезондо 1 түптөн 4-6 килограмм

Сакталуу мөөнөтү – Муздаткычта 8-10 саатка чейин. Өңү кочкул кызыл тартып кетет

Ташууда – батыраак бузулат

Ооруларга жана зыянкечтерге туруштук берүүсү – вирустуу хлороз, сары мозаика, жалбырагынын карарып, четинин түйрүлүп кетүү оорусуна жакын келет

Ляшка (лячка)

Чыгарылган өлкөсү – Польша

Сорту – эрте бышуучу. Июндан тартып үшүк жүргөнгө чейин быша берет

Боюнун бийиктиги – 2-3 метр

Мөмөсүнүн салмагы – 6-7 грамм

Түшүмү – сезондо 1 түптөн 5-7 килограмм

Сакталуу мөөнөтү – муздаткычта 1-2 суткага чейин

Ташууда – көп бузулбайт

Ооруларга жана зыянкечтерге туруштук берүүсү – малинанын вирустуу жана грибоктуу ооруларына, зыянкечтерге туруктуулугу жогору

ГЕРАКЛ

Чыгарылган өлкөсү – Орусия

Сорту – орто бышуучу. Июндун аягынан тартып кеч күзгө чейин түшүм берет. Өтө ысыкта жана ным жетишпегенде формасын өзгөртүп, майдаланат. Жамгырлуу аба ырайында даамы кычкыл тартып кетет

Боюнун бийиктиги – 1,5-2 метр

Мөмөсүнүн салмагы – 5-7 грамм

Түшүмү – сезондо 1 түптөн 3-3,5 килограмм

Сакталуу мөөнөтү – муздаткычта 2 суткага чейин

Ташууда – көп бузулбайт

Ооруларга жана зыянкечтерге туруштук берүүсү – малинанын кээ бир вирустуу жана грибоктуу ооруларына туруктуулугу аз

ОТУРГУЗУУ МӨӨНӨТҮ

- Малинаны күздө жана жазда отургузууга болот. Отургузуу мөөнөтү Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында – марттан тарта.

Чүй, Талас облустарында – марттын соңу, апрелдин башы.

Ысык-Көл, Нарын облустарында – апрелден тарта.

- Жарык жакшы тийген, нымдуулук жетиштүү болгон, борпоң топурактуу жер тилкесине отургузуу керек.

- Ашыкча нымдуулук чиритип жиберет. Андыктан 1-1,5 метр тереңдиктен суу чыккан жерге тигүүгө болбойт.

- Түп кылып отургузууда көчөттөрдүн аралыгы 0,5-0,7 метр, ал эми удаа кеткен катардын ортосу 1,5-2 метр болууга тийиш.

«12 СОТЫХ ЖЕРДЕН 190 МИҢ СОМ КИРЕШЕ ТҮШӨТ»

Шайырбек Исаков, Баткен облусунун Кадамжай районунун Кара-Кечүү айылынын тургуну:

– Мен өзүм малинанын жергиликүү сортун 12 сотыхка эгип, түшүмүн сатам. Күз жылуу болуп узакка созулса, малинаны үшүк жүргөнчө 8-10 ирет терип алабыз. Ар терим бүткөн соң сугарылат. Суу бизде бекер. Жазында бир ирет отолуп, суюлтулат, түбүнөн жаңы чыккандарынын ашыкчалары жок кылынат.

Малинанын бойлору өсүп кеткенде жерге жыгылып калбашы үчүн горизонталдуу түрдө 3 катар зым тартып, ошолорго асып коёбуз. Эң көп түшүм экинчи жана үчүнчү теримде болот. 500-600 килограммдай алабыз. Калган теримдерде болжол менен 270-300 килограммдай түшүм жыйналат. Теримде үй-бүлөбүз менен жыйнап, акчага жумушчуларды жалдабайбыз.

Жаңы отургузулган көчөттөргө биринчи жылы кык бербейбиз. 2-жылдан баштап ар түпкө 1 килограммдай кык салынат. Кык өзүбүздүн короодон чыгат. Айрымдар кык ордуна мочевинаны жана отоо чөптөргө каршы дарыларды колдонушат. Мен аларды колдонбойм.

Малинаны ортомчулар сатып алып, аны Бишкекке башка жактарга алып кетип өткөзүшөт. Баасы килограммы 50 сомдон башталып, малина азайганда 100 сомго чыгат .

Чыгаша:

Көчөткө (жаңы сатып алсаң 12 сотыхка 340 көчөт кетет, 1 көчөт 7 сом) – 2380 сом

Жерди айдатып, малалатуу жана тырматууга – 600 сом

Кыкка (1 портер машина) – 4000 сом

Зымдарга кеткен акча – 450 сом

Киреше:

Орточо эсеп менен 2 ирет 550 килограммдан түшүм алынса, 550x2 = 1100 килограмм болот.

6 жолкуда болжол менен 280 килограмм түшүм алынды десек 1680 килограммды түзөт.

1100 +1680=2780 килограмм x 70 сом (орточо эсеп менен) = 194 600 сом
194 600-7430 = 187 170

Таза киреше: 187 170 сом

Материалды даярдоого салым кошкону үчүн Бишкектеги Энвер Гареев атындагы ботоникалык бактын мөмө-жемиш лабораториясынын башчысы Игорь Солдатовго ыраазычылык билдиребиз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
katerina.li
2020-03-23 10:33:26
Кай жерден сатып алса болот,бул малинанвн кочотторун
+3
suban78
2020-03-23 19:56:41
Эмнеге малина, жапжакшынакай эле кожагат же кожогат деген кыргызча аты барго.
0
Flowhive
2020-03-23 23:19:19
Жакшы көчөт аз чыгат,анан мынча киреше дегени шектүү, анткени Таджикистан менен Узбекистан да малинасын Кыргызстанга сатып кыргыз дыйкандары эптеп эле жашап калды
+1
milan-707
2020-03-24 02:28:25
Мен кадамжайдан болом малина кочот Бекер 7 сом деп кызытып бериптир
0
Kaninaiman
2020-03-26 11:57:40
milan-707,Бекер сатылабы силерде
+1
leili1
2020-03-29 10:04:37
milan-707,номеринерди личкага жазып койгулачы кочот кк эле
0
loshad
2020-04-09 09:55:30
Коронавирус бүткүчө малинаны деле унутуп калдык го. Даже мынчалык түшүм бербегенине да жолукпай калабыз го. Ушул апааттан чыгып кетсек экен. Элди кыйнап ...
+2
№ 907, 19-25-март, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан