МЕНИН ТАТЫНАКАЙ БАЛА БАГУУЧУМ

Фильмдин идеясынын жаралышы

Америкалыктардын алты жыл бою тарткан (1993-1999-жж.) "Нэнни" аттуу сериалы аябай популярдуулукту жаратат. Ушундан улам гректер, түрктөр, аргентиналыктар, корейлер да ал сериалдын негизинде кино тарта башташат. "Нэнни" сериалына келсек, баш каарманы Фрэн – кедей еврей кызы. Ал Нью-Йорктун Квинс аттуу кедейлер кварталынан штаттын борборуна келет. Келип, бродвейлик бай продюсердин үйүнө бала багуучу болуп орношот. Продюсердин үч баласы болот. Мындан аркы окуя ошол үйдө өнүгүп отурат. Фильм продюсер менен бала багуучунун баш кошушу менен аяктайт.
Ошентип, түркүн улуттардын продюсерлеринин арты менен "Нэннинин" клондолгон варианттары ар өлкөдө пайда болот. Аларды туураган Россиянын "Амедия" кинокомпаниясынын кожоюну Александр Акопов "Нэннинин" вариантында "Менин татынакай бала багуучум" аттуу комедиялуу сериалын жаратты.

Фильмдин негизги мазмуну

Фильмдин башкы каарманы 30 жаштагы Виктория Прутковская Украинанын Мариуполь шаарында төрөлүп, балалык чагы ошол жакта өтөт. Ата-энеси кийин Москванын чет жакасына көчүп келишет. Ал жерде Вика өзүнүн жигити Антондун кийим сатуучу дүкөнүндө сатуучу болуп иштеп калат. Алар баш кошоор күнгө аз калганда Антон башка кыз менен жүрүп кетет да, дүкөнгө жаңы сүйгөнүн орноштуруу үчүн Виканы жумуштан чыгарууга аргасыз болот. Ишсиз калган Вика ар кандай жумуштарда иштеп калат. Бир күнү "тезинен бала багуучу керек" деген кулактандырууну таап, Шаталиндердин үйбүлө­сүнө туш келет. Бул бай, атактуу үйбүлөнүн өздөрүнө тиешелүү мыйзамдары алгач Вика үчүн жат көрүнсө да, алар менен бара-бара тил табышып, көнүшүп кетет.
Үйдүн кожоюну – белгилүү бай продюсер, үч баланын атасы Максим Шаталин. Ал аялы өлгөндөн кийин кайра үйлөнүүнү оюнан такыр чыгарып салган. Бирок, Виканын сулуулугу, балдарга болгон жылуу мамилеси, кам көрүүсү, шайырдыгы, тамашакөйлүгү сыяктуу жакшы сапаттары Максимди арбай баштайт. Виктория да Максимди жактырып калат. Кийинчерээк балдары атасына да, өздөрүнө да Викториядан башка эч кимдин кереги жок экендигин сезишип, бул жөнүндө атасына айтышат. Муну уккан Вика дагы каршы болбойт. Фильмдин акыры экөөнүн үйлөнүүсү менен аяктайт.

(Макаланын толук вариантын «Супер-Инфо» гезитинен окуңуздар).

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 184, 12-18 май, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан